Пример HTML-страницы

Зектин махабаты 25 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37076&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀 ЗЕКТИН МАХАБАТЫ

 

25-Болум

 

Толмоч бала :

-Нурлан, менден убагында күнөө кетип калды. Алдыңа түшөйүн деп келдим эле. Сен жөнүндө уктум. Менин досум Айбек сенин хлебашың. Ал менден өтүндү сенден кечирим сурап алдыңан өт деп. Мен өзүм деле ушуну ойлоп аткам. Нурлан алиги баланы жийиркене карап, кабагын түйүп:

-Эми эсиңе келдиңби? Абакта жатканда эле барып койбойт белең абалымды сурап. Сенин айыңдан бир жылдан ашык убактымды текке кетирдим. Айбек эстүү жана чыныгы жигит. Эгер Айбек айтпаганда сен мага келбейт да болчусуң. Бирок рахмат кеч болсо дагы күнөөңдү мойнуңа алып келгениңе деди. Толмоч баланын жанындагы узун кара бала :

-Нурлан, сен тура түшүн. Досум деле өкүнүп жүрдү. Баарына арак күнөөлүүолу эмеспи. Арак болбогондо мушташ дагы болбойт эле. Капа болбосоң, кафеге отуруп келели. Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген сөз бар эмеспи. Мен деле сени сыртыңдан тааныйм.Азыр сенин артыңдан жакшы сөз ээрчип калганын кулагым дагы чалып калды. Чынында шым кийип, эркек болуп жаралгандан кийин жигитче жүргөнгө не жетсин. Баары бир башка бир өлүм. Андыктан болбогон акчага аялзатына азгырылып эркек деген атка доо кетирген бул өтө пастык, деп жүйөөлүү сөз айтты. Нурлан алиги узун баланын даамдуу айткан сөзүнө ыраазы боло, жагымдуу жылмайып:

-Атың ким, таанышып алалычы деди. Эркинбек. Эркинбек, сен абдан жакшы сөз айттың. Бирок, бул досуң убагында сен айткан даамдуу сөзгө туруксуз болуп, пастыкка кадам таштабады. Жок дегенде сурак убагында эле күнөө менден кетти деп айтып койгонунда мен ыраазы болот элем. Жөн жерден кетпедимби. Эркинбек кабатырлана :

-Нурлан, мен баарын уктум. Чынында бул жерде сен аксың. Актык баарынан бийик турат. Ошол бийиктикти кармаган киши гана кадыр баркка бирде болбосо бирде жетет. Кел, эми бул темага кайра кайрылбайлы. Аны коюп кафеге барып жакындан таанышпайлыбы деди. Нурлан көңүлү суз :

-Эркинбек, мен силерге ыраазымын. Бирөөнү күтүп аттым эле. Силер менен кетип калсам, калп болуп калам го. Ушунча келгениңерге эле ыраазымын деди. Алиги толмоч бала Нурланды тике карагандан жазганып :

-Нурлан биз атайын чыгынып келдик эле деп сөзүнүн аягына чыкпай туруп калды. Нурлан өзүнүн туюу сезими менен билди, ал баланын эмне себеп менен мококтук кылып жатканын. Анткени хлебашы ага жакшы эле түшүндүрүп айтса керек. Көңүлүнүн тереңинде Айбекке ыраазы болуп турду. Бир чети алар менен кафеге баргысы келди. Бирок кызымтал экөө дагы эмненин ичинен чыгат деп ойлоп, бул жолу шар жана тик айтты:

-Жигиттер, силер мени түшүнгүлө Айттым го, бирөөнү күтүп атам деп. Мен силер менен бара албайм! — деп Эркинбекке карады. Эркинбек Нурландын көз карашынан улам:

Макул, Нурлан, биз сени туура түшүнөбүз. Бирок сен бара албасаң муну алып кой. Сенин алдыңа түшкөнбүз, деп кагазга оролгон акча сунду. Нурлан таң кала карап:

-Бул эмне? — деди. Эркинбек апкаарып айта турган сөзүн жоготуп алды.

 

Нурлан менен Бактиярдын бирге отурганын көргөн Тахмина таң калып эле ордунан жылбай карап туруп калды. Бирок таякчан Бактияр дагы бала жетелеген Тахминаны көргөндө көзү жайнап, эмне болуп кеткенин билбей селейди. Мына сага тагдырдын тамашасы жарым саатка чукул Нурлан менен сүйлөшүп отурган Бактияр жаңы эле айтып аткан. Менин дагы сиздикиндей ауди машинам бар болчу. Бир кыздын айынан арак ичип, столбаны сүзүп алып бутум сынды. Бирок ал кыз абдан жакшы кыз болчу. Үйдө мамамдар дагы ал кызды мактап, ал турсун мен кырсыктантандан кийин мамам ал кызга барып жолугуп келген. Бирок ал кыздын менден көңүлү таштай калыптыр. Папамдын ыплас акчасына көөп, көп кыздардын убалынан калдым. Мына, ал кыздардын көз жашынын аягы эмнеге келип такалды. Азыр бутумдун ак аганы эч нерсе эмес, врачтар тукумсуз болуп каласың деп айткандары көңүлгө көлөкө түшүрүп атат. Балким, дагы башка врач табыптарга көрүнө го. Нурлан Бактиярдын айткан сөздөрүн угуп отуруп, аны чын ниетинен аяп кетти. Баягы Бактияр эмнегедир өзүнчө эле түшүнүктүү болуп, жашоого такыр башкача көз караш менен карап калган. Нурлан дагы Бактиярдын көңүлүн көтөрүп, жылуу сөзүн айтып экөөнүн жылдыздары топ келишип бат эле тил табышып кеткенин кандайдыр бир сырдын түйүнүнон белги бергенсиди. Бирок экөө тең эмне сыр экенине баа салышкан жок. Качан гана Тахмина баласы менен экөө жакын келип, Бактияр менен Тахмина тиктешип туруп калганда, сырдын түйүнү чечилгендей болду. Баарыдан дагы Бактияр Тахминанын ысымын айтпастан, ал жөнүндө көп сөздөрдү айтып, аны дале сүйөрүн айтпады беле. Көздөр бири бирине чагылышып тиктешүү көпкө деле созулган жок. Алгач Бактияр Тахминадан көзүн тартып алып, наристеге көзүн кадап, жүрөгү опкоолжуп кетти. Анткени ал бала өзүнө куюп койгондой окшош экени кандайдыр бир ойду козгоп, өз канынан жаралган бала бар экенин билип, Тахминаны карады. Тахмина оңтойсуз абалдан чыгыш үчүн Нурланга кайрылды:

-Көпкө күтүп калдыңбы? — деп. Нурлан баарын айтырбай түшүнүп, оозу бош :

-Жок, аз эле убакыт күттүм деди да. Бактияр менен наристени алмак салмак карап, унчукпай эле туруп калды.

 

Нурлан колундагы акчаны чемодандын ичине салды да көңүлү чөгүңкү басып келип, диванга чалкасынан жаткан тейде ойго жетеленди. Эмне үчүн адамдар өз учурунда ойлонушпайт. Менин бир жарым жылдык өмүрүм болгону он беш миң сомго тетеби? Ушул акчаны мага бергенден көрө учурунда менттерге берип ооздорун жапса болот эле го. Анда Тимур өз канымдан жараат эле го. Ал эми эжем менен жездемдин жоруктарычы… Кантип беттери чыдап үйүмө келип атышат?Кызык, түрмөгө барып бир жолу да абалымды сурашкан жок го. Качан колумдан келгенде шыпылдап, кошомат сөздөрдү сүйлөп, жагалдангандары эмнеси? Аларга мен эмес, менин акчам гана керек. Атаганат, эгерде абакка кесилбегенимде баары башкача болот эле да. Эжем менен жездемдин эки жүздүүлүгүн көрбөйт элем. Анда менин да оюм аларга карата терс болот беле, ким билет?

Чалкасынан жатып ойлонуп жаткан Нурландын оюн Тахмина бузду. Нурлан сага эмне болду? Бир жериң ооруп атабы? — деп чын ниетинен кам көрө сурады. Нурлан ушул саам өзү үчүн бир апасы, анан түбөлүк жары гана күйөөрүн билди. Тахминанын дайыма апасындай болуп жан үрөп сураганы өзүнө жагат. Бала кезинде, керек болсо азыр деле апасы жан алы калбай ден соолугун сурап, чын ниетинен энелик мээрими менен кам көргөнү Нурландын жүрөгүн жылытат. Кандай убак болбосун, бир калыптагы абалынан жазбайт. Тахмина дагы ошондой. Ал эми эжеси менен жездесичи? Андан да мурда далысын салган классташ достору дагы үйүнөн кетпей, шынаарлагандары кыжырын келтирет. Бирок көңүлдөрү оорубасын деп сырын ичине катып унчукпайт. Нурлан Тахминаны колунан тартып, бетинен сүйүп :

-Жок, эч жерим деле ооруган жок. Аны коюп кечки тамагыңды ылдамдат мен жолдон калбайын деди. Тахмина бир нерсе айта албай аткан түр көргөзүп, кыйылып туруп калды. Нурлан дароо аны кыймыл аракетинен бир нерсени сезип, башын көтөрүп, көзүнө тике карады :

-Тахмина, сага эмне болду? Тартынбай айта бер деди. Тахмина айтсамбы, айтпасамбы дегенсип эки анжы ойдо калды да, акыры болгон күчүн жыйнап :

-Эжем менен жездем сенден акча сурап келиптир. Болсо берип турбайсыңбы? — деди. Бул сөздү уккан Нурландын кебетеси бузулуп :

-Эмне, сүйлөй албай калышыптырбы, өздөрү сурабайбы, сени ортого салбай. Мурунку карызды качан беришет экен? деди. Тахмина күнөөлүү кишидей :

-Экөөнү чогу беребиз дешти го… деп сөзүн жыйынтыктады.

Нурлан Тахминанын күнөөлүү кишидей, жактырбай турган абалын көрүп, апасына окшоштуруп жиберди. Апасы да атасынын алдында үнүн катуу чыгаргандан жалтанып, кудум Тахминадай болуп туруп калганын көп байкаган. Анан өзүнөн атасынын сапаттарын издөөгө өттү ою менен.

Бактияр үйүнө көңүлү шат келди да, тамак жасап жаткан апасын кыйкырды :

— Апа, мен бүгүн Тахминага жолуктум, — деди. Апасы жасап аткан ишин токтотуп :

— Каяктан? — деди.

— — Паркка күйөөсү, баласы менен келиптир. — Бактияр ашыкча сөз айта койгонун сезип коюп, анысын кичине өкүнүп алды. Апасы көңүлү суз :

— Тахминаны келин кылып бер деп сага айтсам, болбой койдунбу? Абдан жакшы кыз эле. Эмгиче балалуу дагы болот элеңер. Балким, жетелеп жүргөн бала сеники болот беле, бекер көппөдүнбү обу жок. Машинаны дагы сыйлаш керек. Аны арак ичип канча айдаба дедим. Сен болсо уккан жоксун. Аягы эмне болду?… Бир келген бакыттан кол жуудун. Аны бир айтабызбы, эки айтабызбы ордуна келбейт. Атаң дагы акчаны обу жок чачып атып, мына эми, ишинен дагы кол жууду. Депутат болуп турганында округунан баарын эл менен жоголуп, кафе — ресторанга чачкан акчасын элге жумшап койгонунда кадыр барктуу да болот эле. Экөөң тең тилди албай эмне болдунар?.. Дөөлөт тоголок. Аны кармап калыш керек. Жок дегенде сенден тукум калса эмне, мунун баарын айтпайт элем., — деди. Бактияр апасы менен сырдашканды жакшы көрөт. Кырсыкка учураганы арасына болгон сырын айтып көнүп алган. Бул жолу да маанилүү сөз айтчудай өзүн тапта барып, өзүн араң кармады.

 

 

Ою менен алаксый түшкөн Нурланды жооп күтүп туруп калган Тахминанын ичке, кулакка жагымдуу үнү бузду :

— Нурлан, эдемдерге эмне деп айтайын, жооп бербейсизби? Эмнегедир акыркы күндөрү ойчул да болуп кеттиң. Деги сага эмне болду.

Нурлан Тахминаны сырдуу карап :

— Тахмина мен бугун Балыкчыга кетем, тиги Кемелбек байкенин аялы Бурма женени чакырып кел. Үйгө чогу жаткыла. Антпесен коркосуң го… деп такыр башка сөздү сүйлөдү. Тахмина кабак чытыган тейде :

— Бүгүн таежемдин кызы Айнура менен баласы Болот келет. Сен эртең эле келип каласынбы?

-Ооба, буюрса. Алар келсе анда жакшы. Тиги чемодандагы акчадан алып бер, он күндөн калбырбай бергендей болушсун, деп эжеси менен жездесин жактыра бербей күңк эте сүйлөдү. Тахмина чемоданды ачып тийиштүү акчаны алды да, кайын эжесине берип атып:

-Эже, он күндөнн кийин кайрып берсин, ишиме керек деди, деп көзүн тартып алды жалтактап. Кайын эжеси эпилдеп :

-Ооба, буюрса кийинки аптада эле беребиз. Бизге дагы шашылыш керек болуп калбадыбы… деп күйөөсун карады кеттик деген мааниде. Акча колго тийгенден кийин экөө балдарын ээрчитип, үйдөн чыгып кетишти. Тахмина аларды узата карап :»Пенде да, эгер Нурлан акча таппаганда, минтип үйдү сагалашпайт эле. Чын эле бир кезде Нурлан абакта жатканда бир басып барып коюшкан жок го? Эми ат тезегин кургатпай үйгө келе берген адатты таап алышты. Буларды карап отуруп үй ишимден да алагды болом деп ойлоп жасап жаткан тамагына киришти. Нурлан ойлонуп жатып көзү илинип кеткендиктен, убакыттан уттуруп койду. Анткени тамагы эчак бышып даяр болгон. Тахмина уктап эс алып алсын деп ойготкон эмес. Сотка телефон чырылдап, Нурланды ойготуп жиберди. Ойгонору менен сааты караган Нурлан :

-Тахмина! — деп үн салды. Тахмина оозгу үйдө баласы менен олтурган. И, эмне болду? — деп ичкери кирди. Нурлан кабатырлана :

-Ойготуп койбойт белең. Кечиккен турбайынбы.Мени күтүп калышты, тамагың даярбы? — деди. Тахмина шаштысы кетип :

-Ооба, мен азыр. Сени уктап алсын дебедим и, деп тамагын белендөөгө киришти. Аңгыча сырттан дарбазанын эшиги ачылып, Бактиярдын апасы ичкери кирди да эшиктин алдына токтоп турган кудум Бактиярдын машинасындай «Ауди» маркасындагы кызыл машинаны карап туруп калды.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE