Пример HTML-страницы

Украинада каза болгон кыргызстандык жоокер Кара-Балтада жерге берилди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында Россиянын Укрианадагы атайын аскердик операциясында каза болгон аскер кызматкери Рустам Зарифулин бүгүн, 27-мартта акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анын атасына Россиянын Мужества ордени тапшырылды. Ал маркум жоокерге ыйгарылган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Украинада кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болуп, анын сөөгүн Чүй облусунун Кара-Балта шаарына алып келишкени белгилүү болгон.

Маркумдун жакындарынын айтымында, Рустам Зарифулин 14-мартта Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарындагы аскердик операция учурунда көз жумган. Ал аскердик операцияга курамы 12 кишиден турган өзүнүн бөлүмү менен катышкан. Рустам Зарифулин капитан болгон. Колонна Изюм шаарын «тазалоого» багыт алган. Колоннанын алдында танкттар жана брондолгон транспорттор тизилген. Алардын биринде Рустамдын да отряды бар болчу. Колоннага ок атышкан. Келишим боюнча аскердик кызмат өтөп жаткандар Рустам менен кошо каза болгон.

Рустам Зарифулин Равиль Зарифулиндин жалгыз уулу болчу. Ал 1996-жылы 26-мартта төрөлгөн.

«Ал абдан камкор уул, бокс боюнча спорт чебери болчу. Аскер адамы болууну кыялданчу. 2016-жылы Свердлов облусуна кетип, аскердик кызмат өтөп, андан кийин 5 жылга келишим түзгөн. Бул мөөнөт аягына чыккандан кийин келишимди дагы 5 жылга узарткан», — деген жакындары.

Рустам Зарифулин 2022-жылы январь айында Кыргызстанга келип кеткен. Ал апасын Россияга алып барып, операция жасатууну убадалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE