Пример HTML-страницы

Ошто дүйнө чемпионатынан күмүш байге алып келген Билол Шарип уулун салтанаттуу тосуп алышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-августта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча дүйнөнүн күмүш медалынын ээси Билол Шарип уулу менен кикбоксинг боюнча чемпиондук курдун ээси Аброр Хакимовду салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.

Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, кесиптештери, машыктыруучулары, спортчулар жана чемпиондордун жакындары катышты.

Аброр Хакимовду милициянын кайгуул кызматындагы кесиптештери, ата-энеси, жакындары, спортчулар жана машыктыруучулар куттукташты. Ал эми Билол Шарип уулун да жакындары, спортчулар жеңиши менен куттуктады.

Балбан Билол Шарип уулу бир күн мурун Римде өткөн 17 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда 60 кг салмакта 2-орунду ээлеген. Катары менен 4 жеңишке жетишкен Шарип уулу финалда Ирандын спортчусуна 4:5 эсебинде жеңилип калды.

Аброр Хакимов бир күн мурун Түркияда өткөн кикбоксинг боюнча K-1 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE