Пример HTML-страницы

ОшМПУда профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата декада башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 11-апрелде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдык мааракесине карата декаданын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1 айлыктын алгачкы күнүндө «илимге жол эмгектен башталат» аталышындагы жолугушуу уюштурулуп, ага университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты. Иш-чараны математика жана компьютердик технологиялар факультети уюштуруп, анын жүрүшүндө Сапарбек Мадраимов катышуучулардын суроосу менен өзүнүн өмүр жолу, эмгек тажрыйбасы боюнча маек курду. Ошондой эле анын өмүр таржымалын камтыган слайд көрсөтүлүп, таланттуу студенттер жана окутуучулар тарабынан куттуктоо иретинде чыгармалар аткарылды. Декаданын алкагында алдыда конференциялар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

Сапарбек Мадраимов 1947-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. 1998-жылдан бери ОшМПУда эмгек жолун улантып, учурда окуу жайдын математика жана менеджмент кафедрасынын башчысы кызматын аркалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE