Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн аймагы тосулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Достук» көпүрөсүнүн астында соода-сатык иштери токтотулуп, айланасы зым тор менен тосулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, бир нече ирет коопсуздук боюнча эскертүү берилгенине карабай, сатуучулар жашылча жана жер-жемиш сатып келишкен. Андыктан көпүрөнүн астына эч ким кире албай тургандай кылып тосулат.

«Прокуратуранын сунушу келген. Ал жерде соода-сатык иштерин жүргүзүүгө болбой турганы тууралуу мэриянын протоколдук тапшырмасы бар. Негизи мыйзам боюнча туура келбейт экен. Бир нече жолу өз билемдик менен соода кылгандарды тазаладык. Бирок кайра эле соода улана берди. Ошондуктан зым торлор менен тосулуп жатат», — деди Мурзалиев.

Turmush 2023-жылдын июль айында Ош шаарындагы «Достук» көпүрөсүнүн астындагы унаа токтотуучу жайдын ишмердүүлүгү прокуратура тарабынан токтотулганын жазган.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев Ош шаардык прокуратурасы аталган башкармалыкка кат жөнөткөндөн кийин ишкер менен түзүлгөн келишимдер бир тараптуу бузулганын билдирген.

—————————————————

Буга чейин «Достук» көпүрөсүнүн астындагы жер жеке ишкерге ижарага берилип, унаа токтотуучу жай уюштурулган.

Дастан Мурзалиев жергиликтүү бийликтин бул аракети базарга жана соода түйүндөрүнө жакын жердеги унаа тыгынын жоюп, унаалардын баш аламан жүрүүсүн чектей турганын билдирген. Жер айына жергиликтүү казынага 251 миң сом төлөп берүү келишими менен ижарага берилген болчу.

Абсамат Масалиев чоң көчөсү менен Курманжан датка көчөсүн байланыштырган «Достук» эстакадалык көпүрөсү 2015-жылы пайдаланууга берилген. Көпүрө Россия берген гранттын эсебинен курулган. Анын узундугу 265 метр, туурасы 23,9 метр, бийиктиги 5,5 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE