Пример HTML-страницы

М.Мукашева мугалимдик кесипти таштоого аргасыз болуп, гүл өстүрүүгө киришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Мира Мукашева 9 жылдан бери гүлдүн түрүн өстүрүп келет. Анын өзгөчө гүлдөрүнө кызыккан кардарлары да көп. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Мукашева Мира Акылбековна 23-ноябрда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 уулдун энеси. Ал 25 жыл окуучуларга билим берип, мектепте иштеп келген. Алгач башталгыч класстын мугалими болсо, кийинчерээк тарых сабагынан билим алып, ошол багытта иштей баштаган. Бирок 47 жашында деп соолугуна байланыштуу мугалимдик жумушун таштаган.

«Бардык күчүмдү, билимимди балдарга 25 жыл арнадым. Анан ден соолугума байланыштуу мектепти таштаганга аргасыз болгондуктан көңүлүмө жаккан иш менен алектененүүнү туура көрдүм. Кай жакка барбайын өзгөчө болсо өкүлдөрүнө кызыгып, алардан көчөт алып келип өстүрүп жүрдүм. Гүлдөрдү суугарып, багып, кээде сүйлөшүп атып алаксып, баш оорум басаңдап калгандай туюлду. Кийинчерээк гүлдөрүм көбөйгөндө, кардардар чыга баштады. Дем алыш күнү «Славян» базарына чыгып, гүл сатам. Негизи жаңы сорттогу гүлдөрдү алып келип көбөйтүп, баасына ылайыктап сатабыз. Анткени Каракол шаарында баасы жогору болсо, гүл өтпөйт», — дейт ал.

Мира айым учурда 80ден ашык гүлдүн түрүн сатат. Учурда анын ичинен эң баалуусу Клеродендрум Томпсона гүлү.

«Бул гүлдү эл ичинде «үй-бүлөө бактысы» (семейная счастья) деп атап коюшат. Ал жүрөкчө болуп өсүп жагымдуу. Анын кичинекей көчөтү 100-150 сом», — деди ал.

Жаңы сорттогу гүлдөр 600 сомго чейин сатылат. Ал эми кичинекей көчөттөрү 100-150 сом турат.

«Мурдагы жылдары гүлдөр жакшы баада болчу. Мисалы былтыр, жаздан күзгө чейин 90 миң сомго гүл сатыптырмын. Быйыл кымбатчылык болуп, элде көп акча жоктугунан улам гүлдөрдөн пайда түшкөн жок», — деди ал.

Каарманыбыз гүл өстүрүүдөгү сырлары менен бөлүштү.

«Негизи гүлдөргө да таза аба керек. Андыктан бөлмөнү жакшы желдетип туруу керек. Ошондой эле сууну да убагында куюу абзел. Мисалы, сууну улам улам куйса, курттап кеттет. Андыктан топуракты бир см чукуп, эгер кургап баратса анан сугарса жакшы. Ошондой эле убагында кураган бутактарын алып, семирткичтер менен азыктандырып туруу керек. Семирткичтерди да органикалык колдонгон жакшы. Менин үйүмдө кичинекей неберелер бар болгондуктан химиялык семирткичтерди колдонбойм», — деди ал.

Мира айым келечекте күнөскана куруп, гүлдүн көп түрүн өстүрүүнү тилек кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE