Пример HTML-страницы

Кытай, англис жана кытай тилдеринде «Манас» эпосунан үзүндү айткан Ысык-Көлдөгү окуучулар

Акыркы жанылыктар

Turmush«Манас» эпосу — дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет. Эпосту бала кезибизден окуп, ар кандай иш-чараларда даңазалап келебиз. Учурда аны дүйнө эли түшүнө алчу тилде айтып, ааламга жеткирүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын ар кандай тилде «Манас» эпосунан үзүндү айткан окуучулары менен аймактык кабарчы таанышты.

11 жаштагы Айжанат Жумабекованын айтымында, учурда кытай тилинде сүйлөгөн адамдар көп. Андыктан аларга да эпосту жеткирүү максатында бул тилде «Манас» эпосунан үзүндү айтып келет.

«Мен «Манасты» кытай тилинде айтып баштагандыктан оор болду. Татаал сөздөрдү эпостун ыргагында айтуу оңой эмес. Бул тилде «Манас» эпосунан үзүндү айтууну өздөштүрөм деген оюм бар», — дейт ал.

Ал эми Айжанат Жумабекова кытай тилинен сырткары «Манас» эпосунан үзүндүнү орус жана корей тилдеринде да айтып жүрөт.

Кичинекей манасчы — 11 жаштагы Эмир Эсенгулов англис тилинде «Манас» эпосунан үзүндү айтып келет.

«Англис тили — дүйнөлүк тил. Эгер биз бул тилде «Манасты» айтсак, ал тууралуу баары биле алат. Биздин класста эки бала англис тилде жакшы сүйлөйбүз. Эжейибиз экөөбүзгө Манасты англис тилинде айтып көргүлө деп сунуштап, ошондон тарта үйрөнүп жатабыз», — деди ал.

12 жаштагы Нуркыз Кожогулова чет тилдердин ичинен орус тилинде «Манас» эпосунан үзүндү айтуу башка тилдерге караганда жеңил экенин айтат. Мындай ойду 9 жаштагы Лилия Есипенко жана 11 жаштагы Виолетта Деревянкина да тастыктады.

«»Манас» эпосун бир укканда мага жакты. Анан мен да орус тилинде айтып көрүүнү чечтим. Биз жаңыдан «Манас» айтууну үйрөнүп жатабыз. Келечекте жакшы айтып калабыз деп ишенем», — дейт Лилия

«Манас айтып жатканда, ал Аккула атын минип, ала-тоонун үстүнөн карап турганы дайым көз алдыма тартыла түшөт. Анын аты, аска зоо, асманда ак булуттар мага керемет көрүнөт. Айтып жаткан баяным кайда болгонун, бардыгын элестетип айтам», — дейт Виалетта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE