Пример HTML-страницы

Каректин каардуу жашы 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=9300&preview=true Кызыктуу окуялар.

..КАРЕКТИН КААРДУУ ЖАШЫ..

     6-БӨЛҮМ.

Асель Асанбайга тийдида үйүн кулпулап көчүп кетти…Кой деген кожо жок жыргады…Картайып калган чалдын койнунда жаткан кандай жийиркеничтүү болсода буга баарыбирдей акча болсо болду..

—-Асан байке,эл эми эмне дейт болду экен э?Мен уялып жатам..Койо туралы десем болбойсуз,жок дегенде жылдык чыкканча турсак болмок э..

Тиги улуу кызыңыз Айна мына кыркка келип калыптыр түшүнсө болотко..Келип алып чачымды тытчудай болуп кетти..Байлыка кызыгып дейт..Кой дебейсизби..

—-Асельим сен көңүл бөлбө эл айта берсин..Сен мени сүйсөң болду калганы жөн эле..Айна апасы каза болуп жаман болуп жүрөт сен унчукпай эле кой.Эгер сен айткандай чачташа турган болсо мен аны келгис кылам…

—-Антпеңиз мен жаман көрүнөм..

Аа тиги Элдосту райондогу үйгө бөлбөйлүкпү..Жаштар өзүнчө оокат кылышсын..А мен сизге уул төрөп берем ошондо.Колдорун кармабайлы деп Асанбайдын кичине баласын ары түртүп жатты..7ай мурун эле өлгөн аялына шашылыш жылдык берип таштады..Элдосту өзүнчө бөлүп салды..Малдары үйүр үйүр,үйлөрү заңгырайт…Асельдин оозунан чыкканы аткарылат..

Негизи Асанбайдын бешоогур аялы аккөңүл,иштемчил аял болчу..Тытынып ичпей жебей иштеп чогултунчу..Ушул үйдүнда ар бир кирпичинде аялынын мээнети бар десе болот..Ооругандада догдурлар борборго жиберсе акча аяп ушул жерден айыгам деп барбай койгон.

Качаан жатып калганда барды эле ашказаны ракка айланып өтүшүп кеткен экен..Дайардана бергиле деп чыгарып койгон..Үйүндө кызы 2ай караганда өлүп калып жатпайбы..

Ошол күнү Айна үйгө апасынын кеебир буюмдарын алып кеткени келген…Апасынын эң жакшы көргөн чөйчөгү бар болчу..Ошону издеп убара,таппайт…Асель Асанбайдын көзүнчө балдарынын көзүн карап жокто келдиңби депда койчу эмес..

 

Ананчы кызда..Энесинин мээнетине күйөт,атасын кызганат..Бул даражага жеткиче апасынын колу тешилгенче иштегенин билетта..

24жаштагы кыз 58жаштагы чалга сүйүп тиймек беле..

Эшике чыгып эле Асель ак чөйчөктү көрдүңбү деп сурады..

—Жок менин ишим канча.Сиз де кичинекей болсомда атаңдын аялымын..

—-Сиз сени уруп кетсин уктуңбу..Ажаан катын жогол бул жерден.Атама бирдеме болсо сени соём деп чачтан алып жатканда Асанбай келип калып укту баарын.

—-..Айна бул мени сыйлабастыгың,энеңди кайрып алалбайбыз айла канча тытына бересиңби?

—-Ата жок уксаң,бул сени алдап турсийчен айдап чыгат көрөсүңго.

Үйлөнбө дебейм уйлөнө бер.Болгону өзүң теңдүүнү таппай калдыңбы?Жок дегенде бир жыл чыдай албай калдыңбы..Мына апамды 16жашында алыпсың өзүң 18жашыңда экенсиң ошондо..40жыл чогуу жашапсыңар эмне апамдын элесин жок дегенде сыйлап койсоң боло…Сенден мындайды күткөн эмесмин деп бетин жууганы ары бурулганда ит байланып турган жерге көзү түштү..Апасы абайлап колдонгон жакшы көргөн ак чөйчөгү итке тамак бергич болуп кетиптир.

Кара моону кара катының билчү апамдын жакшы көргөнү экенин,атайын кылды..Ал өлүп кетсин ата сенда билчүсүң койбо дегенге акыбалың жетпейби эмне.

Жек көрөм баарын,эркектерди жек көрөм…….

—-Айна жаагыңды жап кааласаң энеңдин артынан мен өлүп берем..

Жок десең менин тынчымды албачы.

Сенин ээриң үй-жайың бар биздин оокаттарды эмне кыласың.Экинчи ташыганы келбе уктуңбу…

—-Маакул экинчи келбейм деп чыгып кетти…

Калп эле сыртынан ыйлап байкуш болуп—-Асанбай кызды антип неге таарынттыңыз,неге келбе дейсиз?Каттуу тийдида деп жан тартымыш болуп койду.Муну уккан Асанбайдын көзүнө Асель шундук периште көрүнүп кетти…

Элдосдагы бул урушту угуп эжекесине болушуп анда менда барбайм деп барбай койду…

Чалдын башын айлантып балдарына каршы коюуп койду.

Күндөр өтүп Асель бат эле дагы бир уул төрөдү.Айылдын баары ушак-кеп.Ай тиги каарыганда алжып жаш катындын тилине кирип балдырын кууптур дегендер..

Асельдин баягы агасы ичип жүрүп боору эзилип кетиптир.Врачтар мынтип иче берсе өлөт дешкен..Баарыбир өлөт экенмин деп Насирге кечирим сурап келди..

‘—Ассолому алейкум аксакал амансызбы..

—Саламды алек албай койсоң өзүңө күнөө дейт,алик алдым саламды..Өзүң кандайсың.

—Эхх мен жаман..Өзүңдөн чыккан балееге,кайда барасың дабаага демекчи мен ал карындашымды эмне кылышымды билбейм.Өлтүрүп салайынбы?Жоок колум барбайт.

Айдап салдым.Мындан башкасы колумдан келбеди..Каматайынбы?

Агада алым жетпейт..Айлам канча?

—-Ай эмнеге келдиң?

Эски жараны чукуп,мына байкуш кемпирда таакыр болбой калды акыркы жылдары..Анын союлду көтөрүп Тимурум десе өзүмдү жок кылгым келип кетет..Мурун өлгөнү үчүн кейисем азыр сөөгүн жерге бербей калганыма өкүнөм..

—-Аксакал жерге бергем мен..

Ошондо ошол жерде калат дешкенде маакул болгом,кийин баарынын сыздаганын көрүп чыдабадым..Жасалма документтер менен алып келип жерге каткам…Ата-бабасынын жанына болбосода башка мүрзөгө каткам.

Кечиргиле мени,мен итмин айбанмын…Тиги шуркуяга кошулган мага актоо жок..Кудайда көрсөттү окшойт эки ай жашооң калды дешти.

Мойнумда жүк болуп калбасын айтып кетейин дедим..Кааласаңыз мынамын өлтүрүңүз сабаңыз,каалаганыңыз.Эми мага баарыбир,кечириңиз деп тизелеп туруп сыздап жатты..

—-Кудайга миң мерте шүгүр,тилегеним тилеген эле ушул баламды тапсам деген..

Сага жиним келип деле пайдасы жок экен кудай өзү тараза..Мага жайды көрсөт…

—Ырыс,Насыр,Калбү болуп барышып жайга куран окушту…Ырыс инимдин сөөгүн өзүм көмөм деп чыкты..Ызы-чуу туугандарды баары экиге бөлүнүп кетишкен..Жарымы ата-бабасы жаткан жайга жатсын дейт жарымы козгобогула дейт…

Калбү күтүүсүз жерден сүйлөп калды..Бир топ жинди болсода мунусунда соо адамдай атып койду.

—-Оордунан козгобойсуңар,эгер күрөктүн учу тийсе мен колуңарга өлүп берем деп койду..Баары басылып калды…Байкуш ата-эне жандары жай табып калды..

 

Асель каарыган чалга алымсынбай ошол айылдын зыңкыйган жаш баласы менен ойнош болуп алган.

Эмне жыргалда.Бирөөсү багат бирөөсү төшөк үчүн..Арам иий аны көргөн адам өлтүргүсү келип кетет.

Арадан жылдар өтүп балдары катардан чоңоюп келе жатышты..

 

Уландысы бар..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE