Пример HTML-страницы

Каракол шаарынын сыймыгы болгон Салидат

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы 10 мектепти 698 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен 49 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алууга талапкер болгон. Натыйжада №11 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Салидат Жакыпбекова менен К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов гана алышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Салидат Жакыпбекова менен маек курду.

Жакыпбекова Салидат Акжоловна 2004-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«2022-жылдын кыш мезгилинде “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына болгон тестирлөөгө даярданып баштадым. Тест 4 предметтен (математика, орус тили, тарых жана химия) турган. Математика менин сүйүктүү сабагым болгондуктан, буга чейин эле даяр болчумун. Тарых жана химия сабактарына улуттук тестирлөө борбору тарабынан түзүлгөн тесттер аркылуу даярдандым. Даярдыктардын жүрүшүндө бул илимдерге мектепте көп көңүл бурбагандыктан, аябай кызыгып калдым. Суроолор ар кандай болду, бирок билимге болгон чаңкоомдун жана мугалимдеримдин аркасы менен бул сынактан ийгиликтүү өттүм», — деди ал.

Салидат өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болгонун укканда, алгач кимге сүйүнчүлөгөндүгүн айтып берди.

«Жыйынтыгын улуттук тестирлөө борборунун сайтынан өзүм билип, дароо класс жетекчиге кабарладым. Ал абдан толкунданды. Анан өзүмдүн үй-бүлөмө айттым. Мага ишенген ата-энеме, бир туугандарыма, досторума, классташтарыма, мугалимдериме жана өзүмө чоң рахмат. Бардыгы мени кызуу куттукташты», — деди ал.

Жакыпбекова математика боюнча көптөгөн олимпиадаларга катышып, шаардык предметтик олимпиадаларда 1-орунду ээлеген.

«Негизи ЖРТга даярданууга болгон күчүмдү жумшадым. Сыноо тестинде максималдуу жыйынтык болжол менен 221 упай болду. Чыныгы ЖРТда дагы көп болот деп ишенем», — деди ал.

Учурда Салидат жашоосундагы эң маанилүү тандоонун алдында турат.

«Учурда окуу жайды тандай элекмин, бирок жакшы жана абройлуу университетке тапшырам деп ойлойм. Азырынча келечектеги кесибимди тандай элекмин, бирок бул экономика жана математика тармагына байланыштуу болот деп ойлойм», — деди ал.

Бүтүрүүчү бош убактысында үйдө отуруп, детектив, психологияны окуганды жакшы көрөт, ошондой эле сүрөткө түшүп, велосипед тепкенди жакшы көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE