Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы мектептин 18 окуучусу ооруканага түштү, төртөө жандандыруу бөлүмүндө

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда 18 окуучу ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Суу районунун мектептеринин бириндеги 6-класстын 18 окуучусу дезодоранттан ууланып, Ош облустар аралык балдар бириккен клиникалык ооруканасына түшкөн. Алар 29-март күнү кечинде ооруканага жеткирилген. Учурда 18 баланын төртөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Ал эми Ош облустар аралык балдардын бириккен клиникалык ооруканасы окуучулар ооруканага түшкөнүн тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE