Пример HTML-страницы

Кара-Балтада өспүрүмдү унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгону аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushӨспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу мас абалында болгон. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарында «Улар» кафесинин жанында 17 жаштагы жигитти унаа сүзүп кеткен жол кырсыгынын айрым чоо-жайы белгилүү болду.

Жол кырсыгынан жашы жете элек бала бутунан жаракат алып, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган. Жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен айдоочу 61 жашта экени белгилүү болду. Ал мас абалында рулга отурган.

Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулуп, кылмышкерге Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде протокол түзүлдү. Ал мас абалында унаа айдаганы үчүн 17,5 миң сом өлчөмүндө айып салынат же коомдук жумуштарга тартылат.

Буга чейин Turmush басылмасы кечээ, 23-февралда саат 19:30 чамасында Кара-Балта—Бишкек багыты боюнча бара жаткан «Рено Логан» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендигин жазган. Арадан бир аз убакыт өткөн соң, жаракат алган жаранды тез жардам унаасы ооруканага алып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE