Пример HTML-страницы

Кадамжайдын Совет айылындагы маданият үйүнүн кооздугу СССР учурунан бери сакталып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Совет айылында 65-70 жыл мурда курулган маданият үйүнүн кооз жасалгасы так ошол учурдагыдай сакталып калган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Айыл өкмөттүн башчысы Галбүбү Осмонованын айтымында, СССР учурунда Совет айыл аймагы Москванын камсыздоосунда болуп, Кыргызстандын эки эле жеринде ушундай жасалгада маданият үйү курулган.

«Имаратта 2016-жылы ремонт жасаганбыз. Жалпысынан 1,6 млн сомдон ашуун каражат жумшалып, толук кандуу оңдоп-түздөөдөн өткөн. Маданият үйүнүн 2-кабатында китепкана да жайгашкан. Бош бөлмөлөрдү пайдаланып туруусу үчүн керектүү кызматтарга бергенбиз.

Мындай кооздукта жасалган имарат бирөөсү бизде болсо, экинчисин Нарындын Миң-Кушунда дешет. Кантсе да эски баалуулуктарды сактап алуубуз кажет», — деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында бул аймакта ар улуттун өкүлдөрү жашап, негизинен союз учурунда курулган имараттар пайдаланылып келет. Андыктан бул курулуштарды союзду көргөндөр көзүнө сүртөт деп тамашалашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE