КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ.. (19-бөлүмү)
Ферганада мыкты төлгөчү бар деп уккан Сарамжал,үйгө отура албай,сызып кетти.»Балаң үйлөнсө эле,балээ жок» деп,чөнтөгүн кагып алган төлгөчүнүн айтканына сүйүнүп,эртең келин алчудай элеп желеп болуп келген Сарамжал,Жантөрөгө үйлөн деди эле,анын эки көзү чанагынан чыгып кете таштады.Беттегенин бербеген Сарамжал айылдагы аттуу-баштуунун кызын иликтеп,акыры Чекир молдонун мектепте иштеген кызына токтолушту.Жантөрөгө айтышты эле,ал лам деп ооз ачпайт,балким чын эле үйлөнсөм,тигил жоголуп кетет беле деп,ойлонуп,Чекирдин кызын сыртынан көргөнү,мектеп жакка баскан.Сабагы кеч күүгүмдө бүтөт дегенинен,мектептин багына келип олтурду.Кудай бетин салбасын,мектептен Ниада менен Чекирдин кызы жетелешип чыгып келе жатат,ал ордунан атып туруп,үйүн көздөй жөнөдү,артынан бир көлөкө ээрчип жөнөдү,катуу басса,ал да катуу басат,акырын басса,ал да жайлап калат,үйгө киргенде,ээрчип кошо кирди көлөкө.Аш үстөлдүн үстүндө,камыр ийлеп жаткан Сарамжал:-Ботом,сени менен келген ким,эмне эшиктен кетирип
жибердиң,башы сары көрүнгөнү-
нөн,тиги Казак жездемдин кыраа-
ны жез калпагын кийип,келе жат-
кан экен десе дегенди уккан Жан-
төрөнүн куюшканы кыпчылды.Кеч-
ки тамакка отурганда,Ишена-
лы:-Кан чыгарып,куран окутуп коё-
лу,биз арбакты унутсак,алар бизди
унутпайт,бая күндөн бери эки ирет
короого кирсем,бирөө эле ээрчип
жүргөнсүйт,көлөкө калбайт күүгүм-
дө,күүгүмдө да,көлөкө түшөбү?Эр-
тең тоодон мал алдыртайын,теге-
ректетпей,энчилерин берели,уулуң менен алек болуп,май жытын чыгарганды да,унуттуң деди,Сарам
жалга.
«Үшүгөн иттин өпкөсү тешик» деген чын белем,Жантөрө атасы-
нын сөзүн угуп,да бир ирет быры-
шып калды,эми Ниада атама да,
көрүнө баштаганбы деген ой кел-
ди ага.Ал күндөн күнгө арыктап,
бет сөөктөрү оркоюп,ал аз келген-
сип,баягы баары кызыккан тармал
кара чач түшө баштады,Ал тирүү эле өлүк,Ниада гана ээлеп алган,
такай көз алдында,оюнда.
-Ботом,Чекирдин кызына бир ба-
рып,жөн эле жолугуп койсоң боло,
анан сөйкө салалы деген Сарам-
жалга:-Таанышпай эле,сала берсе-
ңиз болбойбу,бары бир ала турган болгондон кийин деди,Жантөрө бурк этип.
Уюган жылуу айрандай болгон,жүзү да сулуу,өңү да жылуу,салт санааны,кадыр наркты мыкты билген Чекир молдонун байбичеси,аста басып,саксына баштыгын томпойтуп көтөргөн Сарамжалдын «кеп сандыгы»олуттуу экенин сезип,жылуу кабыл алды.Камкаймакка инди чайын кызыл демдеп,көшүй ичишип кеп төркүнүн жүйүртө айткан Сарамжалга
«Кыз сурагандыкы,экөө келишсе,биз каршы эмеспиз» деп,жолго салды.Кудуңдап үйүнө жеткенче,миң санатты ойлоп келген Сарамжал,баласынын кыз менен сүйлөшө албасын билип:-Оңтоюн келтирип,ала качып кел,Чекирдин бизди чана турган алы жок деп какшап,»көлөкө» ээрчиген маалда,мектептен чыккан Айсанатты,Жантөрөнүн айылдагы катын-балалуу классташтарынын жардамы менен,ала качып келишти.»Таш түшкөн жеринде оор»дешип,айланып кагылган кемпирлердин колун какпай,анын үстүнө Жантөрөнү сыртынан көрүп,билип «тынч» жигит деп,ойлоп жүргөн Айсанат ак көшөгөгө чөккөн төөдөй олтуруп берди.»Сокурдун тилеги шоола»дегендей,Сарамжал болгон дүнүйөнү чачып,агылып төгүлүп,карт бойдоктон калың той деген жеңелери,боорсок чайкап,мал союлуп,ачуу басар кетип,Ишеналынын үйүнүн той түтүнү айылды тегиз каптады.Бир гана Жантөрөнүн жан дүйнөсүндө тынчтык жок,баягы «көлөкө» тим эле колтуктап алган,көшөгөгө кирсе,Айсанат эмес эле Ниада олтурат,ал эшикке чыгып,жарым бөтөлкө аракты бөтөлкөдөн эле шыңгытып,кайра шерденип кирди,кудай жүзүн көргөзбөсүн,үй-
дүн ичи толгон Ниада,эшикке чык-
канча шашты.Ачуу басардагылар
келип,таң атып кетип,ал күнү төшөк
салынбады.Кийинки күнү түлөө алдында,коңшу айылдан молдо ал
дыртып,нике кыйдыртып,той баш-
ташты.Кымча Жантөрөнүн ууз төшө
гүн салып,жеңинен тарта көшөгөгө
киргизип,аруу түн каалап,чыгып кеткен соң,Жантөрө аппак төшөк-
түн аягына олтура,Айсанатты бе-
кем кучактап,бир далайга чейин
үн сөзсүз олтуруп,калчылдап чык
ты.Кудум эле,Ниаданы кучактап
олтургандай сезилип,баары аз кел
генсип,Айсанат жатчу жерде,Элчи
энеден туума жылаңач жатат.Ал
тумчуга,бир жапайы кыйкырык ме-
нен,үйдөн атып чыкты.Үйдөгүлөр
деле толук уктабаса керек,эшиктин
жарыгынан,Сарамжалдын даарат
алып жатканын байкады.
Эшиктин алдында каршы-терши басып жүргөн Жантөрөнү көргөн энеси:-Тынччылыкпы деп,эне жүрөгү бир нерсени сезгендей,ичкери кирип кетти.Бул балээден кутулмак түгүл,тутулган Жантөрө Айсанатка бой таштай албай,жеңелери «айтчы деги,кимде айып» деп,какшыкташып,уялбай эле,Айсанаттан да,сурап жиберишти.Бир айыл болгон соң,»абийир сүйүнчүсүнүн»келбегени да,Чекир молдонун байбичесин кооптонтуп,кулак түрүп,Сарамжал келиндерин «жулмалап»,алар Жантөрөнү ардантса да,эч тыянак чыкпай,жумушка чыккан Айсанат,кайрылып Жантөрөнүкүнө келбеди.Курун мойнуна салган Ишеналы караңгыда бээсин жетелеп,эч нерсеге түшүнбөгөндүгүн айтып,Чекирдикине чекеси жерге тийгенче бүгүлүп кайтты.Көп узабай эле Айсанат да,мектептен бошоп,шаарды көздөй кетти.Жантөрө үйдөн чыккыс болуп,канча ирет жанын кыйгысы келсе да,мында да коркоктук кылып,ага бара албады.Баласынын эзилгенин көргөн Сарамжал,Жантөрө менен
ачык сүйлөшөлү деп,тамырын тар-
тып,баласы энесине ыймандай сырын төгүп,өңгүрөп ыйлап жатты.
Сарамжалдын шумдукту уккан кулагы чуулдап,кара жер жарылса
кирип кетчүдөй солкулдап,бир чети
баласын аяп,бир чети өлөөрүмдө
ушуну көрмөк белем деп,»кан коё
бербей» тирүүнүн өлүгү болуп жат
кан тура,шордуу балам деп,көзү ачышканча ыйлады.Бул түйүндү
чечсе,Ишеналы чечет деген Сарам-
жал,абышкасына айтууну эп көрдү.
Сарамжалдан бул кыңыр ишти ук-
кан соң,Ишеналы Акчекеге араба-
сын курду да,жүгөрүнүн сотосун
алып келебиз деген шылтоо менен
талаага жөнөп кетишти.Канчадан
бери кан жуткан Жантөрө,атасына
болгонун болгондой айтып,бир гана Ишеналы,»колуң менен кылганды,мойнуң менен тарткын,өмүр бою күйпүл күчүктөй
өмүр сүргөнчө,же өл же адамча
жаша деп,аттын тизгинин какты.
Жантөрө кыйла жеңилдеп бирөө
үстүнөн туз түшүргөндөй,көңүлү
сергий түштү.Абышкасы менен уулунун шайдоот кебетесин көр-
гөн Сарамжал,уулун. айыптайын
десе да,ийри жыланын жамандык-
ка кыя албай,сыздап жатты.
«Эки катын бир төшөккө жатмак
беле,Жантөрө жараксыз тура,кыз-
дан кетсе,Ишеналы ийилип,килтей
ген бээ жетелеп,барбайт эле,дагы
жакшы,кызды жаманатты кылбай,
адамгерчилик кылышты деп,айыл
дүрбөлөң болуп жатты.
Көп өтпөй эле,Ишеналы уулу Жантөрөнү,шаардын бир районунда тергөөчү болуп иштеген жээни Аймирди алып,Россияга учуп кетишти.Алар биринчи эле Нукуска барууну туура көрүштү,Элчиге барып,көз көргөзөлү жана мындан беш жыл мурун болгон окуянын чоо жайын иликтеп,кай жерге көмгөнүңдү көргөзүп,сөөгүн таап,жазаңды алып,канча берсе да өтөп,биздин көзүбүздүн тирүүсүндө,кутулганың жакшы деген Ишеналынын такилиги болду
Биринчи,Петрозаводскийге барып,Ниада тууралуу эмне айтышат билели деген Аймирдин пикири болду
жоок,өзүм эле барып,арыз жазып,кама дейин деген үч бөлөк пикир менен акыры биринчи Нукуска келишти.Элчинин атасы кайгыга алдырып койгон экен,алар киргенден аккан жашын тыйбай,Элчинин бейитине келип,куран окушуп,өткөн кеткенди айтып олтурушуп:-Баламдын акыркы катын эжеси алып,баарыбызга окуп бергенде,бөөдө өлүм болгонун билдим,бир финляндиялык кызды өлтүрүп алып,корабльдардын жанына көмүп салгам дептир,ал
кызы өлбөй эле,Элчини издеп келип кеткен дегенде,Жантөрө ор-
дунан тура калды.
-Ал корабльдардын бейитине көп баруучу,бир барганында сүрөт-
чү кыз менен таанышып,арак вино ичишип,экөө урушуп кетишкен имиш,Ниада жанында бирөө бар бо
луучу дейт,Элчи ким менен барганын жазбайт.Катында да жазбаптыр.Демек,анын ким менен
барганын териштирген жокмун.Ниа
даны жардын алдына таштап,үстүнө кум үйүп,кетип калган экен,тигил таң атканда,араң
туруп,үйрүп салаар кийими жок,некропольдун кароолчусуна жетип,бир сыйра кийинип,жашыл «волганы»издеттирип,мени табы-
шып,Элчини окуудан чакыртабыз
дегенде,чоң акча берип,баскан-
мын.Тигил кызга да,акча бергем,
палаткам,сүрөт тарткан боёкторум,
деп жатып,ал да бир топ акчамды
шыпырып жолуна түшкөн.Бирок,балаңызга кедерги
тийгизбейм деген,сөзүнө турду,
экинчи кайрылып келген жок.Кат-
ты жазып коюп,уулумдун сөөгү кел-
ди.Ишеналылар ичтен тынып,ал күнү мейман болушту да,эртеси
сүлүктөй болгон таксисти жалда-
шып,баягы жерге барышты.Ушул
жерге көмгөнбүз деп чуркап,палат-
ка көмгөн жерге барды,жар чети-
нен эшилген кумду жиреп,Ниада-
нын сандыкчасын сууруп чыгыш-
ты,Аймир экөө.
Буту менен башынан башка жерин кум басып,башын таш менен жанчкандай ооруган Ниада,тырмалаңдап жатып араң турду.Суу ичкиси келип,эки жакты караса,кумга сайылган ачыла элек винону көрүп,сүйүнүп кетти.Калчылдаган колдору менен араң ачып,кулкулдатып жутту.Кийим-кечеси түгүл палаткасы,ал турмак баарынан кымбат канча жылдан бери тартып
жүргөн,корабльдардын эскизи салынган сандыкчасы жок.Ал «шайтандай болгон шүмшүктөр мени зордукташканы аз келгенсип,шылдың кылышып,бардыгын алып кеткендерин,мен силерди тез эле табам » деп,күүгүмдө,»Корабльдардын бейитиндеги» жолду тоскон кардондогу чалдын,наркы беттеги алачыгына араң жетти.Семарар чал кыздын кебетесин көрүп,аяп,курсагын тойгузуп,өзүнүн дамбал көйнөгүн кийгизип,драндулетине салып,Нукустагы мамлекеттик автоинспекцияга келип,жашыл волга,баланча номерлүү,кимге таандык деп,ээсин таптырып,дарек боюнча Ниаданы Элчинин атасыныкына алып келген.Кыскасы,Семарарды мыкты конок кылып,Ниадага акча берип,»апакайым-чопокоюм» деп узатып,баласы үчүн кечирим сураган Тургут,Элчи менен Жантөрөнүн артын карабай,шашып кеткендиктеринен,балдар иттик кылган экен эми мунун кедергиси тийбесин деп,Ниадага бир топ чыгым болуп,тил кат алып калган.Ниада эркек мүнөз,шар кыз эле,Нукустан өзү окуган Петрозаводск шаарына келип,окуусунан өргүү алып,ошол замат эле,Финляндияга,бул жаман түштү унутуу үчүн сапар алып,бир гана корабльдарынын сүрөтүнө кейип жүргөн.Анын үстүнө,ал өзүн да,күнөөлөй билген,тааныбаган жигиттер менен эмнеге спирт ичимдиктерин ичем,эмнеге каршылык көрсөтпөй жатып алам,дагы жакш ы ыктоого алып барып,кум жаап коюшуптур,бир гана жаман жери кийим кечемди,сүрөттөрүмдү алып кеткендери жаман болуптур,балким кайрылып келишсечи деп олтуруп,Семарардыкына барган эле.Ошол эле учурда,Ниаданы өлтүрдүк деп,»арбак» ээрчитип алган экөө,жандарын коёрго жер
таппай,көздөрүнө Ниада гана каты-
лып,отурса турса,жандарын коёрго
жер таппай,акыры Элчи өз жаза-
сын алып,Жантөрө окуусун калты,-
рып,тирүүнүн өлүгү болуп,айлына качып кеткен.
Мына ушул күндөр аралыгында «Көлөкө» жоголуп,Жантөрө аны өзү издеп калды,анда-санда гана жылт этип көрүнгөнү болбосо,баягыдай тынчтык бербеген «Көлөкө» жок.Буга биротоло чекит коёлу деген эки жигит,эртеси эле,Петрозаводск шаарындагы токой чарба техникумуна барышып,Ниаданын өздүк делосунан толук дарегин алышты.Ал ошол жылы «академ өргүү» алып,кийинки жылдары
келип,окуусун бүтүп кеткен экен.Делосундагы телефонго чалыш үчүн,эл аралык телеграфка келишип,заказ кылышты.»Хельсинки 1-кабина» дегенде,Аймир кирип,трубканы көтөрдү.Улгайган,орус тилин так сүйлөгөн аял,Ниаданын Амос Рестеги көргөзмөгө кеткендигин,үйгө кеч кайтаарлыгын билдирди.Демек,Ниада Хельсинкиде»кеттик» деген,экөө вокзалга келишти да,Москва-Хельсинки поездине билет алып олтурушту.
Хельсинки өтө кооз,тарыхый архитектурасы бай чакан шаар,финдердин көпчүлүгү велосипед менен жүргөндүктөн,ки
ши менен деле иштери жоктой,кай-
радан үйүнө телефон чалган Аймир
Ниаданын өзү менен сүйлөшүп,
анын жоголгон сандыкчасын таап келгенин айтты эле,ал түз эле үйгө
келүүсүн өтүнүп,дарегин айтты.
Мен биринчи барайын деди Аймир,
такси жалдаган экөө,айтылган дарекке келип,Жантөрө калың бак-
тагы селкинчекке олтуруп,Аймир сандыкчаны алып,кирип кетти.Ай-
мирге эшикти Ниада өзү ачып,сан-
дыкчасын көрүп,сүйүнгөнүн айтпа.
Тегерек дуб үстөлүнө коюп,сандык
чаны экөөлөп араң ачышты.Анын
сүйүнгөнүн айтпа,кыскасы Ниада-
нын бардык эмгеги бүтүн сакталуу
экен.Алкыштан мурун:-Мен бул эм-
гегиң үчүн канча карызмын деген
Ниада,Аймирдин жол киресинен
бери эсептеп кирди,ошол учурда
жакшынакай улгайган аял кирди да,экөөнү тамактанууга чакырды.
Аймир анын эч нерсе карыз эмес
тигин айтып,өтүнүчүм гана бар деп,
бир саат убактыңды бөл,сыртта сүйлөшөлү деди.Экөө чогуу олтуруп,»голубцы»менен чечевица-
дан жасалган супту ичишип,Аймир
кожейкеге ырахматын айтып,экөө
ээрчишип чыгып кетишти.Селкин-
чекте олтурган Жантөрө Ниаданы
алыстан эле таанып,тигил экөөнү
утурлап басуудан кооптонуп,ыңгай-
сыздана,жүрөгү кабынан чыкчудай
түрсүлдөп,өрөпкүп турду.
(Уландысы бар.)









