Пример HTML-страницы

Беловодск айылындагы алдыңкы окуучулар «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарына өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында алдыңкы окуучулар «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарына өтүштү. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева билдирди.

Балдар уюмуна кабыл алуу салтанаты Беловодск айылындагы Курманбек Сыйданов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде өтүлгөн. Ага райондун акими Ниязбек Козуев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева, айылдык кеңештин депутаты Камила Асаналиева жана мектеп администрациясы катышты.

«Курманбек Сыйданов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен алдыңкы 142 окуучу балдар уюмуна өтүштү. Тактап айтканда, «Манаска» 25, «Семетейге» 70, «Сейтек» уюмуна 47 окуучу кабыл алынды. Уюмга кабыл алуу салтанатына катышкандар сөз сүйлөшүп, алдыңкы окуучуларга жагоо жана төш белги тагышты. Ал эми балдар ант беришти. Бул иш-чаранын негизги максаты — президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» жарлыгын турмушка ашыруу менен улуттук баалуулуктарды жаш жеткинчектердин жан дүйнөсүнө түнөтүү, аң сезимине сиңирүү», — дейт башкы адис.

Аталган мектепте жалпы 913 окуучу окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE