Пример HTML-страницы

Баткен районунда окуучулардын спорттук мелдештери өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда окуучулардын спорттук мелдештери өттү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Миң-Өрүк айылдарындагы мектептердин окуучуларына милиция кызматкерлеринин демилгеси менен кичи футбол, кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулду. Аталган иш-чаранын максаты — жаш муундардын патриоттук ой сезимин жогорулатуу, милиция кызматкерлерине болгон ишенимди күчөтүү менен балдардын ден соолугуна, дене бой-интеллектуалдык, психикалык, руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө шарт түзүү жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу. Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE