Пример HTML-страницы

Жумгалдын Шортон аймагындагы тургундар уй жайган жерин мал базар үчүн бербей коюшту. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылынын Шортон аймагынын тургундары ички жайыттын жерине мал базар курууга каршы чыгып чогулушту. Бул тууралуу активист Нурлан Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, аталган ички жайытка Чаек айылынын Э.Сапарбеков, Т.Жуматаев, Ш.Айылчиев, К.Акыев, Т.Турсунбаева көчөлөрүнүн тургундарынын малы чыгат. Көбүнчө уйлар кайтарылат.

«Бул жерден башка жер жокпу? Жерлерди менчиктеп, сатчуларын сатып отуруп, ушул саз жайыт калган. Бул жерден бөлөк жакка сала беришсин. Базардын курулушуна каршы эмеспиз. Болгону жайытыбызды сактап калалы. Ансыз да Түндүк-Түштүк жолу өтүп, бир топ жерлерибиз таарып калды.

Ал жер мал базар курууга туура келбейт. Эл малын каякка багышат? Чаек айылында мал базар курууга ылайыктуу жерлер бар. Мисалы, Май-Кокту, эски эт комбинаттын ичи, автобаза, илгерки «Чаек» колхозунун кырманы жана башка жерлер бар. Эгерде карапайым элдин жайыт катары колдонгон жерин мал базарга бере турган болсо, биз жогорку жактарга кайрылабыз», — деди Шамырканов.

Чогулган эл менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Күчмуратов жана Чаек айылдык кеңешинин төрагасы Алтай Муталиевдер жолугушту. Алардын айтымында, муниципалдык базар куруу үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом, Жумгал райондук өнүктүрүү фондусунан өздүк салым катары 5 млн сом бөлүнүп, долбоор даярдалган. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Күчмуратов мал базар сөзсүз курула турганын, ал үчүн кайра жер караштырыларын кошумчалады.

Чаек айылында жалпы 12 миңден ашык эл болсо, Шортон айылында 2100 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE