Пример HTML-страницы

Жашоодо болуп өткөн, өтө аянычтуу окуя.

https://kyrgyzcha.site/?p=38686&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашоодо болуп өткөн, өтө аянычтуу окуя.

==================================

Мен, бир жыл бир кыз менен сүйлөштүм. Сүйлөшүп жүрүп ортобузда махабат пайда боло баштагандай болду.

 

Күн сайын болбосо да, кээде телефон чалып, ал акыбал сурашып жүрдүм.

Бир күн досумдун тою болуп калды, ал жакка жанагы мен сүйлөшкөн кыз да барган экен.

 

Аны ушунчалык жакшы көрүп калыптырмын, узатып жатканда үйгө ала качтым.

 

Мен калбаймын, кетемин деп жатты, бирок айласы кеткенде телефонун бирөөгө чалып мага берди.

 

Аны алып апама бердим, ал болочок кайн агам экен;

— алоо, саламатсызбы?

— саламатчылык, ким экен бул түнкү саат 2 де мага чалган?

— бул мен Саматтын апасы, кызыңыздарды балам ала качып келип алыптыр, ошого алдыңыздардан өтүп койолу деп чалып жатканым

— трубканы күйө балага бериңизчи? — дегенде апам мага сунду.

 

— ало Самат? Сен менин карындашымды бактылуу кылууга көзүң жетеби?

 

Көзүнөн бир тамчы жаш агызбай жашаганы? Эркектик сөзүңдү бересиңби?

— мен оа дедим,

 

— трубканы Айданага берчи — деди

Берсем үкам, ошол жерден өнүп өс. Мен сага ата ордуна ата болдум, бактылуу бол деп телефонду өчүрдү.

 

… Ошонтип экөөбүз баш коштук .

Арадан эки ай өтүп 8-март майрамы келип, келинчегимди шаарга айландырып келгени алып бардым. Көңүлүн көтөрөйүн деп.

Кечке айланып келгенден кийин, эс алып жатып калдык.

Эки күн өтүп келинчегиме достору чалып калды. Маанайы өзгөрүп эле,

— жан, мен эртең шаарга барып келем деп калды келинчегим.

— кечээ эле айлантып келбедим беле? — десем, Бишкектен досторум келе жаткан экен ошого деди — .

Мен албетте каршылык көрсөттүм, бирок эртеси базарга барып продукта алып келгени кетсем, келинчегим шаарга кетип калыптыр мага айтпай.

 

Ичим өрттөнүп, өзүмдү койорго жер таппай жаттым, акыры однокласснике кирсем Бишкектен келчүү дагы бир досу отуруптур

 

Ошого жазып досторунун телефонун алдым. Чалсам жооп бербеди.

 

Шаарга түшүп, дагы чалдым, чалганда бир кафени айтты.

 

Айтылган дарекке дароо эле жетип бардым. Барсам аялым достору болуп чоочун эркектер менен ичимдик ичип отурушкан экен, келинчегимди бери чакырдым да, кайн агама чалып болгонун болгондой айтып, кызыңардын жүгүн алып кеткиле деп, келинчегимдин жообун бердим .

 

Кандай гана аянычтуу окуя. Бирок мен бул окуя менен кыздарды жамандагым келген жок. Жок, жок. Такыр андай эмес. Болгону айта кетчүү нерсе, турмуш кургандан кийин, сенин досуң да, сырдашың да, ата — энең да, бир гана жолдошуң болот демекчи элем. Достун да досу жакшы, бирок жамандыкка чакырган достун барынан, жогу жакшы го дейм? Бул окуяны угуп отурганда, каармандын сыртынан канчалык аялын жакшы көрөөрүн көрүп турдум. Сыртына билгизбейин десе да, көзүнөн жаш тегеренип жатканын байкап турдум.

 

— Бирок ар адамдын ою ар башка демекчи, кандай гана болбосун, ар бир адамдын өзүнө нысап берсин…

 

«Бирөө ката кылса, табалабай, тообо кыл»-дейт кыргызда.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE