Тагдырдын тар жолундамын 4-бөлүм. АЯГЫ. 

https://kyrgyzcha.site/?p=102425&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдырдын тар жолундамын

4-бөлүм. АЯГЫ.

Түнү менен жол жүрүп Жалал-Абадга да жеттик. «Жол азабы, көр азабы» деп бекеринен айтылбаса керек. Шапайып Айзатым жүдөй түштү. Азаттын жанына кирүү да өзүнчө бир азап болду. Улам ал бөлмөдөн, тиги бөлмөгө жөнөтүшүп, кагаз иштери текшерүүлөрү жанга батып кетти. Көптөн күткөн убакыт келип, Азатымдын кучагына бой урдум. Кызы экөөнүн эзилип эркелешкенин көргөндө, эт жүрөгүм эзилип кетти.

-Кызым, чоңоюп калыпсың го шириним.

— Ата, эмнеге мынча алыышка келип алдыс?

-Кичинекейим кийиин чоңойгондо айтып беремин ээ. Эгерде бирөө атаң жаман десе таарынба. Чоң кишиге айтып жаткансып түшүндүрүмүш болду.

-Жаным, кыйналбай келип алдыңарбы?

— Жолдон да бул жерге жетүү оңойго турбады.

-Кечирчи жаным ашыкча түйшүккө салып койгонумду.

-Кечирим сурабачы бай болгур. Ансыз да айлам кетип турат.

— Анан эмне кылайын? Сенин алдыңда күнөөлүү сезип жатпаймынбы өзүмдү.

-Жок, кечирим сураба буюрган тагдырыбыз ушундай турбайбы. Кайгырба, канча болсо күтөмүн.

-Үйдөгүлөр кандай отурат?

-Баары жакшы салам айтышты. Абалы оор болбосо да көңүл толоорлук экен. Демейде өтпөгөн убакыт, Азаттын жанында учкан куштай улам тыкылдап жаңы сааттар алмашып үч күнүбүз кандай өтүп кеткенин байкабай да калыптырбыз.

-Аско, иштебесем болгудай эмес.

-Кантип, кайда барасың? Мен бул жакта болсом, жок дегенде Айзаттын жанында болсоң болмок.

-Кантейин, иштебесем болгудай эмес. Карыздар улам сурап келип жүдөтүп да жиберди. Күч кубатым барында иштеп кутулалы.

-Айзатты кайда таштайсың?

-Байкем жеңем экөө балдарына кошуп карап турушат да.

— Берекем ай , каргашалуу ал күн болбосо жаныңарда жүрбөйт белем.

Ары тартышып, бери тартышып мен иштеп келүүгө уруксатын берди.

-Ант ичип берейин, сени эч кимге алмаштырбаймын жана канча болсо да күтөмүн, жаным.

-Ишенем , периштем. Бул жашоодо болгон байлыгым Айзат экөөң эмеспи. Жалгыз карындашымды да таш боор тагдыр бөлүп тынбадыбы? Эми жок дегенде Айзат экөөң ажырабасын алыска дегеним эле. Ыйлап кайра сооронуп бирибизге бирибиз дем күч кубат берип коштошуп чыктык. Бишкекке келип бир эки күн иштеп жолубузга акча камдап кичи Мекеним Ысык-Көлүмө жол тарттык. Документке тапшырып коюп, Караколдо магазинде иштеп турайын деген тилегим таш каап бир ай ооруп жатып калдым. Документ келип , кетүүгө камына баштадым. Кызымды айткандай эле байкем карап бермей болгон. Кайда болбосун апа да күйүп бышкан. Бул жолкусунда да апам биринчи Турцияга барып, жумушту таап анан чакырып жаткан болчу. Көктүн асты менен учуп отуруп, Турциянын Аланья шаарына да барып түштүм. Бар күчүмдү ыйдан чыгарып, бирок жашоо үчүн күрөшүп келем. Азыр Аллахка шүгүр карыздардын көпчүлүгүнөн кутулуп бүттүм. Жанымда күч кубат берип келген АЛТЫНЫМ АПАМ. Апакем менин мен сизге өмүр бою карыздармын го.

Ушундай окурманым айтуу оңой, азапка чыдоо кыйын экен. Өмүрүм күтүү менен Мекенимден, периште кызымдан, сүйгөн жарымдан бөлөк үч уктасам түшүмө кирбеген башка өлкөдө гүлгүндөй жаш курагым өтүп баратат. Учурда кемпир карап иштеймин. Аллахымдан күч кубат жана САБЫР тилеп жашап келемин….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️