9-болум
Биздин палатканы өрттөйбүз деп келген аялдар өтө агрессивдүү эле.Биз аларга эч жакка кетпейбиз,биздин мамлекет бизди алып кетпейт,өлсөк дагы ушул жерде калабыз деп алдап жөнөттүк.Алгачкылардан болуп казактар өз жарандарын лагерден алып чыгып кетишти.Алар келип казактарды таап,кетесиңби же каласыңбы деп сурап атышты.Мен эч жакка кетпейм,бари бир халифат курулат деген кеткиси келбеген казактарды эч ким кетесиң деп зордогон жок.Сирияда бизге окшогон туткундар кармалып турган эки лагерь бар.Мен турган аль хол деген лагерде жүздөн ашуун балдарыбыз менен кыргыздар барбыз.Лагердин өзүндө жүз миңден ашуун адам болсо керек.Казактар өз жарандарын алып кеткенден кийин,өзбектер алып кете башташты.Бул эки мамлекет пандемияга карабай өз жарандарын алып чыгып кетишти.Азыр лагерде өз каалоосу менен кетпейм дегендер эле болбосо,калганы өз мамлекетине кетишкен.Бир ай мурда өзбектер акыркы калган жарандарын алып чыгып кеткенде,биз эч кимге керегибиз жок экенин билдик.Силердин бизге керегинер жок,келип алып кетишсин силерди дагы деп күрддөр бизге айтышты.Мен бирге отурган кыздын апасына өзүм жашаган айылды айтсам,барып ата энемдин телефон номерин таап берди.Иним үйлөнүптүр,азыр Москвада экен.Апам кызым сен келсең болду,сени көрбөй өлүп кетемби деп ыйлайт.Биз адаштык.Жаны Сирияга келип атканда кирүү оңой эле,кайра чыгып кетүү мынчалык оор экенин билген жокпуз.Бизге силер каапыр мамлекетте турасыңар,силердин ата энеңер дагы каапыр деп айтышкан.Менин атам ичкен үчүн мен атамды каапыр деп ойлогонмун.Менин жүрөгүмдө аракечтин кызы деген сөз калган,мен аракечтин кызы ийгиликке жетиптир деп баарына далилдегим келген.Тилекке каршы мен ошол убакта динди түшүнбөдүм,чыныгы мусулман болгон жокмун.Сирияга келгенде мен адилетсиздикти,жаш балдарга болгон гемосексуализмди көрдүм.Булар өздөрү фатфа чыгарып,өздөрү жазган китеп менен жашоону айтышкан.Дуйнодогу эң таза ислам динин биз адашып башка белгисиз дин менен алмаштырып алдык.Кыргызтан эмнеге бизди алып чыгып кетпейт,ушул жерде өлүгүбүз калабы деп көп ойлонобуз.Азыр кыргыздар бири палаткада жашайбыз.Ата энеси өлүп,томолой жетим калган кыргыз балдарды өзүбүз менен алып жүрөбүз.Сирияда тез тез шамал болуп турат,күн ысыганда палаткадан күн өтүп кыйналабыз.Жашоо өтө оор! Биз кыргыз элинен кечирим сурайбыз,курал алып согушка чыккан жокпуз, бирөөнү Сирияга кел деп чакырган жокпуз,болгону биз адаштык.Алгач шаарда жашасак,кийин айылда,акыры мынтип талаада калдык.Акыркы төрт жылдан бери көрбөгөн азап калган жок.Биздин суранаарыбыз бизди алып чыгып кеткилечи.Жакындарыбызды көрбөй,бөтөн жерде өлүгүбүз калып кетет окшойт деп коркуп жашайбыз.Кыргыз элим бизди таштабаныздар деп билдирүү жөнөткөн кыз азыркы убакта Сириядагы лагерде отурат.Урматтуу окурман ушул окуядан кийин кандай тыянак чыгарасыз,балким жаш балдар үчүн кечирип,мамлекетибизге алып келген туура болоор!Казакстан менен Өзбекстан өз жарандарын Сириядан алып чыгып кетишиптир,биздин мамлекет сүйлөшүп чыгарып кетсе болобу?Аллахым ар бир пендени туура жолдон адаштырбасын!
Аягы










