3-бөлүм.
Күндөр өтүп кызыбыз жарым жаш болуп калган. Ата энебизден калган үйдө үчөөбүз. Кыш кирип келди. Эски үй болгондуктан жылытуу оңойго турбады. Азаттын тапкан табылгасына, мээримине бөлөнүп Айзат кызым экөөбүз кечке үйдөбүз. Эшиктен кирген Азатка талпынып кылыгы чыга баштаган. Түндөсү үшүп калбасын деп жылыткыч печкесин жагып койчубуз. Күндөрдүн биринде Айзат сегиз айлык болгондо, түнкүсүн жөрмөлөп барып бутун печкеге жабыштырып күйгүзүп алды.
— Сен күйгүчө мен күйбөймүнбү!- ачуу чаңырык менен өзүмдү коёрго жер таппай ыйлап жаттым.
— Болду эми, Айзаттын жүрөгүн түшүрөсүң, — деп Азат менин колумдан бир ыйлап, бир эси ооп жаткан Айзатты ала койду. Түн ичинде кайдагы оорукана? Болгон уккан билген колдонмолорду жасап кызыма биринчи жардам көргөзүп жаттым.
-Кагылып кетейин кичинекей менин периштем кечирчи мени.
— Болду өзүңдү күнөөлөгөндү токтоткун! Азаттын өктөм үнүнөн өзүмдү колго ала койдум. Жаны ооруганы басаңдай түштүбү же ыйлап жатып чарчадыбы Айзат уктап калды.
-Жакшы азыраак күйүптүр. Кызыңар бир аз кыйналат, бирок көрөсүңөр 3-4 айда эч нерсе болбогондой болуп кетет-врачтын айткандары кулак сыртынан кетип жатты.
-Кой балам биздикинде эле болуп тур. Атаң да санаага алдырып койду деген апам дагы үйүнө чыгарып кетти.
-Жаным аябай ыңгайсыз абалда калдым,- деген Азат көнбөскө айласы жок эле. Жаз келип калганда Айзат он айлыгынан эле басып алды. Кубанычыбыз коюнга батпай күнүмдүк тиричилик кылып жүрө бердик. Азаттын иши да күндөн-күнгө жакшырып, айдаган трактору күнү-түнү тынбай элдин керегине жарап, бат эле оозго алына түштү. Жер тилкесин эл катары иштетип, жайдын күнү кыштын камылгасын көрүп, азыраак болсо да салат, кыямдарды кайнатып жаап алдым.
-Раматылык кайненең тирүү болгондо экөөлөп көп нерсеге жетишмек экенсиңер. Байкушумдун мына эми балдарынын убайын көрөөрдө кетип калбадыбы. Көз тийбесин Азат өзгөчө чыкты үйдөгүлөрдөн, -деп көз жашын жоолугунун бурчуна аарчыган чоң апабыз үшкүрүнө. Кантсин анан бармактайынан абысын болушуп бир туугандай боло түшүшкөн да.
-Апам да кышкыга толтура камдачу. Балдары көптүгүнөн кыштын жарымына араң жетчү. Кел мен жаап бере салайын, — деп сырттан кирген Азат карала колдору менен жардамдашмак болуп.
— Ий келип калдыңбы? Тур колуңду жууп келип чай ичкенче Айзатты ал апаман жүдөтүп бүтүрдү.
-Алтын кызым ошондойбу? Сен чарчаттыңбы апаларды? Айзаттын кылыгына баарыбыз күлүп чайга отурдук.
-Быйылкы түшүм жакшы болгудай жеңе, силердики да картөшкөңөр жакшы түшүм берчүдөй болуп турат.
— Ооба, ошондой эле болсун. Жазы менен маңдай тер төгүп мээнет кылбадыкпы. Чынында бүтүндөй эл жайнаган түшүмдөрүнө ыраазы болуп отуруп калышты. Анын арасында биз да бар.
— Кудайым буюрса баары жакшы жагына оңолуп баратат. Россияга бекер эле убактыбызды коротуппуз.
-Жер көргөнүбүз эле болбосо ээ?- Азаттын сөзүн коштоп калдым. Алдыдагы табышмак күндөн кабар жок бактылуу күндөрүбүздү кечирип жаттык. Былтыркы жылдан сабак алып калсак керек суук түшкөндөн баштап эле отун суубузду даярдап кышка даяр болуп отуруп калдык. Жаңы жылды эл катары тостук.
-Азат барбы үйдө? — эки үй ары турган коңшубуз Самара эже шакылдап үйгө кирип келди.
— Ии ооба үйдө, келгиле.
-Мен мындай эле, чакырып коёсуңбу?
— Коңшу болуп туруп сырттан кетем дейсиңер да.
— Макул кирсе кирейин. Кичине иштер менен келдим эле.
-Келиңиз жеңе. Тынччылыкпы суукта кантип келдиңиз? — үйдөн Айзатты көтөрүп чыгып , Азат тамашалап калды.
— Азат бош элесиңби? Үч төрт күндүк иш бар . Сени ылайык көрүп келдим. Тиги шаардагы байкеме жумушчу керек эле.
— Макул жеңе үй бүлө багыш керек да. Бекер жатканда эмне. Айзат апасы экөө мен келгиче отуруп турушат,- деп калды. Негедир жумшагым келбеди. Акидей асылган Самара эже эки күндө жүз келди го. Азат да үйдөн шар чыгып кете албай айланчыктап жүрө берди. Акыры тез эле келем деп жүзүбүздөн өөп чыгып кетти. Үч төрт күндө дале дайын жок. Айзатты көтөрүп Самара эженин эшигин кактым. Мени көрүп эле бозоруп кетти.
— Аа сен белең? Эмне болду?
— Эч нерсе эже. Тынччылыкпы Азат менен байланыша албай силерге басып келдим.
— Аа аның деген дагы кармалат го иши бүтсө эле кайрылып келет.
-Кандай жумуш ал? Эмнеге байланыш жок.
— Керек болсо аның байкеме жетпей эле наркотик менен кармалып калыптыр го.
— Кандайча? Кайсы наркотик? Эмне деп турганыңарды түшүнүп турасыңарбы?
— Эмне турасың суукта? Бар үйүңө мен кайдан билейин! Экинчи басып келбе үйүмө!- катуу кыйкырган Самара эже эшикти тарс жаап алды. Кулагым тунуп, эч нерсени сезбей калдым. Түшүм болсо экен, Оо Аллахым эртерээк эле ойгонуп кетсем экен. Дагы кандай күнгө туш болдум эле??? Февраль айынан баштап бир бутум үйдө , бир бутум Бишкек шаарынын борбордук СИЗОсунда калды. СИЗОнун да өзүнүн тартиби болот экен жума сайын акча жана тамак-аш киргизип турдум. Кызым экиге чыгып, апама таштап коюп , кара жанды карч уруп иштей баштадым. Үч ай чуркап жүрүп, туугандардын жардамы менен үй камагына чыгардык. Жардам бербеген адам калган жок өзү. Тууган урук, классташ, айылдаш деги койчу жакшы адамдардан уучубуз кур эмес экен. Аз да болсо ушунусуна каниет кылып кызым экөөбүздүн ууртубузга күлкү уялай түштү. Ал эми Самара эже кыбырап , бизди көрсө тетир карап айланып качып кутулат. Азат дагы мени тыйып коёт. Шүгүр кылалы чогуу отурганыбызга деп . Жаз келип жер тырмалап жашообуз уланып келет. Күздө болуучу сот, Сот алмашып кеткенине байланыштуу кийинки жазга созулуп барды.
— Сот келе жатат, ордуңардан тургула!
Жапырт сот залы ордунан турду.
— Кыргызстан Республикасынын 247-статьясы менен Алымов Азат Касымович соттолот. Айыптоочу жигиттин тили буудай кууруп, үтүр точкагасына чейин баяндап жатты. Бирок жабылган жалаанын бирөө да туура эмес болчу. Тамагын кыра, кабагы салыңкы, сүрдүү кең далылуу сот:
— Айыпталуучуга акыркы сөз!- деп балкасы менен стол үстүндөгү тактайчага бир койду.
-Мен күнөөлүү эмесмин, — деген Азаттын сөзүн уккан адам болгон жок. Сот өзүнүн чечимин чыгаруу үчүн эки саатка тыныгуу жарыялап чыгып кетти. Жалгыз үмүтүбүз соттун чечиминде калды. Адилеттүү сот болушун Жараткандан тилеп көзүмдүн жашы тыйылбайт.
-Сот келе жатат! Тынчтыкты чаңкылдаган кыздын доошу бузуп жиберди.
— Алымов Азат Касымович Кыргыз Республикасынын 247-беренеси менен айыптуу деп табылып, эркинен он эки жылга күчөтүлгөн абалда эркинен ажыратылсын! Сот чечими менен да тааныштык. Оо, Жараткан! Кулагым чуулдап, сот залынан араң чыктым. Жанымда кайнагам бар. Машинесине отуруп айылга бара жатып, өзүмдү билбей ооруканага түшүпмүн. Микроинсульт. Дагы кандай сыноо калды эле? Он эки жыл?! Кандай гана узак убакыт! Он гүлүмдүн бири араң ачылып жатканда эми жашоом күтүү менен өтөбү? Өлгөнүм артык эмеспи ушундан көрө.
— Кагылайын кызым, мени ойлобосоң да Айзатты ойлочу. Сен жок кантет байкушум. Апам жалдырап ыйлап жүрөт. Чындап эле, эмнеге мен өзүмдү ойлошум керек? Кызым кайда? Анын абалы эмне болот? Аз да болсо өзүмө келип чыйрала баштадым. Бишкекке келип, иштей баштадым. Бир фирманын адамдарына тамак жасаймын. Айзатым тыпылдап жашоого эргүү берип жанымда жүрөт.
-Апооов, мамоов атам алышта жүйө бейеби? Бишти шагындыбы? Мен мооомунча шагындым.
— Тилиңден берекем. Сагынды атаң дагы азыраак чыдасак келип калат. Айзатка көргөзбөй ыйлап да алам. Баё жүрөк периштем сезсе керек.
-Ыйлабачы апа. Көйөшүш го мен шоңоюп шишди ыйлатпайм.
-Тилегиңе жетчи балдыраган шириним. Бишкекте бир жарым ай тургандан кийин эле Жалал-Абад шаарына которуп жиберди. Тапканымды тыйынына чейин чогулта баштадым. Күз келип , суук түштү. Кызым ооруп калып, жанагы жардам берип жүргөн кайненемдин абысынына кызымды таштап иштөөгө туура келди. Сөз деген жаман турбайбы сөөктөн өтүп чучукка жетет.
-Кайда жүрөт караңгыда? Кудай бербедиби! Угуза да угузбай да сүйлөнүшөт, мага болсо баарыбир өзүмө Кудай астында АК болсом болду. Сөз териштире турган абалда эмесмин. Белди бекем бууп иштешим керек. Топтогон акчадан берип аркасынан чуркап жүрүп, аз да болсо кыскартууга жарадык. Төрт жыл болсо да кыскарды. Жогорку сотко арыз жазып кайрылганыбыз менен соттун чечими өзгөргөн жок. Акча таап жолдошума жолугуп келишибиз керек эле. Тытынып тыйынына чейин топтоп жүрүп, биз күткөн ноябрь айы келди. Тапканымды түйүп бууп Айзатым экөөбүз Жалал-Абадды көздөй жол тарттык.
Уландысы бар…
Замандашыбыздын айтып берүүсү менен жазылып жатат.