Тагдырдын тар жолундамын. 1-бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=102425&preview=true Кызыктуу окуялар.

Тагдырдын тар жолундамын.

1-бөлүм.

Бактылуу балалык Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Чалкып жаткан көлүм көп нерсени өзүнө камтып алат. Менин балалыгым, сүйүүм, арманым, кубанычым деги койчу баарына көлүм күбө. Шок эселек кез кимде болбойт?

Мен да өз оюн бетке айткан, ата апамын мээримине бөлөнүп жүрүп бой тартып калганымды байкаган жокмун. Шарактаган кыздар менен көл жээгинде жүрүп, сүйүктүүмө жолуктум. Башкалардан өзгөчөлөнүп кыздарды жогору коюп сыйлаганы, ар бир сүйлөгөн сөзү орундуу. Айтор булкунуп эч кимге ээ жаа бербеген жүрөгүм, Азаттын жанында тынч алып ыңгайсыз абалда калып жаттым. Шарактаган мүнөзүм токтоло калып, кыздар да күлүп калышчу болду. Айылыбыздын арасы жакын болгондуктан, күндө, күн алыс көрүшүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анан калса азыр илгеркидей кат ташыган заман эмес да, кол телефон аркылуу байланышып турабыз. Сөзүбүз түгөнчүдөй эмес. Арадан билинбестен бир жыл убакыт өтүп, бүтүрүүчү да болуп чыга келдик. Жаштыктын шары менен мен да чоң окууга тапшырып , бир кесипти аркалоону каалап тургам, бирок Азат мени шаарга жалгыз коё берүүнү каалабай турганы айдан ачык көрүнүп турду.

Азат үй бүлөсүндө бешинчи бала. Андан чоң төрт агасы, Азат, үч иниси жана жалгыз карындашы болуп тогуз бир тууган . Апасы жети жашында, атасы он беш жашында каза болушуп, бир туугандар бири-бирине өбөк-жөлөк болуп күн кечирип келишет. Көп балалуу болуу биздин Кыргыз калкыбыз үчүн анчалык деле өөн көрүнүш эмес. Бирок онунчусу боюнда болгондо Бегай апа элден уялдыбы же кайра дагы бала басты болгусу келбедиби айтор жолдошу Касым ата менен кеңешип боюндагысын алдырып коюуну туура көрүштү. Кайдан билди алдыраарда жаздыраар болуп кырсык тооруп турганын. Күлө багып, эч кимге жамандыгы жок Бегай апа айылдык ооруканага басып келди. Ар жылы болбосо да ар эки жылда кабыл алып көнүп калган айылдык акушер айым да саламына Алик алып ал жай сурашып отуруп калышат.

-Бегай эже кандайсыңар? Касым аба жүрөбү? Кичинекейлер чоңоюп калыштыбы?

— Жүрүшөт , Кудайга шүгүр. Мен сага иштер менен келдим. Билесиң да кичинекейим али баса элек.

— Спираль салыш керекпи?

— Үлгүрбөй калдыкпы дейм. Ичимде бир деме кыбырагансып калды. Кыз болуп калса деп жүрүп тогуз болду . Аллахка шүгүр кызым да бар.

— Аай, эже кызыңызга түгөй болуп калышы мүмкүн да. Эмне кылайын дейсиз?

— Билбей калдым мен да. Алдырып эле койсомбу дегем. Кичинекейим боорун жерден көтөрүп алсынчы.

— Иий, эжеке көрөлү ээ балким жоктур? Акушер айым тыпылдап өзүнүн ишин тыкан жасап текшере баштады. Бегай жаңылбаганын көрүп, али кичинекей кезинде эле алып салууну да туура көрүп койду. Бирок Бегайга азырынча эч нерсе айтпай турууну эп көрдү. Балким оюнан кайтып калаар деп ойлоду. Колун жууп келип:

-Жаңылбапсыңар, эже. Балким төрөп эле алаарсыңар? Жашоо шартыңар да түзүк эле.

— Кой, ай элдин бетин кантип карайм.

— Омей эже ойношуңардан төрөп жаткан жоксуңар го. Элдин иши эмне? Эл айта бериптир.

— Шаарга барып деле алдырып келем. Колуңдан келбесе бир жөн.

— Ну ладно, эжеке качан алалы. Бирок кымбатыраак болуп калат го.

— Акчасынан сарсанаа болбогун. Эртең келем деп шарт туруп чыгып кетти.

Ооба, биринчи жолу алган жокмун го бойдон, ойлонуп кетти мед айым. Канчалагандары келишет, жардам сурашып. Бегай го тогузду төрөп онунчусунан баш тартты. Али бала жытын жыттай элек эселек кыздар келип жаңылып калганын айтышып ыйлап жардам сурашат. Карап туруп кимди күнөөлөйсүң? Жаш кыздыбы же атасындай болсо да «Алтыным» деп акчасын чачып алдаган эркек «сөрөй»дүбү? Ойго алдырган мед айым иш убактысы өтсө да отура бергенин сезбей да калды. Ага Бегайдын чыгып бара жаткан элеси көзүнө улам эле көрүнүп жүдөтүп да жиберди. Этек жеңин кагып ордунан туруп, үйгө кайтуунун камын көрүп жөнөп калды.

Эртеси таң ата ишке келсе, кызыгы Бегай ошол жерде күтүп турган экен.

— Омей, эже кандайсыңар? Түнөгөн жоксуңарбы деги? Күлүп калышты.

— Билбейм негедир уйку жок. Кабатыр болсом керек улам түшүмдөн чочуп ойгонуп кетип жаттым. Демейде тынч уктаган кызым да ыйлактап чыкты. Түшүм жаман, тфу-тфу жакшылык эле болсунчу. Күбүрөнгөн Бегай догдурдун артынан ээрчип кирди. Көңүлү тынч алалбай улам түндөгү түшү эсине келе калат кылт этип. Тообо, көп нерсени эстей албай убара, ал эми бул түштөн кутула албай койду го. Курсактан алган кызыл этти алаканына салып берип, догдур:

-Тургула кете бергиле ушуну каалабадыңар беле,- деп күлүп жатат. Ары жактан алысыраактан чоң апасы күбүрөнүп -Келе балаңды, ансыз да алсызсың , жүрү тиякка баралы.

-Чоң апа токтой тургулачы, балдарымчы? Кайда барабыз?

— Балдарыңдан санаа тартпа тирүүлүк түгөнбөйт, Касым бар. Жүрү батыраак, күтүп калышты. Өңү кубарган Бегайды көрүп, догдур чочуп кетти.

-Жакшы элесиңерби, Бегай эже.

-Жакшы, жакшы. Баштай берсең болот, мен даярмын.

— Эже туура көрсөңөр уйку дарысы жок эле жасасам окшойт.

— Өлүп калсын дейсиңби? Өзүң жакшы билесиң го наркозу жок кыйкыртып өкүртүп тазалаганга караганда, сен да тынчыраак тазалайсың. Сүйлөгөнү менен өзү да каалабай турду наркозду. Тазалап бүтөөрү менен Бегайды ойготууга далалат жасады. Жакшы эле ойгонуп, аман көз ачканына шүгүр келтирди. Кетүүгө камынып калганда догдур болбой жаткырып койду. Кызынын ыйлап калганын эстеп каршылык кагазына кол коюп чыгып кете берди. Келсе балдардын курсагы ач, кызы да ыйлап калган экен, ден соолугун унутта калтырып дароо эле шымаланып үй тиричилигине кирип кетти. Жаны тынбай Касымдын -«жат» дегенине да кулак сала бербеди. Качан караңгы киргенде, бели ооруганын сезди. Тынбай кыймылдагандыкы да деп санаа тартпай жата кетти кыйшайып. Кан келүүнү адаттагыдай эле көрдү. Төрөгөндөй эле болдум да деп өзүн тынчтандырып, жатып алышты. Эртеси өзүн жаман сезип калганын билсе да балдарын тойгузуп, күнүмдүк тиричиликке сүңгүп кирип кетти. Жаны аябай көзүнө көрүнүп кыйнала баштаганда Касым ооруканага алып жөнөдү.

-Касым, менде таарынычтарың жокпу? Аздыр көптүр бирге жашадык. Катуу айтсам кечирчи.

— Жөн отурчу, кайдагыны айтпай. Ал деген закон ченемдүү көрүнүш.

— Ошентсе да эгер бир нерсе болсо балдарды жакшы кара. Кызыбыз жаш, абайлап кара. Баары эркек балдар түшүнүшпөйт да, сен деген ата эмессиңби. Эмнеге мынча керээзге окшогон сөздөрдү айтканын өзү да байкабай калды. Ооруканага жаткырып коюшту каршылыгына карабастан. Анткени Бегайдан көп кан кетип калганы дайын болгон эле. Бир-эки күндө өзүнө келе албай, Бегай жакындарын таштап оо дүйнө кете берди, жалгыз Аллага жакындарын аманат кылып. Балдары өзүнчө ыйлашып, Касым болсо жалдырап ыйлаганга да жарабай жүрөк тушун мыжыгып жатып калды. Эптеп биринчи жардамын көргөзгөн эл, ыйлабаган жан калган жок.

— Каралдым ай, ушундай балдардын көздөрүн жалдыратып, мени карыганда кан жуттуруп таштадыңбы? Канчалык кайраттуу болбосун Бегайдын өлүмү апасын бүк түшүрө койду. Өлгөндүн өзүнүн эле шору турбайбы. Ыйлап сыкташып айыл аксакалдарынын тейлөөсү менен сөөк да коюлуп калды. Акыркы сапарга узата албай Касым эки-үч күнгө барып өзүнө араң келди. Жүрөк менен ойнобогула, жатып дарылангыла деп урушуп дарылап жатышты.

-Туура, аябай оор абалда калгансыңар, бирок жок дегенде балдар үчүн керексиңер го дешет бир ооздон баары сүйлөшүп алышкансып.

Ошентип Азат апасынан айрылганда жети гана жашта калды. Кыз бала болсо да оңойураак болот беле ким билет. Эң чоң уулун Бегайдын апасы багып алгандыктан, кызын да кошо багып алды. Кантсин анан кимге таштамак эле. Касымдын абалы болсо бул болсо. «Өлбөгөн жанга жаз келет» болуп, өлбөстүн күнүн көрүп жылдар өтө берет. Жүрөгү ооругандан бери Касым да тыңгылыктуу боло албай убакыт өтүп, Бегайдын аркасынан сегизинчи жыл дегенде кете берди. Эң кенжеси 9-10 гана жаш болуп ата-энесинен калып калышты.

Ушуга окшогон аянычтуу тагдырды уккандан кийин окууну да жыйнаштырып койдум. Атамдар да бактылуу болсоң болду, «көзү күлүп турат, жашоодо күчтүү, адилеттүү, калп сүйлөбөгөнү» жакшы сапаттарын эсептеп бүтө албай койдук. Жардамыбызды аябайбыз кызым деп күлүп жүрүштү. Убакыт учкан куш экен Азатка өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүрдүм.

— Жаным.

-Оов, бир деме айтчудай болосуң да.

— Айталбай жүрөм.

— ??? Үнсүз Азатты тиктедим.

— Жүрөгүм жарылып кетчүдөй болуп жатат.

— Бир нерсе болдубу?

— Агаларым үйлөн дейт.

Чынында мен да күткөн эмесмин да. Унчукпай эле туруп калдым. Азаттын абалын сөз менен жеткирүү кыйын эле. Жаңы жыл болооруна да аз калган.

-Макулмун. Оозумдан кандай чыкканын байкабай калдым.

— Жаным, жан биргем. Билгем мен жооп берээриңди. Он мүнөт мурда унчукпай туруп алсаң, коркуп да кетпедимби.

-Эмне дээримди билбей калдым. Күтпөсөм керек. Азат экөөбүздөн башка эч бир бактылуу жандар жок эле.

Январь. Кар тегиз жатат. Кышкы чилде. Күздү күткүбүз келбедиби же аппакай карда сүйүүбүз аппак болсун дедикпи, турмуш жолуна ошентип кыштын чилдесинде аттандык. Айтып өткөндөй жашоо арабасынын оордугун эч кимге салбайлы деп үйлөнгөнүбүзгө бир жума болгондо Россияны көздөй жол тарттык. Көккө көтөрүлгөн учак булут жиреп учуп бара жатат. Кызык, өзү темирден суукта тоңуп калбай, ысыкта ысып кетпей канчалаган тонна жүктү көтөрүп, абада камгактай гана учуп бара жатат. Азаттын далысына башымды койгон мен ушуларды ойлоп бара жатып көзүм илинип кетиптир. Караңгыда жол таппай эле кыйналып жатып, Азаттын -«Жаным, эмне кыйналып жатасың» -дегенинен улам ойгонуп кетип, көл шал тердеп калганымды билдим. Тообо , дагы ой кучагына чумкуп кеттим. Ойдон кутула албай кантип учак жерге конгонун байкабай калыптырмын. Эх, Москва. Москвага да келип түштүк. Тааныш аркылуу келгенге кыйынчылык деле жаратпады.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️