Пример HTML-страницы

Түптүн Талды-Суу айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров билдирди.

Маалыматка караганда, райондо калкынын саны боюнча Түп айылынан кийинки 2-орунда турган, бир кезекте райондун борбору болгон Талды-Суу айылында ыймандуулукка, ынтымакка жана адамдарды бир туугандыкка чакырган мечит демөөрчүлөрдүн тарабынан салынды жана пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылыш аземине Түп районунун акими Каныбек Адиев жана сырттан келген коноктор, айыл эли катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE