“Өтүндө ташы бар экен”, “ташын алдырыптыр” деген сөздөр азыр жаңылык деле эмес. Учурда өт ооруларына чалдыккан адамдардын саны өсүүдө. Бул эмне себептен болот, деги эле адамдын өтү эмне кызмат аткарат, адам өтсүз жашай алабы? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.
? Өт эмне кызмат аткарат?
Өт – сары, күрөң же жашыл түстөгү, даамы ачуу, жыты бар орган. Ал тамак сиңирүү менен байланышкан ар түрдүү кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын иштешин жөндөйт. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет, холецистокинин жана секретин гормондорунун иштешин жөнгө салат жана бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле белоктордун сиңиши үчүн маанилүү болгон ферменттерди активдештирет. Андан сырткары өт бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Холестерин, билирубин сыяктуу заттарды бөйрөк тазалай албайт, алар организмден өттүн жардамы менен бөлүнүп чыгат. Организмдеги холестериндин 70 пайызы өттүн жардамы менен заң аркылуу бөлүнүп чыгарын адистер айтып келишет. Өт ооруларыӨттө таштын пайда болуусу. Туура эмес тамактануудан, өсүмдүк майларына караганда жаныбарлардын майын көп колдонуудан, ашыкча салмактуулуктун негизинде май алмашуунун бузулушунан, боордо инфекциянын топтолушунан жана боордун уулануусунан улам өттө, боордо, өт жолдорунда кум пайда болуп, ал бара-бара ташка айланат. Өттө таш жаш өткөн сайын көбөйөт. 80 жаштан өйдөңкү аялдардын 45-50 пайызы ушул оору менен оорушат. Ал эми эркектерде аялдарга салыштырмалуу 3-5 эсе аз, жаш балдарда да аз кездешет. Өттө таштын бар экендиги билинбей жүрүп, таш чоңойгондо же көбөйгөндө гана алгачкы белгилери билине баштайт.Стеаторея. Бул оору организмде май кислоталарынын, майлардын, витаминдердин жоктугунан, ичегилердин ылдый тарабынын оорушунан пайда болот. Мында өттө майды сиңирүүчү өт кислоталары жетишсиз болуп организмдеги майлар сиңбей, заң аркылуу сыртка чыгып кетет. Заңдын өңү ак же боз болуп өзгөрөт.Өттүн сезгенүүсү. Бул оору холецистит деп аталат. Бул өтө кооптуу жана кеңири жайылган оору болуп эсептелет. Заматта кармаган түрү курч холецистит, акырындык менен байкалган түрү өнөкөт холецистит болот. Бул оору көбүнчө 40 жаштан өткөн аялдарда кездешет. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай ооруйт. Өнөкөт холециститке кабылган учурда өттү алып салууну сунушташат.Өт полипи. Бул дарт дүйнөдөгү адамдардын 5 пайызында кездешет жана анча коркунучтуу эмес. Бирок зыяндуу шишик түрүндө да кездешпей койбойт. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.Өттүн рагы. Өт рагы оорусу көбүнчө 50 жаштан өйдө аялдарда кездешет. Шишик акырындык менен өттүн бардык тарабын жабыркатып, боорго таркайт. Эң негизги алгачкы белгилеринин бири – оң кабырганын астынын оорусу, өзгөчө түнкүсүн оорунун күчөшү.
? Өт оорулары эмнеден улам пайда болот?
-Өт оорулары негизинен туура эмес жашоо образын алып жүргөндөн, ачуу, майлуу, туздуу тамактарды, ун азыктарын көп колдонгондон пайда болот. Анан кыргыздар кечки тамакты өтө кеч жеп, тоюп алып жатабыз. Мына ошондон да тамак сиңирүү бузулуп, натыйжада өт жабыркайт. Андан сырткары аз кыймылдоо да өт ооруларынын пайда болушуна алып келет.
? Алгачкы белгилери кантип билинет?
– Өт ооруларына чалдыккан адамдын кускусу келет, кусат, өзүн толуп кеткендей сезет, ичи катат. Анан тамак ичкенден кийин кыйналат, бир аз жесе эле тойгонсуп калат, ичи көбөт жана кекире берет. Мына ушулардын баары өттүн жабыркагандыгын билдирет.
? Кайсы учурда өт алынып салынат?
– Бул эң олуттуу маселе. Азыркы учурда жадагалса жаштардын өтүн алып салган учурлар көп кездешүүдө. Бул, албетте, оорунун алдын албагандан, убагында дарыланбагандан болууда. Көбүнчө өтүндө ташы көбөйүп кеткенде өт алынып салынат. Өттөгү майда таштар бара-бара чоң таштарга айланып боорго терс таасир этет, кээде өттөн ылдый жайгашкан органдарга – карын астындагы безге, он эки эли ичегиге, башка ичегилерге түшүп кетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасы бузулат. Мына ушул убакта башка органдарга зыян келбеши үчүн өттү алып салат. Бирок убагында дарылоо курстарынан толук өтүп, туура тамактанса эле өттөн ажырабайт. Азыр өт ооруларына каршы ар кандай чөптөр бар. Андан сырткары кадимки минералдык сууну ичүү менен да дарылоону жеңилдетүүгө болот.
?Алынып салынгандан кийин адам өтсүз канча жылга чейин жашай алат?
— Өтсүз канча жыл өмүрү болсо, ошончо жыл жашай берет. Бирок өтүн алып салгандан кийин диетаны бузса, дарыгердин көрсөтмөлөрүн толук аткарбаса, тескерисинче, оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан эң негизгиси өт ооруларына кабылган адам тамактануусун көзөмөлдөөсү керек.
? Өт жок болсо, анын кызматы үзгүлтүккө учурап калбайбы?
– Өт биринчи боордон чыгат. Аны алып салгандан кийин кайра эле боордон акырындык менен өт пайда болот. Бирок жаңы пайда болуп келе жаткан өткө зыян келтирбеш үчүн бул убакта аз-аздан, бат-баттан тамактанып туруу сунушталат. Мына ошондо өттүн кызматы үзгүлтүккө учурабайт.


















































