МАННЫЙ КРУПАДАН ЖАСАЛГАН БЕТКЕ МАСКАЛАР

https://kyrgyzcha.site/?p=102513&preview=true Пайдалуу кеңештер.

МАННЫЙ КРУПАДАН ЖАСАЛГАН БЕТКЕ МАСКАЛАР БЫРЫШТЫ ЖАЗЫП , ТЕРИНИ АЗЫКТАНДЫРЫП , УКМУШ ТАЗАЛАЙТ!

 

✔2 аш кашык пиво

2 аш кашык манка

100 мл.сүт

1 чай кашык суу май

 

Сүткө манканы салып 5 мүнөт кайнатып, оттон чыгарып пиво менен суу майды кошуп аралаштырып 5 мүнөт капкагын жаап кое турасыз . Андан кийин таза бетке сүйкөп 30 мүнөт коёт туруп жылуу суу менен жууп, крем сүйкөп коёсуз . Бул маска бетти эң сонун азыктандырат.

 

 

✔2 аш кашык манка

1 жумуртканын сарысы

1 чай кашык бал

1 чай кашык оливка майы

 

Баарын аралаштырып бетке сүйкөп , тынч жатасыз да биринчи жылуу ,анан муздак суу м.н жууп коёсуз. Бул маска бетти тартып бырыштарды жазат.

 

✔ 2 аш кашык манка

50мл.кою каймак же сметана

 

Бетке сүйкөп 15-20 мүнөт кармап анан жууп саласыз. Кургак беттерге табылгыс маска.

 

✔2 аш кашык манка

2 аш кашык оливка майы

 

Бул бетти пилинг кылчу каражатка айланат. Колду майга малып анан кайра манкага маласыз дагы бетке массаж сыяктуу сүрөсүз. Беттеги өлгөн клеткаларды тазалап, сонун пилинг болот.

 

👍👍Маскаларды 2 күндө бир алмаштырып жасай берсеңиз, жыйынтыгы сизди сүйүндүрбөй койбойт

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️