Пример HTML-страницы

Ошто ооруканага барган тургун медайымды сөгүп, чачынан кармап, эшикти сүздүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жашаган тургун ооруканада иштеген медайымды сөгүп, денесине жаракат келтирген. Соттун чечими менен анын кылмыш иши кыскартылды.

Айыпталуучу Ринат (аты өзгөртүлдү, Р.Г.А.) 1989-жылы Ош шаарында туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 1 кызы бар. Убактылуу эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес.

Баш коргоо чарасы катары 2023-жылдын 29-майында башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) 1-бөлүгү менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2023-жылдын 8-майында саат 21:30 чамасында болгон. Ринат Ош шаардык клиникалык ооруканасынын нейротравмотология бөлүмүндө медайым, жабырлануучу — 1993-жылы туулган Заринаны (аты өзгөртүлдү, М.к.З.) оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, чачынан кармап тарткылап, бөлмөнүн ичиндеги эшикти сүздүрүп, денесине залал келтирген.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун баш мээси жабык түрдө жабыркап, чайпалганы, жеңил дене жаракатын алганы аныкталган.

Ринат Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 15-июнундагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, ага 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, тактап айтканда 35 000 сом айып салынган.

Аталган өкүм менен макул болбой, айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда Ош шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, жабырлануучу менен жарашууга жетишкендигине байланыштуу кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранган.

Сот отурумда Зарина Ринат менен өз ара келишип алгандыгын жана эч кандай доосу жок экендигин билдирип, кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранды.

Мамлекеттик айыптоочу тараптар өз ара келишип алышса, кылмыш ишти кыскартууга каршы эместигин билдирди.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 9-августундагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, жактоочунун апелляциялык даттануусу канаттандырылды.

Айыпталуучу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE