Пример HTML-страницы

Ошто дарыгерлердин ыкчам кабарынан кийин 28 жаштагы жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жашаган 30 жаштагы тургун Д.И. миздүү нерседен жараат алып, каза болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы Ж.Э. кармалды. Маркум каза болгону тууралуу «102» кызматына дарыгерлер кабарлашкан.

«Кылмыштын изи сууй электе кайгуул кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну — 1994-жылы туулган Ж.Э.ни кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE