Пример HTML-страницы

Мектепте мугалим окуучуга кол которгону туурабы?

https://kyrgyzcha.site/?p=35849&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Мектепте мугалим окуучуга кол которогону туурабы?

 

Күчкө эмес акылга таянган коом куруу үчүн зомбулукту токтотолу!

 

 

Аламүдүн районунда 30 жылдык тажрыйбасы бар эжей окуучуну жулмалап, ыдык көрсөткөнү коомдук талкууга жем таштады; Кара-Суу районунда дене тарбия мугалими — ошол мектептин директору — сабакка көңүлү чаппаган 8-класстын окуучусун бутун сындыра тепти.

 

Кечээ күнү дагы бир замандашыбыз бала-бакырасын каратып туруп, болушкандарды ашата сөгүп, жерден тура албай жаткан өмүрлүк жарын башка тээп кулатты. Ал окуяны көргөн адамдын жүрөгү чыдап тура алчудай эмес. Бир күн өтпөй башка жеген келин күйөөсүнө эч дооматы жок экендигин билдирген маалыматтар чыкты.

 

Ал ортодо интернетте ар кыл флешмобдор уюштурулуп, анын негизги мазмуну “биз ата-энебизден, мугалимден таяк жеп эле чоңойдук, мыкты адам болдук” деген пикирлер көп айтылууда.

 

Cоциалдык тармактардан алынган, интернет колдонуучулар тарабынан көп бөлүшүлгөн пикирлердин айрымдарынан мисал келтирсек:

 

“Билимсиз болуп тагдырдан таяк жегиче билим берген мугалимден таяк жеген нанга май сүйкөп жегендей эле да чиркин!”

 

“Мени мугалимдер урушат эле, урат эле. Себеби көк мээ болуп калбасын дешкен экен. Ошого мен мугалимдерге ыраазымын. Ата-энем дагы мага эч качан болушкан эмес».

 

“Тентек окуучунун укугун коргопсуңар, а мугалимдин укугун ким коргойт?”

 

Жогорудагы билдирүүлөрдөн замандаштардын арасында зомбулуктун түрлөрүн норма катары көргөн коом экендигибиз көрүнүп калгандай.

 

Ошол эле мезгилде бул жагдайлар эзелтеден келе жаткан каада-салтыбыз дегендер да жок эмес.

 

Ата-энелер балдарга эмне себептен кол көтөрүшөт?

Учурда балдарды чоңойтууда, тарбиялоодо жазалоону эң негизги ыкмалардын бири катары коргоп жатканыбыздын себеби эмнеде?

 

Коомчулукта агрессиялык көрүнүштөрдүн үзүлбөстөн уланып келе жаткандыгынын башкы себеби — айрым замандаштарыбыздын — «биз да ушинтип эле чоңойгонбуз» — деп, муну норма катары кабылдап, улам кийинки муунга эстафета катары өткөрүп жаткандыгында.

 

Эл аралык деңгээлде жүргүзүлгөн илимий иликтөөлөр балдарга карата ар кандай зомбулукка тыюу салынган өлкөлөрдө жаштардын арасында мушташтын дээрлик азайгандыгын көрсөттү.

 

Канададагы Макгилл университетинин профессору Франк Элгар саламаттыкка жана билим алып жаткан жаштардын жүрүм-турумуна байланышкан иликтөөлөрдү статистикалык жактан талдап чыккан. Анда 88 өлкөдөн жыйналган 403 миңдей жаштардын статистикалык көрсөткүчтөрү талдоого алынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында балдарды жазалоонун бардык түрү тыюу салынган өлкөлөрдө жаштардын арасында мушташтардын 42%га чейин азайгандыгы ортого чыккан.

 

Андыктан мамлекеттик деңгээлде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө чечкиндүү бөгөт коюп, мыйзамдык жана коомдук жактан каршылык көрсөтүшүбүз зарыл. Тилекке каршы азыркы күнгө чейин балага жана аялзатына карата көрсөтүлгөн зомбулуктарды асыресе көрүнүш катары карагандыктан мындай жагдайлар азайбай келе жатат.

 

Тарбия берүү үчүн кол көтөрүп жазалоого болобу?

Эмне үчүн жапон балдары мектепке баргысы келбейт?

Ата-эненин уруш-талашы баланын ден соолугун бузат

«Мээрим» миссиясы: Ирактагы согуш лагеринен кайтарылган балдар

Агрессияны кантип токтото алабыз?

Адамдын укугу тебеленген ар бир учур тыкыр иликтенип, укук коргоо органдары жана коом тарабынан көзөмөлгө алынышы максатка ылайык.

 

Ар кандай агрессияга, зомбулукка жана улуу кичүүнү таяктоого караманча каршы экендигибизди билдиришибиз керек. Коомчуулукка шардана кылынып, зомбулук көрсөткөндөр мыйзамдуу жазаларын алышып, социум тараптан бул туура эмес көрүнүш экендиги тууралуу так позициялар билдирилип турушу зарыл.

 

Айрым ата-энелер менен сүйлөшкөн мезгилде, балдарды какус-кукус кылып турбаса болбойт, антпесе аларга жетпейт, кутуруп кетет дешет. Ушундай сөздөрдүн коомчулукта басымдуу болгондугунун өзү, биздин коомдун оорулуу экендигинен, чындыктын көзүнө тике карабагандыгынан же маалыматсыздыгынан кабар берет.

 

Эми элестетип көрүңүз, оройлукту, зөөкүрлүктү, аргасыз чыдоону, чарасыздыкты бала кезден көрүп чоңойгон балдар кандай жетилет? Алар кол алдындагыларга кандай мамиле кылат? Албетте, мындай адамдар бул көрүнүштүн абдан жагымсыз болгондугуна карабастан ар кандай өзүн актаган шылтоолорду таап, өзүнүн ийгиликтүү, акылдуу экендигин жар салат. Ошол “ботконун” ичинде экендигин өзү кабылдабайт же этибарга албайт.

 

Конфликтологдор коомчулукта пикир келишпестиктердин чыгып туруусун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карашат. Бирок конфликттерди конструктивдүү жолдор менен гана чече билген коом алдыга жыла тургандыгын дүйнөлүк тажрыйбалар далилдеп келе жатат.

 

Биздин коомдун эң чоң кемчилиги конфликттерди чечүүнүн одуна көбүрөөк жашырып же күчөтүп жаткандай. Анткени кызматташуунун тилине караганда коомубузда касташуунун тили көбүрөөк угулгандай.

 

Биздин коомубузда качан өнүгүү болот? Бири-бирибиз менен, тагыраак айтканда, ата-эне менен баланын ортосунда, мугалим менен окуучунун ортосунда, мектеп менен коомчулук ортосунда жана калк менен бийликтин ортосунда өз ара кызматташууга өткөндө болот.

 

Кызматташтык ойлору, аракеттери, реалдуу кадамдары болгон коом гана азыркы күндө өнүгүүгө жол таштайт. Мындай жагдайда бардык тарап утушта болот, утулган, капа болгон тарап болбойт.

 

Айзаданын өлүмүнө президенттин реакциясы, митинг жана милициянын жообу

Өзүнүн бир тууган инисин бычак сайып өлтүргөн өспүрүм

Балдарга кол көтөрүүнүн кесепеттери кандай?

Балдарды кичинесинен жазалоо, таяктоо бара-бара алардын мээсинде терс өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Мындай адамдар чоңойгондо зомбулуктун ар кыл түрлөрүн физикалык жактан кысым көрсөтүүнү асыресе көрүнүш катары карап калышат. Алар билип-билбестен зомбулуктун уланышына себепкер болушат.

 

Психология илиминде кичинесинен таяк жеп, зомбулук менен чоңойгон адамдарда төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрдү белгилешет:

 

Алар жалтак, коркок болуп калышат. Башка бирөөлөр тарабынан ага карата агрессия көрсөтүлсө аны норма катары карашы мүмкүн. Натыйжада бул адамдардын өтүмдүүлүгү жок. Ошол эле мезгилде ага көз каранды болгон адамдарга агрессия көрсөтүшү мүмкүн.

Экинчи топко киргендер өзүн күнөөлүү, татыксыз сезет. Алар мага чала болот, антпесе жетпейт дегендей кабылдайт. Алар дайыма өзүн күнөөлүү сезишип, ар кандай зомбулуктарды асыресе көрүнүш катары карашы мүмкүн. Өзгөчө кичинесинен энесинин атасынан таяк жегенин көрүп чоңойгондор “чыдамкай” келишип, зордукчул эркектердин азабына баш көтөрүшпөйт.

Кээ бир адамдар болсо ашыкча зордукчул болуп, күчтү гана таанып, акыл менен эмес бардык көйгөйлөрдү күч менен чечкен адамга айланат. Алар өзүн жактыра бербейт. Башкаларды да жактырбайт. Бардык маселелерди күч менен чечишет. Алардын жан-дүйнөсү тынч эмес. Критикалык моменттерде өздөрүн кармана алышпайт. Андай адамдар кумар же ашыкча экстремалдык оюндарга берилип, маал-маалы менен депрессияга да түшүп кетиши мүмкүн. Адатта ушундай адамдар таяктоо, какыс-кокус кылууну норма катары кабылдап, даңазалагандар. Алар билип-билбей ал травмасын жашырат. Элди артка тарткан бул агрессиянын уланышына себепкер болушат.

Айрымдар зомбулуктун уланып жатышынын дагы бир себеби катары зомбулукка кабылган бала же аялзатынын жооп кайтара албагандыгы менен түшүндүрүшөт. Эгерде алар күчтүү болсо, зордукчулдар аларга каршы зомбулук кыла алмак эмес. Мисалы, жолуңдан килтейген дөбөт чыкса, сен ага батынып, кол көтөрөт белең? Албетте айланып өтөсүң.

 

Бирок биздин коом кара күчкө таянбастан тескерисинче кызматташтыкка, мыйзамга жана өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген коом болушу максатка ылайык.

 

Биз кандай коомду кургубуз келет?

Өз ара түшүнүүчүлүккө, мыйзамдарга, жалпы коомдук жыргалчылыкка негизделген коом кургубуз келеби же коркууга, эки жүздүүлүккө, көрө албастыкка, күчтүү алсызды кемсинткен коомбу?

 

Күчкө таянган коомдо мыйзам иштебейт, ал жерде коркуу менен башкарылат. Коркуу болгон жерде өнүгүү болбойт. Кошоматчылык гүлдөйт. Эки жүздүүлөрдүн саны артат. Акыйкаттык жоголот. Азыркы күндө кара күчтү даңазалап, таяктоону, жазалоону балдарды тарбиялоодогу маанилүү көрүнүш катары карагандардын дээрлик көпчүлүгүндө жашырылган травма бар.

 

Балдарыбыздын кичинекейинен зирек болушу, өзүнө ишенген инсан катары калыптануусу кызматташтык аркылуу өнүгөт. Алар ааламдык алкакта өз ордун таба алышат. Жоопкерчилик таяктоо аркылуу калыптанбайт. Сүйлөшүү, кызматташуу, ойлонууга түртүү аркылуу жаштарды, кийинки муунду дагы күчтүү кыла алабыз. Улуулар өзүбүздүн үстүбүздөн иштейли. Изденели. Балдарыбыз менен чогуу өнүгөлү.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE