КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨК (21-бөлүм.)
Жантөрө китеп окуюн деп,аны да көрдү.Бир китепти бүт окуп чыкса да,мазмуну эмне экени,жадында жок.Арак ичип,бир жыргап уктап алып,тургандан кийин айлан көчөк атып,башын көтөрө албай кусуп, бир бөлмө толтура Элчини көрүп,эси ооду.»Жолу ачылсын,ки-
чине чикирттеп жүрөт»дешип,түлөө
өткөрүштү.Ниада деле тирүү экен,
баягы татар молдо кайсы канды кечип турганымды айтты деген су-
роого жооп таппай убара.Элдин ба-
тасын алган соң,жан дүйнөсүндө
тынчтык орноп,жеңилдегендей бол
ду.Күүгүм киргенде эле,көп көлөкө
пайда болуп,чычкан аңдыган мыш
ыктын абалында,көлөкөлөрдү элең
деп карап,тымып калат.Жасаган
ишинин баш аягы жок.Ишеналы да,
кирип чыгып нааразы:-Же сен жанда жок жалкоосуң,же чын эле
диагнозу жок оорусуң деген Ишеналы кечке сүйлөнүп,тирүүнүн
өлүгүсүң,дегенге чейин барды.
Ал түнкүсүн да,дубал чырагын жандырып жатчу.Бүгүн аба-ырайы заматта бузулуп,күндүн көзү көрүнбөй,алай-дүлөй шамал болуп,чагылган так жанына түшкөнсүп,жаркырап,ал жарыкта Элчинин өзүн беттеп келе жатканын көргөн Жантөрө тизесин тумшугуна жеткире,бүрүшүп жатып калды.Апасы Жантөрөмө деп,жеңил хан атластан ичине ташкент бөзү иштелип,жүн менен кебезди беттеп салган чоң жууркан ары жылуу,ары одеялдай абдан ыңгайлуу.Жантөрө башындагы куш жаздыкты оңдоп,аябай кымтына,чоң молдо жазып берген келмени айтып көзүн жумду.Атамдын айтканы туура,же тирүү эмес,же өлүк эмес,кара жанымдын кайгысын тартып,көлөкөдөн коркуп,жашап келем,өмүр бою жаңылыштыгымдын,эссиздигимдин азабын тартамбы,үй бүлө күтөйүн деген далалатым да,текке кетти.Аялымдын этегине корголоп өмүр сүрөмбү,ал тынч алып,көзү илинип кетти.Жыландай мупмуздак кол бетине тийип,ал үн чыгарганча,муздак алакан анын оозун басты:-Нары жат,абдан үшүдүм.Мен баягы Ниада жаткан жердемин,деңиз соолуганы менен,жээктин баары кумга сиңген кан,ал жер көрүстөн экен да,жүрү кеттик,Ниада да кетип калыптыр.Же артымдан келип кал,ал төшөктөн суурулуп чыкты да,көздөн кайым болду.Түш көргөндөй болуп,ордунан туруп,демейде эшикке караңгыда чыккандан корккон Жантөрө шарт эле туруп,чыгып ата-энесине көрсөтпөй,шыпка каткан болгар тамекиси «Опалдан» бирди алды да,эшиктин тепкичине олтуруп,күйгүздү.Тирүүлүгүң да курусун,убара жашоо,түбөлүк жайың тигил жакта болгон соң,кыйналып эмне кылам,Элчи келсе,ээрчип эле кетиш керек.Менден артык тирүүнүн өлүгү барбы,көрүп күйгөндөн көрө,түңүлүп туруп күйсүн.Байкуш апам да,кыйналып кетти.Ал кайра төшөгүнө барып жата албай,таң атканча алма бакта басып жүрдү.Таң эрте аны алмабактан көргөн Сарамжалдын сүйүнгөнүн айтпа,кудайым муну кайырды деп сүйүнүп,тогуз токоч баабедин айтты.-Таңдын атканынан да,жаандан кийинки абаны кара,чыйрыгып каласың,үстүңө кий деген эне байкуш,беш жашар баласын аягандай,басып кетти.»Кеттик» деген Элчинин сөзү кулагынан кетпеген Жантөрө,Элчи азыр жүр десе кетчүдөй болуп,элтеңдеп,бир орунга токтоно албай жатты.
Канчадан бери таңкы чайды чогуу иче элек үчөө,бүгүн чогуу олтуруп ичишип:-Апа,мен Гүлбар эжемдикине барып келейин деген,Жантөрөнү таң кала караган Сарамжал,барып келсең барып кел,канчадан бери бар десем барбадың,ал жайын билсең,билип кел деп,сүйүнүп кетти.Түшкү автобуска энеси берген боз баштык
ты көтөргөн Жантөрө,коңшу айылга
тез эле келип,түшүп калды.Жезде-
си саман тартканга кетип,эжеси
анын келгенине жетине албай,та-
мак асмакчы болду эле:-Шашып жү
рөм,учурашканы эле келдим.Окуу-
ма кетем деген Жантөрө,келгени-
нен кеткени бат болуп,жолго узатып чыккан эжесин жалооруй
карап,кемпир-чалды силерге тап-
шырдым деп,эжесин көкүрөгүнө кысып,чекесинен шуу-шуу жыттады
Биротоло,Гүлнар эжемдикине деле
бара кетейинчи деген ой келди да,
жолдон өткөн машиналарга кол
көтөрө,кийинки айылга да жетти.
Гүлнар шаарга кеткен деген кайын
энеси,эзели келбеген кудасына көр
пө төшөк салып,чайын берип,конок
болуп кетүүсүн өтүндү.Жантөрө ал
жерден да,тез эле чыгып,кайдадыр
бир жакта иши калып жаткандай
үйүнө шашты.Ушунча баргандан кийин,конок деле болсоң болмок деген Сарамжал,
уулунун эки жакка жалгыз чыкка-
нына сүйүнүп,кудайым муну балээ-
ден куткар деп,тилеп жатты.Кеч ку
рун кызга барчудай кийинип,тырма
гын эшик түбүндө алып жаткан Жантөрөгө:-Караңгыда кайда,кеч убакта тырмак албайт деген апасы,
аны ушундай бир суктук менен ка-
рады.Жантөрөнүн бети нурданып,
баягы өзү гана эмес,ичкен чыны-
сын жерге коюп,ал өтүп бараткан-
да,терезесинен башын чыгарчудай
карап,суктанган кыздарга окшоп,
бир саамга карап турду.Балдар менен жолукмакмын деп,оозу бош
айткан Жантөрөгө,Сарамжал эч
нерсе дебеди.Анын кимдир бирөө
менен кадимкидей эле сүйлөшүп
жатканын укту Ишеналы:-Тажадым
кантип кетээримди билбейм.Бар-
дык көлөкөдөн корком.Алар ким-
дер,сени да,ээрчишчү беле,азыр
топ-топ болуп келип алышкан,алар
эмнеден коркот билесиңби,атам да,апам да кээде көрүп калышат,
бирөөлөр жүргөндөй деп,атам кан-
ча ирет эшикке чыкты.А мен алар-
ды канча ирет көрдүм.Биринчи Ниададай көрүнчү,анан көбөйүп кетишти деп,көчүгүн кагып,ордунан
турду.Ишеналынын үрөйү учуп,уулу
нун артынан кирди,үйгө.
(Уландысы бар.)








