Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 6

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Торот уйунун оозунан вахтасы киргизбей жатканына козум тушуп, терезе жагына отууну туура кордум. Торот уйунун алдында козум тешилгиче карап, оюмда сени азыр кайсы палатада жатат болду экен деп жаттым. Уч кабаттын бетиндеги жык терезелерге козум ары бери жугуруп жатты. Жамында туруп бироосу » Шайыр» десе , бириси «Асел» деп, дагы бироо дагы паланчаа деп кыйкырат. А арыда жашы бир топ эле болуп калган байке жубайы менен суйлошуп жатты. Алар улам улам мени бир карап, колумдагы гулду бир карап коюшат. Тартынып туруп унумду орто кылып «Айсулуу» деп сени чакыра баштадым. Бир маалда бир терезеге башка эле бир келин чыгып, мага кол булгап:

— ………………… !

— Яааааа?

Кочодогу ызы чуу, машинелердин добушунан эч нерсеси угулбай жатты. Мен жакыныраак басып келип:

— Сиз мага айтып жатасызбы?

-Ооба! Куто тургула, Айсулуу бала эмизип жатат!

— Ааа рахмат!

Дарак тубундо уйкуга мас болуп турган Мансур мени коздой басып келип;

— Эмне болду досум?

— Азыр дейт.

— Толкунданып жатасынбы?

— Айтпа досум. ( коздор жалтырап, кулуп)

— Буюрса баары жакшы болот. Азыр ичине киргенде корундугун сурашса керек э?

— Ооба анысы да бар….

Мансур экообуз аны муну суйлошуп турганча жанагы терезе кайра ачылды. Алыстан кызыл халатынан эле дароо сен экенинди тааныдым. Алактап эле;

— Кандайсын? Ахыбалын жакшыбы?

Башын ийкеп колу менен торот уйунун оозун койдой жансап киргиле дегендей кылдын.

— Ии макул, азыр мына!

Шашыла бушула далдактап жугуруп эле кирип, кайра вахтадагы аял менен суйлошууго оттук. Анын колуна бирдемесин кармата салсак эле, жузундо дароо жылмаюу пайда болуп:

— Ай иним! Мына мобул тепкич менен экинчи кабатка чыгып, кире бериштеги каалгада аты жондору жазылып илинип турат. Анан келинчегинди чакыртсанар келет ал жерге.

— Макул эже, рахмат.

— Ии мейлигиле… .

Ал жердегилердин баары эле рекет сымал болуп кеткендей сезилди мага ошондо. » Ай атасы! Кызындын киндигин мен кестим!» дагы бироо » Ай ууууй атасы кызынды мен карап жатам» , иши кылып «Атасы , атасы, атасы, » …… Берчулорун берип тим калдым.

Мындай созго кулагым конбогон жаным озумду бир кызыктай сезип турдум. Бирок кызымдын жанына келип карагандан да коркуп турдум. Анын жанында озумду ыплас сезип турдум. Жузун бир карап журогум зырп этип алдым да, эшке кеткенчекти шаштым. Дене боюм калчылдап, озумду ынгайсыз сезип бараттым. Ушунчалык аруузаттын жанында туруп, мынчалык толкунданам деп эч качан ойлогон да эмесмин. Аны жузуно карагандан да козум уялып турду, анткени козум отуп кетпесин деп да сактандым… Тепкичтин жанында кутуп турган Мансур мени коруп эле;

— Досум жакшылеби?

— Ооба…

— Эмне онун бузулуп кеткен?

— Э досум билбейм, мандраж болуп жатам.

Пример HTML-страницы

— Эмнеге? Кызынды корупбу?

— Ошондой го?!

— Э кой антпе! Аяшка корсо эмне дейт!

— Ооба, туура айтасын!

Чынында озумду колго алып, сени корсо эмне дейт деп жаттым. Балким ичинден кубанбай элесин дегендей ой калбасын деп, болушунча кулуп турдум. Ангыча сен келип калдын. Сенин конулунду табуунун жолун издеп;

— Жаным куттуктайм! (бетинен ооп)

— Рахмат! (кулуп)

— Кандйсын аяшка?

— Ааа Мансур, сен да келдин беле? жакшы, рахмат!

— Ооба сени угуп абышкан экообуз туну менен эле жолго чыкканбыз. ( кулуп)

— Ааа …. (кулуп)

— Кыйналган жоксунбу? (тынчсыздана)

— Жооок! ( сыр бербей)

— Сен кыйынсын да ушундай……

— Кимге окшош экен?

— Сага эле, бирок бир эле мындай эле карадым, коз тийбесин деп.

— Ммм оозу сеникиндей балык ооз ( кулуп)

— Албетте атасынын кызы да ( Мансур да кулуп калды)

— Ии атын ким деп коелу? ( ойлуу)

— Ошону мен да жолдо карай ойлонуп келдим эле да,анан биринчи жакшылыгыбыз, биринчи суюнчубуз болаткандан кийин, атын Суйунгул деп койсок кандай болот?

— Ммм жакшыле го ээ? ( мени бир карап Мансурду бир карап)

— Ооба жакшыкен, абышкана жагып жатат го….

— Мага деле жакты… анда митиркеге Бакыт кызы Суйунгул болобу ?

— Ооба, ошондой болот!

— Макул жан!

— Эмне эмнелерди алып келели? Тизме кылып жазып бер, биз алып келебиз…

— Мейли азыр…

Бирок торот уйунун учунчу кабатында кыйналып кыйкырып жаткан торой албагандардын унун угуп, ичимен кайдан оной эле болсун, албетте кыйналдын да деп ойлоп жаттым…

Уч кундон кийин силерди уйго чыгарып келип, мурункудан башкача кызык жана жаны жашоо башталып жатты. Уйкунун планы толбой, экообуз тен уйкуга мас болуп журдук.

Кызыбыздын кичинекей алаканын опкулоп ойногонду адатка айлантып алдым. Жашоо ойдогудай отконсуп жатты. Жумушуман бошодум дегенге сен бактылуу болуп жаттын. Бирок чынында убактылуу эле токтотуп, жумуштан эс алуу алгам 2 айга. Бул тууралуу сен билбейт элен…

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE