—Эмнегедир Алинанын тынчы кетип, куну бою ойлуу журду. Ооба ал Бекташты баарын билуусун каалабай турат да. Ошол себеп эмне кылып жургонун деле билбейт. Кун кечтесе да Бекташ чыгып кеткен бойдон кайта элек. Алина тынсызданып Бекташка телефон чалат. Ал кыжалат болбоосун бир досунун уйундо экенин айтып телефонун очурду. Тун кирип тушунон чоочуп ойгонгон Алина кара терге батып кетиптир. Жанында ширин болуп уктап жаткан уулу Бекнурду коруп, тынчтанып жатып калды. Ошентип узундан узун болгон тан дагы атты. Бекташка дагы чалып абалын сурады. Ал баары жайында экенин айтып бир эки кундо кайтаарын айтат. Алина эч нерседен бейкабатыр оз жумуштары жанада баласы Бекнур мн болуп журуп торт кун да отуп кетти. Кайын энеси да эс алууга кеткен эле кайтып келе турган убагы болуп калды. Бекташ да мына жаны эле кирип келди. —Алина келсен сенде соз бар.
—Макул азыр курсагын ачкандыр мен чай койо койоюн э.
—Чайды койо тур мен сени менен жакшылап суйлошойун дегем.
—Эмне болду анчалык тынччылыкпы деги?
—Мен баарын териштирдим. Кырсыктан кийин эч нерсени эстей албаганым чатак болду. Дагы деле эстей албайм, болгону топтогон маалыматтарым чын жалганын тастыктап бересин. Же мени чыныгы куйоон деп билсен, болгонун болгондой айтып бер озун эле.
—Мм. Мм десе бир кун баарын сурашынды билгем, бирок мынчалык тез келип калат деп ойлобоптурмун. Мен азыр….
—Оор ушкурунуп алды да Алина чыгып барып , сандыкта катылган кичинекей бир чемаданды которуп келип ачты. Анда Нурзаттын суроттору эле.
—Ошол базарда биз жолуктурган аял Мээрим болчу. Нурзаттын апасы болот. Торот уйундо чогу жатканбыз анан куйоосу кызды жок кыл дегенинен аргасыздан мага берген. Экооз аны багып остурдук. Жети жашка толуп кыздарыбыз мектепке барып жаткан. Перизаттын оорусу менен болуп журуп Нурзатты озумдон алыстатып алыптырмын. Азыркыга чейин окуном. Менин айымдан каза тапты. Ошону ойлоп сыгылып журуп сенда мынтип кырсыкка чалдыктын. Башыбызда нечендеген оор туйшукту котордук.
—Алина экобуз мындан ары жашай албайбыз ажырашалы кандай дейсин?
—Сен эмне деп атасын? Куноолорум учун жетишерлуу жаза алдым. Мындан ары бактылуу жашайм деп ойлогон элем, неге мындай кылып атасын тушунбой турам.
—Мен ошол Мээримге уйлонойун деп жатам, бирок сенида таштап койбойм кабар алып турам. Апам менен жашай бересинер балдар болуп чогу. Мен гана чыгып кетем бул уйдон.
—Алинанын тили айланбай калды. Бекташтан бир кун келип мындай создор чыгуусу оюнада келген эмес. Шолоктоп ыйлап которо алган кийимдерин алып Перизат менен Бекнурду алып торкунуно кетип калды. Бекташ тосколдук кылган жок жон гана терезеден сыртты карап тура берди. Алина апасынын уйно да жетип келди да кучактап алып аябай ыйлады.
—Апа ушунча кыйынчылыгымды сизге билгизген жокмун. Мен баарына сабыр кылдым. А бугун болсо мен башка чыдай албасымды тушундум. Бекташ мени менен ажырашам дейт. Оозума соз келбей себебин да сурабай жыйынып келе бердим.
—Сени тушундум кызым болду озунду кармап кучтуу болушун керек. Алдында канчалаган сыноолор турат. Буйурса жарашыпда кетерсинер. Жаштык кылып жашоонорду талкалап албагыла. Бир эки кун тура тур анан Бекташты чакырып жакшылап суйлошобуз макулбу.
—Алина женилдей тушту. Аябай чарчаганбы же ой санаа Алинаны чарчатканбы, уктай кетти. Апасы акырын устун жаап чыгып кетти.
—Журо койгула неберелерим менин жандарым шириндерим. Курсагынар ачып кеткендир э . Силерге даамду тамак жасап берем. Перизат кел отур кызым. Мен Бекнурду тамактандырайын , сен да курсагынды жакшылап тойгузуп ал анан уктайбыз, таятан да азыр келип калат.
—Уч кун отсода Бекташтан кабар жок. Тортунчу куну кайын энеси келди.
—Келин келин кудагый кандай отурастарбы тынч аман.
—Шугур рахмат отурабыз тынч аман.
—Апа келиниз эс алуунуз буттубу жакшы барып келдинизби?
—Оба кызым рахмат жакшы, озунор канттинер. Неберелерим жакшыбы корунбойтда.
—Оба жакшы журушот Бекнурду эмиле уктаткам, Перизат болсо таятасы менен сейилдеп келебиз деп кетишкен.
—Бир азга ункатпай отурушуп калды. Кайын энеси акырын соз баштады анан.
—Я кызым эмне болду силерге. Уйго келсем уч которулуп жатат. Бекташ ажырашам деп жатат себебин сурасам уйлоном башкага дейби ыя.
—Оба апа менда тушунбой турам. Бирону тапкан корунот уйлоном ажырашам дейт. Балдар сага талашпайм деди. Озунун балдарынан кечип жатат апа….
—Кызым айткан акылды ук. Ушунча кыйынчылыктардан отуп келип оной жениле корбо. Бир соо эмес неме окутуп алган тура. Экобуз баарын териштиребиз эмнеге мынтип атканын билели. Балдарды алып уйго жур неберелеримди сагындым.
—Алинанын оз апасы да макул болду. Ошентип кайын энесинин уйуно жоноду. Бекташты чакырышып суйлошушту. Бекташ болсо болгонун баарын атып кирди.
—Апа мен издеп журуп Нурзаттын апасын таптым. Ал аябай начар абалы Нурзатты ойлоп журуп оор дартка кабылып жатат. Создун башынан баштайын. Мен Алинага жолуканга чейин Мээрим деген кызды суйчуумун. Ал мага очошуп куйоого тийиптир тилекке каршы куйоосу начар чыгып уул торобосон ажырашам дей берчу экен учунчусун да торогондо Алина менен бир палатада болуп калып кызын, билбей туруп эле бизге тапшырыптыр. Анан уул да тороптур бирок барибир куйоосу таштап кетип калыптыр. Азыр квартирада турушат экен. Уч баласын аран багып жатат. Кызы Нурзатты жерге бергенин билсе аябай кыйналат. Мен ага уйлоном ал дагы аял бактылуу болгусу келет. Мени деп омур бою кыйналып отуусун каалабайм мага тоскоолдук кылбагыла.
—Бекташ сен баарын эстединби?
—Жок тилекке каршы эстей албай турам. Алина экобуз Мээримди коргон кунубуз эсиндеби? базардан, ошол кундон бери мен аны издедим. Ал экобуздутен тааныйт экен мени жаш кездеги жигити деп тааныса, сени кызыны багып алган келин деп таныйт экен. Андып журуп уйуно чейин бардым, ошол жерде уч торт кун болуп баарынан кабар таптым.
—Мээримди бактылуу болуусун каалап ага жакшылык кылып уйлоном деп турасын. Бирок озундун аялына жамандык кылып бактысыз кылгын барбы. Балдарындын келечеги кандай болот ойлондунбу ошону.
—Апа мен балдарымды таштап койбойм. Тез тез келип турам. Канча суйлосонор да мени оюмдан кайтара албайсынар анан да мен наристени сабап олтургон аял менен жашай албайм. Муну озун айттын мага Алина чынбы?
—Алина тилин жутуп алгандай суйлой албай туруп калды. Бир созсуз ункатпай кийинди да чыгып жоноду.
—Алина кызым кайда жонодун.
— Кабатыр албаныз апа мен кечирек келем балдарды карай турунуз. Бекташда кете берсин жолу ачык ажырашабыз.
—Кудайым аай эмне эле болуп жатат бизге.
—Жол бою коздору кызарып ыйлап бара жаткан Алинанын умуту узулду журогу жараланды. Эдил иштеген ооруканага барып бир аз убакыт болуусун суранды. Эдил менен Алина оорукананын четиндеги ашканага кирип отурушуп баарын айтып берди.
—Эдил ооруканада мага жумуш чыгабы эми иштебесем болбойт. Билесин дипломум бар бир жылдай иштегем анан ошол бойдон уйдо олтуруп калдым.
—Алина кыжалат болбо. Сен кайраттусун баарын женесин. Мен дайыма жанындамын. Жумуш бар иштеп озунду алаксытасын. Убакыт баарын даарылайт.
—Кеч уйуно келди оюндагыдай Бекташ Мээримдин жанына кеткен. Уйго батпай сыгылып балдарына карап соорунуп да жатты. Кайын энеси да эч нерсе дей албайт. Бир канча айдан кийин Бекташ менен Алина да ажырашышты. Мээримге уйлонду Нурзатты кайтыш болгонун да укту Мээрим. Бирок Бекташ жанында экенине кубанып конулуно алып деле койгон жок. Алина кайын энеси менен жашап турган жеринен чыгып кетти. Ата энесинин жалгыз кызы болгондуктан ошол жерге кочуп барды. Эки баласы менен. Бекташ болсо уч баласы менен Мээримди, уйуно алып келип алды. Бекташтын апасы кантсин байкуш ун катпай гана чыдады. Мээримдин куну тууп акырындан Бекташты оз жолуна сала баштаган……….
……………УЛАГДЫСЫ БАР…………