Пример HTML-страницы

Кадамжайда балдарын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда балдарын ар кандай ооруларга каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны 317ни түзөт. Анын ичинен 127си Үч-Коргон аймагында.

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борбору билдиргендей, ата-энелердин эмдөөдөн жана башка тиешелүү дары-дармектерден баш тартуусу баланын толук кандуу төрөлүүсүнө кедергисин тийгизип жатат. Бул көрүнүш алты саны аман төрөлбөгөн наристелердин арасындагы 1 жашка чейинки ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болууда.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Меерихан Асанованын айтымында, бул көрсөткүч түшүндүрүү иштерин жүргүзүү азайганы байланыштуу.

«Буга чейин Үч-Коргондо эмдөөдөн баш тарткандардын саны 142 эле. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин алардын саны 127ге түштү. 1 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көбөйүшү, наристелердин толук кандуу төрөлбөшүнө бир тараптан ушундайларда себеп болуп жаткандай. Бул багытта аталган аймакта түшүндүрүү иштерин күчөтүү, тиешелүү дарыгерлердин үймө-үй кыдырып болсо да иш алып баруу талаптары коюлуп жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE