Пример HTML-страницы

Күлгө айланган Баткендин Капчыгай айылы. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин Ак-Сай айыл аймагындагы Капчыгай айылынын 43 жаштагы тургуну Сүйүнбай Кудайбердиев 30 жыл аралыгында тургузган үйүн бузуп, сүрдүрүп жатат. Анткени тажик тараптын куралдуу кол салуусунда анын да үйү өрттөлүп, күлгө айланган.

Сүйүнбай Кудайбердиевдин айтымында, ошол күнү эртең менен саат 07:00 чамасында снаряддар жарылып, октор жаап баштаганда үч жаш баласын жана жубайын үйдөн араң алып чыгып кеткен. Үйдөн балдардын документтеринен башка эч нерсе ала алган эмес.

«Аялым балдарымдын документин гана алган. Бир катар кийим менен гана чыктык. Балдарым жеңил кийинип чыгышкан. Биз мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Мурдагыдай аткылап, кайра келебиз дегенбиз. Эртең менен уйларымды байлап, төмөн жактагы коңушумду көргөнү барып, кайра кайтканда, үйгө жетпей башталды. Сай менен качтык. Ошол жерде үч саат отурдук. Атышуу эч басылган жок. Саат 11-12де биз тарапты снайперлер атты. Октон жашынып, сайдын ичи менен 50 чакты адам ок жетпеген жак менен качтык. Ошол менен кеч кирди. Кырларга чыгып отурдук, бүт үйдү өрттөштү. Баарын көрүп турдук. Тажиктер үйүмдүн алдына чейин оор техникалары менен келишти. Бул жерден Ак-Сайды, башка жактарды аткылап турушту», — деди ал.

Сүйүнбай Кудайбердиев жубайы экөө өмүр бою жыйнап, курганы бир күндө күлгө айланып, азыр беш баласы менен айласы кетип турган чагы. Учурда анын үй-бүлөсү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы тургундардын биринин үйүндө күн кечирип жатат. Анын улуу баласы аскер кызматында. Бирөө Баткенде туугандарын үйүндө жүрөт.

Окуя болгон күнү Тажикстандын Ворух анклавы тараптан кара кийимчендер, алардын артынан аскер формасындагы куралчан адамдар Капчыгай айылын көздөй бастырып келген. Сүйүнбай Кудайбердиевдин чамасында алардын саны 200гө чукул болгон. Ал ошол аймактагы постторду кайтарып турган кыргыз аскерлер аларга каршылык көргөзүүгө жетишпей калганын айтат.

«Биздин беш аскер бар эле. Анын бирөөсүнө ок тийген. Бирөө зоодон кулап кеткен. Үч эле коруп турган аскер болгон. Алар 200дөй адамга кантип жетишмек эле. Бастырып келгендер биздин айылдагы үйлөрдү күндүз эле өрттөп салышты. Кечинде Ак-Сай, Бакай айылдарын өрттөштү», — деди Кудайбердиев.

Капчыгай, Ак-Сай айылдарына кыш эрте түшүп, оор болот. Мындан улам Сүйүнбай Кудайбердиев бийликтегилер суук түшкөнчө өрттөлүп кеткен үйлөрдү кайра калыбына келтирип, элди киргизсе дейт.

Ушул тапта өрттөлүп, жарактан чыккан үйлөр сүрдүрүлүп, кайра курулуш иштерине даярдалып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментинин Баткен облусундагы адиси Мамажан Зикировдун айтымында, 30га жакын атайын техника тартылып, Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жарактан чыккан үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерин алып барууда.

«Бизге тез арада бүтүрүү тапшырмасы берилген. Күйгөн үйлөрдү бузуп, курулушка аянтча даярдоо милдети жүктөлгөн. 10 күндө бүтүрөлү деген ой-максаттарыбыз бар. Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер катуу аракеттенип жатат. Мүмкүн болушунча ишти эртелетүүгө аракеттенип жатабыз», — дейт Мамажан Зикиров.

Мында тазалоо иштерин алып баргандар даяр болгон аянтчаларга үйлөрду куруу иштерин баштай берсе болот дешет. Алардын негизги максаты ишти эртелетип, кышка калтырбай, элди үйлөрүнө киргизүү экенин айтышты.

27-сентябрь күнү Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына Кадамжай шаарынан жана Кадамжай райондорунун аймактарынан 300дөн ашык ыктярчылар жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери күйгөн үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине тартылган.

16-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусундагы чек арага жакын жердеги жалпы 618 турак жай өрттөлүп талкаланган. Анын 453ү кайра курулуп, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өтөрү айтылган болчу.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE