КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ. (20-бөлүм.)
Ниада Жантөрөнү көрөөрү менен,жүзү өзгөрүп:-Сен неге келдиң,мени шылдың кылып,таштап кетип,кечирим сураганы келдиңби деди,үнү бир башкача чыгып.Ниада эгер кечире алсаң кечиргин,кандай жаза кааласаң мен даярмын деп,тизелей отура калганда:-Сен эмне,эркексиңби?Менин эч бир оюма сени экинчи ирет жолуктурам деп ойлогон эмесмин,сен үчүн досуңдун атасы кам көрүп,моралдык да,материалдык да,чыгымымды төлөп берген.Эгер кечирим сурай турган болсоң,ошол адамга бар.Ал эми бул жигитке чоң рахмат.Менин жоготкон эмгегимди таап келгени үчүн,мени көп учурда бир нерсе ойлонтот,силер мени өлтүрмөкчү болгонсуңарбы же,шылдың кылып гана таштап койдуңарбы,бул эмне кийип кетет деп ойлогон жоксуңарбы?Мейли,азыр баары артта калды.Силер менен спирт ичимдигин ичкен өзүмдө күнөө.Хельсинкинин кооз түндөрүн көрүп,эс алып кеткиле.»Корабльдарды» ошондон кийин тартпай калганмын,бул менин көгүлтүр эңсегеним эле,эми кайрадан баштайм,ушул эмгектеримди сактаганыңар үчүн рахмат.Силерди ойлобогон бир да күнүм болгон жок,айрыкча корабльдарды ойлогондо,силерди каргачумун.Сөзүмдү кайра алдым.Айтмакчы,жер алдындагы павильондо көргөзмөм болот,көрүп кетесиңер деди.
-Ниада,сен мени кечирдиңби деди Жантөрө,да бир ирет тактап.
-Албетте,кечирдим.Мен азыр өч
алууну ойлобой калгам,балким ошол учурда ачуум менен,жаман ишке барышым мүмкүн болчу,азыр
ал оюмдан кайткам деди,эч нерсе
болбогондой.»Өх»деди Жантөрө,оор
жүктөн кутулгандай,эмнегедир тези
рээк кеткиси келди.Ниаданын чын
ниетинен айткан чакыруусуна экөө
ыраазычылыгын билдирип,Шенген
визасынын жоктугун,эртеңкиге калса,мыйзам алдында күнөөлүү
болоорлуктарын айтышып,жылуу
коштошушту да,эки жигит «келебиз»
деген убаданы катуу беришти.Уза-
тып келейин деген Ниаданын суну-
шуна да,макул болушпады.
«Хельсинки-Москва» поездине
түшөөр замат,Жантөрө эч качан уй
ку көрбөгөн адамдай,купедеги так-
тага кулады да,уйкуга кетти.Хель-
синкиден Москвага чейин поезд
он төрт саат жыйырма мүнөт жол
жүрөт,ушул убакыттын аралыгын
да,Жантөрө бир бут серппеди.Качан
гана Аймирдин «тур,келдик» деген
сөзүнөн кийин,ордунан копшолду.
Поездден түшкөн экөө вокзалдын ашканасынан тамактанышкан соң,билет болсо,үйдү көздөй уча берели дешип,такси кармашты.Аэропортко деген Жантөрө,таксинин айдоочусун карап,кыйкырып жиберди.Эч нерсеге түшүнбөгөн Аймир айдоочу менен сүйлөшүп,арткы эшикти ачты да:-Сага эмне болду,дагы Ниадаң пайда боло калдыбы,деп каткырды.-Андан да
жаман деди Жантөрө,айдоочунун ордунда Элчини көрдүм.
-Койсоңчу,бул ар бир кылмышкердин оорусу,иллюзия менен жашап,ошого баш ийип алышат да,мен кылмыш кылган жокмун деп,карганышат.Өздөрүн такай коркуу сезиминин алдында алып жүрүшөт.Ал коркунуч үстөмдүк кылган сайын,адам өзү жасабаган ишти да,жасадым деп,энчилеп алып,багынып берет.Сенин ооруңа так диагноз жок,илим далилдегени менен,натыйжасы жок.Сен турган турпатыңда коркунучтун туткунундасың.Сага күчтүү психо-
лог керек,болбосо бул дарттан кутула албайсың деген Аймир,бай
болгур кимисин көрсөң да,кыйкыр
бачы,элдин баарын каратпай деди
тамашага чалып.Экөөнүн кезеги келип,Жантөрө Аймирдин аркасы-
на барып турду.Кимдир бирөө аркасынан жөөлөп,Жантөрө бети менен жыгылып кете таштап,сөкмө
к болуп,артты карады да,жок болуп
кеткен Элчинин караанын көпчүлүк
төн таппай калды.Биринен араң ку-
тулсам,эми Элчинин «көлөкөсүнө»
тутулдумбу деген Жантөрө,кассага
жакындап,кассир татына кызга пас
портун сунду.Мына тамаша,касса-
дан Элчи алды,анын паспортун.
Анын кебетесин көргөн Аймир чуркап келди да,сүйөй колтуктап,
орундукка алып барып олтургузду.
«Тез жардам»керекпи,деген кассир
кызга,жок,билет бере бериңиз деген Аймир,Жантөрөгө боору ооруп,эптеп учуп кетсек деп тилеп
жатты.Самолёт кенен беш сааттан
кийин уча турганын уккан экөө,кү-
түү залынан ыңгайлуу орун таап олтурушкан соң:-Эми көзүмө Элчи көрүнө баштады,минте турган болсо,жашоонун деле маңызы мен
үчүн жоктой,дайыма коркуп,көлөкө
жандап жашай албайт окшойм.Да-
гы баягыдай ахыбалга келсем,жа-
шоодон кечтим,Аймир деди эле:-Сен кызыксың го,өзүң үчүн жашабасаң,өлө бер.Жашоо күрөш,
сен өзүң кай бир убакта жасаган жаман ишиң үчүн жазаңды алып,
аны бирөө жазалабай,сен өзүңдү өзүң жазалап жатасың,мындан артык кордук жок,күрөш.Жеңе алсаң азаматсың,жеңе албасаң
көркоолуктан жан бересиң деп,ага тике эле айтып салды.
Жантөрөнүн жаны жай таппай,Элчини ээрчите келди үйүнө.Аймирдин айтканына кулак төшөгөн Ишеналы,күчтүү психолог тап деп,Жантөрөнүн барбайм дегенине болбой,шаарга чогуу келишти.Борбордогу ЖОЖдорго психологиядан лекция окуган жетимиш жаштагы Лаврентий Кусков,Аймирдин айткандарын уккан соң,эртең лексиям жок,балыкка барам,ошол жерден
жолугушалы деп,убада берди.Эрте
си профессор айткан жерге келген
экөөнү,чүкөдөй еврей чал эски таа-
ныштардай күтүп алды.Барынан кызыгы бул жер ‘Корабльдардын көрүстөнүнө» окшош жер экенди-
гин Жантөрөнүн жүрөгү оозуна кеп-
теле көргөндүгүндө эле.Анча чоң
эмес аккан суу,токтоп турган көлмө
гө куюп,чекесинин баарын суу жеп
кеткендиктен,көлмөнүн кичирейип,
жээгиндеги баткак аралашкан кум
дуу жээги кунарсыз көрүнүшкө ээ
экен.Лаврентий Жантөрө менен өткөн кеткенди сүйлөшүп олтурган
соң,ал башынан өткөргөн окуяны
кандай сүрөттөп бергенин,ал түгүл
экөө олтурган жердин окшоштугун,
Элчи тууралуу айтып,ушул убакка
чейин айтпаган нерселеринин баарын төгүп таштады.Жантөрөнүн
сөзүн бөлбөй уккан карт еврей:-Сен
өмүр бою булар менен жашайсың,
эгер сенде эрк болгондо,мунун баа-
рын унутпасаң да,кайсы бир детал-
дарын унутушуң керек эле.Сен муну
күндө жаңыртып эстеп,анын өөрчүшүнө себепкерсиң,.Адамдын
ички сезиминдеги кризис аркылуу
сен аны үй бүлөңө да,таңуулап,өмү-
рү ал кызды көрбөсө да,сенин тую-
муң менен үй ичиндегилериңе да
өтүп кеткен.Сендеги коркуу сезим-
ди сезгендер да,сезбегендер да,
«бир уйдун мүйүзү сынса,жүз уйдуку зыркырагандай»абалга кептелип калган.Бул абалдан чыгуу
үчүн бекем эрк керек.Сен болгону өз ойлоруңдан токуп алган сүрөтканаңдан чыга албай,улам
жаңысын тартып жатасың .Сен тирүү адамсың,бирок сен жөргөмүштүн желесине тутулган
чымындай далбастап жатасың.
Сага өзүңдөн башка эч ким жардам бербейт,Өзүңдү тозокко
салаар да,чыгараар да өзүңсүң.Ың
гайлуу жолду тандагын.Ушул жер
окшош экен дейсиң.Килтейген ко-
рабльдар чөккөн Арал деңизине
ушул бир кулак суусу бар көлмө кан
тип окшошсун.Маркум Элчиге так
сист кантип окшошсун.Мунун бардыгы сенин ой туюмуңдагы
нерсенин сени курчаган дүйнөгө таралышы.Мындан өзүң гана азап
тартсаң бир бет болмок,эми сенин
айланаңдагылар да,кыйналат,тан-
доо өзүңдө деди.
Кантип,деген ой ансыз да көнөк
төй болгон башын көтөрө алгыс
кылып,Жантөрө ордунан турду.
(Уландысы бар.)








