«ДУБАЛ». 15-БОЛУМ (АЯГЫ)

https://kyrgyzcha.site/?p=102289&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ДУБАЛ». 15-БОЛУМ

 

Мен телевизорду өчүрүп, жатканы жөнөгөнүмдө тигил кайра келди. Мен аны байкамаксан болуп бөлмөнү караңгылатып, төшөккө чүмкөнүп алып уктамыш болдум. Тигил баш жагыма келди, баамдашымда керебеттин кырына жөлөндү. Мен атайылап коңурук тарта баштадым, кошунам дубалды тыкылдатты. Мен тескери оодарылып уктап калдым. Түшүмдө кызыкты көрдүм: Куран китебиби, кээде мөөр басылган барак болуп кетет. Анан бир маалда кошунам көрүнүп менин кулагыма бир нерселерди шыбырайт.

Эртең менен ишке жөнөгөнүмдө алдымда дагы бирөө баратты. Ал ар дайым ар башка түскө боёлгонсуйт, ар кандай кийинет, бирок дайыма жол көрсөтүп турат. Менин аны айланып өткүм келет, башка жолго түшкүм келет, бирок кете албай байлангансып анын артынан ээрчиймин. Андан кутулуудан үмүтүмдү үзүп да койдум, каяша кылбайм. Болгону гана бир жолу аны менен сүйлөшмөк болдум.

 

— Сен кимсиң? — деп сурадым мен.

Ал жооп берген жок.

— Сен минеге дайыма менин алдымда жүрөсүң?

Ал унчуккан жок.

— Сага мине керек? Дайыма сенин тилиңи алып

турганым керекпи? — дале жооп жок. — Бирок эртедир- кечтир баары бир адамдын өз жолуна түшкүсү келет да…

Ошол маалда досум келди.

— Үйүңдө бирөө барбы?— деди ал бөлмөгө кирип, эч ким жок экенин көрүп таңгалды. — Сен өзүң менен өзүң сүйлөшүп атасыңбы? Мен унчуккан жокмун. Ал ийнин куушуруп коюп кетип калды.

 

***

Акырында мен эч ойго келбей турган ишке бел байладым: алдымда жүргөндөн кутулуу үчүн мен өлүмүш болдум. Ооба, мен бир күнү жаткан бойдон турбай койдум. Демимди кармап кыймылдабай катып калдым, кээде гана жака белде эч ким jогунда бир аз дем алып, анан кайра өлүмүш болуп калам. Ал мээмин толкундарын сезип жаттыбы улам айланып келип жанымда тыңшап турат. Менде тирүүлүктүн белгиси жок. Ал кайра кетет, көпкө жоголот. Эки күндөн кийин мени мүрзөгө алып барышты. Кээ бирөөлөрү ыйлады, калгандары өздөрүнчө кобурашып тамеки тартып отурду. Туугандарым, досторум, жөн эле тааныштар….

 

Ошентип мен өлүктөрдүн катарына өттүм. Бул жерде тынч, жымжырт, эч ким козгобойт, эч ким тийбейт. Курт-кумурска гана сойлоп келет. Жанымда мага окшогондор жатат, балким, алар дагы мендей болуп АЛДЫНДА ЖУРГөНДөРДөН кутулуу үчүн ушул жерге келгендир. Курт-кумурска мага тийбейт, мүмкүн, менин тирүү экенимди сезип жатабы. Мен ачка болдум, денем талып кетти, турайын десем акка оролгонмун. Акыры эптеп турдум, сыртка чыгууга аракет кылдым, топуракты чукуй баштадым. Ачка жатып чарчагандыктан алсырап калыптырмын, араңдан зорго сыртка чыктым.

Эми мен башка ат менен жашайм, өңүмдү да өзгөртүшүм керек. Эптеп кийим-кече да табышым керек. Мен жака белде жашаган досумдукуна бардым. Мени көргөндө ал чочуп кетти, мен ага бүт-баарын айтып бердим, эмне кылаарымды түшүндүрдүм. Ал мага жардам бермек болду, эч кимге сырымы айтпоого убада берди. өңүмдү өзгөртүп кийинип алып мен шаарга жөнөдүм. Үйгө барган жокмун, бирөөнүкүнө батирге кирдим. Азыр менин жаным тынч, алдыда жүргөн эч ким жок. Мен каалаган жакка барам, каалаганымды сүйлөйм, оюмдагыны кылам. Кээде гана тигил АЛДЫМДА ЖҮРГөНДҮ сагынып калам: жаңы турмушка да көнүш керек экен. Бирок бул келечектин иши, мен болсо аны дилгир карайм. Бирок акыркы убакта менин артыман калбай бирөө жүргөнсүйт. …….

 

 

 

АЯГЫ……

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️