«ДУБАЛ». 14-БОЛУК

https://kyrgyzcha.site/?p=102289&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ДУБАЛ». 14-БОЛУК

 

— Кайраттаныңыз, аксакал,— деди Акун. — Мен сизге үйрөтө албайм, бирок, менимче, мындай учурларда сабыр кылыш керек го деп ойлойм.

— Кечирип кой мени, уулум,— Акимбай эми бир аз өзүнө келгенсиди. — Жусуп менин жалгыз уулум. Мен аны окуусун бүтүрүп, элдей болуп бир кызматтын ээси болдубу дегем. Мен ага чоң үмүттөрдү байлагам, ал болсо минтип келжирбайлык кылып отурат… Кечирип кой мени, уулум!

— Эч нерсе эмес, аксакал. Түшүнөм… Сиз азыр эс алышыңыз керек, жүрүңүз мейманканага. .. Акимбай башын жерге салып жаш балачасынан Акундун артынан ээрчиди.

***

Кечинде Акун Акимбайды ресторанга чакырды. Ириде карыя киши макул болгон жок: ал эзели мындай жайларда болуп көргөн эмес, ошондуктан өзүн оңтойсуз сезди.

— Койчу, уулум,— деди Акимбай. — Ушу ле жерде оокаттаналы. .. — Бирок бардыгы даяр турат да,— деди ага Акун. — Жүрүңүз эс алып, бир аз көңүл ачып келесиз. Барууга туура келди. Алар кирери менен алдынан тосуп чыгышып, экөөнү бурчтагы орундардын бирине отургузушту.

— Ысык тамакты кийинчерээк алып келебиз,—деди кызмат кылган кыз мистин үстүндөгү жайылган шакараптардын түрүн көргөзүп, чаңгал-бычактарды коюп ырастап. — Суусундукту азыр алып келишет. Бурчта чачын узун өстүргөн беш-алты жигит нары-бери чуркап бакырып ырдап жүрдү. Аларды көрүп Акимбай Жусупту эстей койду. Ал мине кылып жүрөт болду кен? Минеге бизди минтип алдады? Акун Акимбайдын ойлорун дароо түшүнүп алаксытууга аракет кылды. — Сизге ыр жагабы? — ден сурады ал.

— Мине? Ырбы? Муну кантип «ыр» дейсиң? Мындай ырларды согуштун күркүрөгөнүн, иштин ызы-чуусун укпаган эле балдар ырдабаса, бизге тынчыраагы ле жакшы…

— Ресторандын ушунусу бар… Эки-уч саат күтмөйунчө эч оокат иче албайсың…

— Эчтеке мес, уулум, — деди Акимбай. — Мейли, бир пас күтө туралы, талааныкы талаа да. Ырдап жаткан балдарды карап ал кайрадан Жусупту эстей кетти. Уулум Жусуп, кайдасың? өзүң жазгандай, чоң болбоптурсуң, аны билем. Бирок деги дениң сакпы, курсагың токпу? Же, мүмкүн, сен да ушу балдардай болуп бир жерде элдин тынчын алып жүрөсүңбү?..

—Саламатсыздарбы! Мына суусундук, — анын оюн бирөө бузду. Жанында бир жигит туруптур. Үнү жылуу учурайт. Акимбай жакшылап карап отуруп акырында тааный койду.

— Уулум! — деп кайрылды ал официантка. — Сен Шамсуддиндин баласы эмессиңби?

— Кайсы Шамсуддин? —таңыркап калды жигит, анан тааный коюп колун сунуп учурашты. —Ассалам-аллейкум, Акимбай-аке! — О мурдуңду урайын! — Акимбай сүйүнүп кетти. — Анда сен тиги… ким эле… Калмурат турбайсыңбы?

— Ооба, мен Калмуратмын, — жигит кызарып кетти.

— Отур, айланайын. Иштериң кандай?

— Жакшы ле, Акимбай-аке, — деди Калмурат, ыржая күлүп, бирок отурган жок.

—Отурбайсыңбы биз менен, отур,— Акимбай шашкалактап калды.

— Рахмат, Акимбай-аке, бирок бизге кардарлар менен отурууга уруксат эмес.

— Кимдер менен? Бизге мине чаң жугуп калыптырбы?

— Кеп анда мес, Акимбай-аке, жөн эле, кызматта отурууга болбойт.

— Мейли, уулум, өзүң бил,tотурбасаң тим эле кой… Анда месе, айтчы… Сен билет чыгарсың, Жусуп азыр каякта жүрөт? Мине кылып жүрөт?

— Сиз ага жолугалексизби? —Жок, жолугалган жокмун… Отурчу, билгениңи айтып берчи. Бир аз отурганга эчтеке дебестир. Акун экөөнүн сүйлөшкөнүн кубанып угуп отурду.

— Бу Шамсуддиндин

баласы Калмурат. Экөөбүз кошуна жашайбыз, —Акимбай сүйүнүп кабарлады.

— Уктум, аксакал, жакшы болбодубу.

— Тиги… Жусуп мине чатак чыгарып жүрөт? — Акимбай Калмуратка кайрылды. Берки унчуккан жок.

— Сыр катпай ле кой, мен бардыгын уктум. Андан көрө айтчы, аны минеге окуудан чыгарып жиберишти? Калмурат Акимбайдын бүт иштен кабардар экенин түшүндү көрүнөт жай сүйлөп айтып берди.

— Жусуп бир курсташын токмоктоп койгон,— деди ал. — Тиги дарыгерден кагаз алып сотко берип коюптур. Жусупту соттомок болушканда аны окуудан да чыгарып жиберишти…

— Мине дейт, кокуй! —Акимбай чоочуп кетти. —Жусуп азыр камактабы? —Жок,— деди Калмурат. — Биз орточу түшүп аны алып калдык. Тиги жигит деле жөн гана аны коркутуп коёюн дептир.

Калмурат унчукпай калды. Акимбай менен Акун дагы унчуккан жок. Анан Акимбай ордунан туруп эшикти карай жөнөдү.

— Аксакал, оокат ичип албайсызбы. Оокат даяр болуп калды,— деди Акун. — Азыр… Азыр келем,—деди Акимбай, башын көтөрбөй. — Бир аз сыртка чыгып келейин… Ал эшикке чыгып бак-дарактуу кыябанды аралап жөнөдү. Жайнаган элди көрбөй, машинелердин ызы-чуусун укпай ал терең ойго чөмүлдү. Уулум! Неге мени мынча кор кылдың? Неге мени ушуга чейин алдап жүрдүң? Эми энеңе мине деп барам? Гүзөрдөгүлөрдүн бетин кантип карайм? Мейли, аларды го эптеп алдап кутулам, бирок өзүмү кантип алдайм? Бнр маалда аны шаркыраган суу келип каптады. Акимбай чочуп кетип жолдон качты, бирок эми кеч болчу —машине тумшугунан суу чачыраткан бойдон өтүп кетти.

***

Машиненин айдоочусу өзүнө өзү капа болуп калды. Минеге дабыш чыгарып койгон жокмун? Байкуш карыя, бүт бою суу болду. Жарыктык, өзү деле качпайбы… Айылдан болсо керек. Атама окшош экен. Анан ал атасынын жакында шаарга келем дегенин эстеп үшкүрүндү.

 

АЛДЫДА ЖҮРГӨН БИРӨӨ.

 

Билбейм, бирок мен өзүмдүн адам экенимди сезе баштагандан бери дайыма алдымда бирөө жүргөнсүйт. Көлөкөмбү? Арбакпы? Же, мүмкүн, терс тарабымдыр? Ал менин иштериме, ойлорума кийлигишет, анан дагы эң коркунучтуусу — ал менден мурда чечим кабыл алат. Мен муну эмнеден улам билип калдым? Дайыма мен бир жакка иш менен барсам, ал иш мурунтан эле чечилип калганын көрөм. Оңунанбы, тескерисиненби — ал башка маселе, мени таңгалдырганы — кимдир бирөө мен үчүн чуркап, мен үчүн бардык суроолорго жооп берип жүрөт. Кээде мен тааныбаган эле адамдардан алар мен тууралу кабардар экенин угам. өзүмдүн шаарыманбы же башка жерденби, бирок алдыда жүргөн бирөө дайыма менден бир кадам, бир көз ирмем мурда иш баштап, мага байланыштуу бардык жагдайды ырастаганга укук алгансып мен аны каалаймынбы, каалабаймынбы баары-бир өз оюндагысын кыла берет. Албетте, ириде иштерим оңунан чыгып жатканда, мен ага каршы болгон жокмун, тескерисинче анын артынан ээрчидим, бирок акыркы мезгилде ал мении турмушума кийлигише баштаганда чындап кыжырым келди. Менин андан кутулгум келди, ансыз өзүм менен өзүм жашагым келди. өз оюма ээ болуп, өзүмүн көңүлүмдөгүлөрдү аткаргым келди, бирок тигил коё бербей дале иштериме кийлигишип, ойлорумун бүт ээлеп эч жакка жылдырбай койду. Ал менин каякка барарымды, кандайча барарымды, кайсы жол менен жүрүп, акыры жеткенимде эмне кылып, кайсы сөздөрдү сүйлөөрүмду үйрөтүп тургансыйт. Менин жүрөгүмдү өйүгөн ойлорум бар, тилек-үмүттөрүм бар, бирок мен аларды бирөөнө айткандан да корком, себеби тигил кокусунан угуп койсо мени алар жөнүндө ойлонтпой да коёбу дейм. Бирок ал акыркы мезгилде менин акылымды да ээлеп келаткансыйт, эмнеси уруксат, эмнеси уруксат эмес экенин үйрөткөнсүйт. Мен ага каршы болом, булкунам, андан качып кутулууга аракеттенем, ал болсо дайыма алдыман чыгат. Мен аны көрбөйм, анын кандай экенин да билбейм, бирок ал бар экенин сезип айла таппай алым кетет. Менин кыжырым келет, бирок ага каршы эч нерсе кыла албайм. Бир мертебе мен бала кезимди эстеп жылаңайлак басып көчөдө бараткам: ал мени буруп алып ээн көчөлөрдү аралатып кайра үйгө жеткирди да, бутума арчындаманы кийгизип өзүмдүн үнүм менен тилдеди:

— Сен мине акмак болуп калгансыңбы, я? Эл мине дейт? Көптөн бери ойлоп жүргөн оюм бар эле: ал мени саларым аркылуу чакыртып тигинин каардуу үнү менен такалады:

— Андай ойлоруңу токтот! Сага эч ким уруксат бербейт… Андан көрө өз ишиңи кыл… Акыркы убактарда менtөзүмдү топураган элдинtарасында гана жеңил сезе баштадым, кишилер көп жерде, бийлеп жатканымда же чогулуштарда жеңилдей түшөм. Бирок дайыма эле элдин арасында жүрө бербейм да, ал эми кээде жалгыз калганымда тигил жакта бурчта ал мени шылдыңдап отургансыйт. Ал мага жылмайып карайт, менин муундарым бошоп алсырайм, өзүмүн алсыздыгыман кыйналам, анын ой келди кылыктарына каршылык көрсөтө албастыгыма ызааланам. Бир күнү мен чыдабай кеттим, тигинден кутулмак болдум. Бирок кандайча? Эмне кылып кутулам? Көпкө ойлонуп отуруп мен бир айла таптым: эч жакка чыкпай өзүмү төрт дубалдын ичине камап салдым. Менден кыймыл жок, эч нерсеге дилгир да жок ал менин ордума эч нерсе кыла албай калды. Ал көпкө кыйналып мени ар нерселер менен азгырды, бирок мен эч кебелбей койдум. Эч нерсеге кол тийгизбейм, сакал-тырмактарым өсүп кирдеп кеттим. Аны жийиркенеби десем ал таңгалаарлык чыдамдык менен күтүп жүрдү. Акыры ал бир күнү кетип калды. Мени алдап жатабы деп мен дале ордуман козголгон жокмун. Ал көпкө жоголду, бирок андан кутулдум деп мен бир күнү көчөгө чыга турган болгонумда ал секин бөлмөгө кирип бурчка отуруп алды. Мен айламы жоготуп, эч нерсе оюма келбей бутумдагы арчындаманы чечип сөгүнүп аны көздөй ыргыттым. Ошол замат эшигимдин коңгуроосу чырылдап, мен барып каалганы ачтым. Босогодо коңшум туруптур.

— Кечиресиз, бирок сиз тарбиялуу кишисиз го,— деди ал пазыраак үнү менен. —Менин кичине балдарым бар, алар сиздин сөгүнгөнүңүзду укса кандай болоор экен? Мен андан кечирим сурап, мындан нары эч качан сөгүнбөйм деп убада бердим. Кошунам ыраазы өңдүү кетип калды, мен кайра кирдим. Тигил мени шылдыңдап күлүп жатыптыр. Мен башка бөлмөгө кирип кеттим, ал артыман кирип телевизордун жанына жакындады. Мен телевизорду саймак болдум: балким ал ызы-чуудан кетип калабы дедим. Жаңылыктар болуп жатыптыр: тигил жерде буудай эгинин көп чогултуптур, кайсы бир ишкана планын ашыгы менен аткарыптыр, кээ бир жерлерде катуу бороон өтүп, айрым жактарда шаарларды, кыштактарды сел каптап кетиптир, курман болгондор

көп. Бир маалда ал кетип калды. Ызы-чуудан качтыбы же жөн эле мени бир аз тынч коёюн дедиби анын бөлмөдө жок экенин даана сездим. Мен жыргадым, сүйүнгөнүмөн бир эки керилип алдым. Түн ортосуна чейин телевизорду көрүп отурдум. Илимпоздор бир нерсени тааптыр, айрым жерлерде согуш жүрүп жатат…

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️