Кызык, мен акыркы убакта зайыппуруш паша тууралу окуяны көп эстечи болуп алдым. Эмнеге экенин билбейм. Билесиңерби, бир күнү паша тызылдаган бойдон учуп келатыптыр. Бир маалда… Эстедим: балким, мен тигил Паша деген кошунама байланыштуу бул окуя тууралу ойлой койгондурмун. Бир адамдар бар: аларга нан бербе, суу бербе, болгону гана эки ооз сөз жазылган нускоону көрсөтүп кой, ошону менен алар жыргап жатып калат. Нускоонун ар бир сөзүн так аткаруу алар үчүн ичкен суусу, жеген наны. Ансыз аларга жашоо жок, ансыз алар куурап-соолуп бүтөт. Паша дагы дал ошондой адамдардан болчу. Ал элдик көзөмөл тобуна кирчи, ошондуктан ага ишинде көптөгөн кагаздарга таянууга
туура келчи. Качандыр кимдир бирөө ага «элдик көзөмөл коомдук мүлктү уурдап байыгандарга каршы күрөшүүсү керек» деген нускоону көргөзүп коюптур. Ал болсо эми ошол нускоону аткарып жүрөт. Кимдир бирөө машине алдыбы — аны ал ошол замат текшерет. Кайсы акчага алдың? Акчаны кайдан таптың? Кимдир бирөөнүн короосунда мал маарайбы —аны да ал сөзсүз текшерүүсү керек. Канча малың бар? Ага жемди каяктан аласың? Акыйкаты, Паша өзү жалаң айлыгына жашачы. Ошентип текшерип жүрүп, ишенесиңерби, ал музтөрлүктөрдүн бардыгын кагазга көндүрүп койгон. Эми биздин эл кандай гана буюм албасын, анын артынан сөзсүз эсеп кагазын доолайт. Албетте, Пашага биринчи ирет ал кагаздар керек, ансыз ал эч кимге ишенбейт. Мөөр басылган, төрт бурчтуу бир нерсени көргөзүп кой, ал сенин тынчыңы албайт. Бирок айлакерлер буга дагы өз жолун тапты: алар чынданбы, жалганбы эптеп Пашадан кутулуу үчүн кагаздарды издеп ала баштады. Азыр Музтөрдө кагаз буюмдун артынанбы же буюм кагаздын артынанбы чыкканын билбейсиң. Анткени менен Пашанын да көңүлү тынч, элдин да иши жайында. Ал эми Пашанын колуна түшкөн адам (а, шордуу!) эмне гана кылбасын, кандай гана жалынбасын, баары бир тигил аны коё берчи эмес. Бир жылы Пашанын колуна бир дүкөнчү аял (а, бечара!) түшүп калыптыр, ал шордуунун ыйлап-сыктаганына карабастан кестирип jиберген. Себеби аял кагаздарын так алып жүрбөй бир фактурасын жоготуп
жиберген экен. Дүкөнчү жалынып-жалбарып көчүрмөсүн көргөзсө да Паша ага болбой тигини айып төлөттүрүп, мүлк-дүйнөсүн бүт алдыртып, анан каматтырып салыптыр. Ошондон бери көчөдө ойноп жүргөн балдары апасынан айрылткан Пашаны көргөндө жан алчудан качкансып тызылдап үйлөрүнө
жөнөйт.
Жок, Паша жалаң эле дүкөнчүлөрдү кармабайт, ал кимде-ким бирөө нускоону бузган болсо ошону деле кармай берет. Мисалы, бир жолу ал автобуска түшүп калып, ошол жерден аны бирөө сөгүп коюптур. Паша биринчи эле аялдамадан тигини жакасынан тарткылап отуруп автобустан чыгарып, милийсаны чакыртыптыр да ал
кишини (а, байкуш!) артынан түшүп отуруп кестирип жибериптир. Элдин айтымында, тигил кишинин ошондой айнымайлары бар имиш, ошондуктан ал камакка баргандан бир жыл өтпөй эле асылып өлүптүр. Эл дагы айтып жүргөн, анын арбагы эми Пашанын тынчын койбойт деп, бирок берки күлмүңдөп эле жүрөт, анын турмушунда эч кандай өзгөрүү жоктой. Балким, арбак Пашадан чоочуркап, анын өзүн кестирип жибербесин деп корккондур? Бардыгы болушу ыктымал. Музтөрлүктөрдүн жыргалына бир күнү Пашанын өзүнүн да шору жетти. Адаттагыдай эле ишти аягына чыгарам деп жатып чубаган жибинин учу Пашаны түз гана өзүнүн саларына алып барды. Элдик көзөмөл бөлүмүнүн
төрагасы Барктабасов өзү кылмышкерлер менен чаташып байланышкан экен да! Пашанын башы катты. Ал эмне кылаарын билбей катуу ойлонуп отуруп, акырында ириде тигинин өзүнө барып сүйлөшмөк болду.
— Нускоо бардыгы үчүн нускоо, — деп кобуранып алып ал салтанаттуу кийинди да Барктабасовдукуна жөнөдү. Тигил үйүндө экен. Ал эшикте бирөө чакырып жатат дегенде мурчуя түшүп, ошол бойдон сыртка чыкты. Эшиктин алдында турган Пашаны көргөндө үрөйү биротоло суук боло түштү.
— Мине болду? — деп сурады ал келгенди үйүнө кирүүгө чакырбай туруп.
— Аксакал! — деп ыржайды Паша кийимине бир нерсе жугуп калгансып улам кагынып. — Мындай иш болуп атат, аксакал… Мен тиги… он алтынчы дүкөндүн ишин текшердим эле, анан… хе-хе… Ал сизге тиешелүүнү бергем дейт, хе-хе… Тынбай ле келе бересиңерби дейт… Ал дагы бир ырсайып койду. Барктабасов ириде кубарып кетти, бир пастан кийин кызара түштү, анан акырында иреңи карайып барып ал Пашага сөөмөйү менен эшикти көздөй көргөзүп айкырды:
— Жогол, акмак! — анын денеси бүт калчылдап алыптыр.— өзүңүз билиңиз, аксакал, — Паша жугуйланып бүгүлүп артына кетенчиктеди. — өзүңүз билиңиз, бирок… мен бу ишти аягына чыгарышым керек… Ал тескери бурулуп үйүн карай жөнөдү. Эртеси эле күнү Барктабасов аны кабинетине чакыртты. Каалга секин ачылып босогодо Паша көрүнгөндө, көзөмөл бөлүмүнүн төрагасы өзүн-өзү кармап тигини отурууга багыттап колу менен орундукту көргөздү. Паша акырындан басып барып, орундуктун четине көчүк басты.— Мен сени мына мындай
иш менен 4акырдым, —Барктабасовдун үнү бир аз диркирей түштү. — Сен… Сенин өзүңүн иштеген жериң кайсы?
Паша ойлонуп калды.
Чынында эле, ал өзүнүн каерде иштеген кызматын унутуп коюптур. Бир кездерде аны көзөмөл бөлүмүнүн мүчөсү кылып шайлашкан, бирок андан бери көп убакыт өтүп кетти. Азыр ал ошол кызматын эстей албай башын сыйпалап, пас үн менен жооп кайтарды.
— Эсимде жок, — деп мойнуна алды ал.
— Мына, көрдүңбү? — деди Барктабасов өңү кайрадан карайып, артына чалкалай калып. — Сен өзүңүн иштеген жериңи да унутуп коюптурсуң, ал эми сен болсо ошояктан айлык алып жүрөсүң да, туурабы? Айлыгыңы сага ким апкелет?
— Билбейм, дайыма бирөө үйгө апкелип таштап кетет, ким экенин деле сурабаптырмын. ..
— Ана, көрдүңбү! — тигил кайрадан алдыга умтулду. — Сага айлыгыңы да үйүңө жеткирип берет экен, ал эми сен ушуга чейин мине иш кылганыңы билбейсиң. Демек, сен өз наныңы актап жебей, башка бирөөлөрдүн эсебинен жашап жүрүптүрсүң. Сен… өкмөт менен элдин алдында күнөлүү адам экенсиң, сенден ал акчанын баарын төлөттүрүп алыш керек. Паша эмне кылаарын билбей калды. Акырында ал акырын үн катты:
— Бирок мен… текшерип жүрбөдүмбү. ..
— Ооба, сен текшерип жүрдүң, — Барктабасовдун үнү эми олуттуу угулду. — Бирок ал коомдук ишиң, аны сен өзүңүн негизги кызматыңан кийин, бош убакта аткарышың керек, эми түшүндүңбү? Паша үн чыгарбай башын ийкеди.
— Анда эми барып өз ишиңди аткаргын, — Барктабасов ордунан турду. — Ал эми сенин биердеги ишиң тууралу тиешелүү жерге кабарлайбыз. Бар, бара бер! Барктабасов өкүм чыгаргансып чалкалап туруп алды. Паша башын жерге салган бойдон шылкыйып чыгып кетти. Эшик жабылары менен Барктабасов катчы кызды чакырды.
— Анын каерде иштегенин тактадыңарбы? — деди ал, анан кыздын баш ийкегенин көрүп жаңы буйрук кылды:
— Эми аны көзөмөл тобунан бошотуу жөнүндө токтомду бастырып кел… Ошентип биздин Паша көзөмөл укугунан айрылып калды. Ал биринчи жолу өзү нускоодон азап чекти, биринчи жолу нускоо менен өзүн алсыз сезди. Ага иштеген жеринен сөгүш беришти, көзөмөл бөлүмүнө мүчөлүктөн бошотушту, бирок айлыгынан карматышкан жок. Эми ал нак өзүнүн кызматын аткарат. Бирок кээде ал элдин арасында отурганында:
— Мен ага баары бир көрсөтөм. Аны сызга отургузбасамбы, — деп калчы болду. Анткени менен анын колунан эмне келмек эле? Эки жыл өттү. Мамлекетте көп өзгөрүүлөр болуп, бийлик укуктары терең алмашып, бир күнү Барктабасов да кызматынан түшүп калды. Ошондо Пашанын cүйүнгөнүн айтпа: ал жолуккан эле кишисине мактанып, асман жакты сөөмөйү менен көргөзүп:
— Ана, көрдүңбү, мен айткандай болду го! — деп олуттуу басып кетчи болуп алды.
***
Мына, Пашанын окуясы ушул. А-а, айткандай, тигил зайыппуруш пашанын жоругун унутуп кала жаздаптырмын. Анда эмесе, угуп туруңуздар. ..
Ошентип катуу учуп келаткан пашанын алдынан бир маалда килейген тал көрүнүптүр. Анда паша алыстан эле кыйкырат дейт:
— Кач! Жолду бошот, болбосо түбү-тамырың менен жулуп кетем!.. Бирок тал каякка качмак эле, ал ордунда тура бериптир. Айласы кеткен паша жакын калганда шашып кетип көзүн жума коюптур. Кудай жалгап, ал эки ачакайдын ортосуна туш келип ошол жерден өтүп кетиптир. Бир аздан кийин ал артын карап кыйкырат экен:
— Эй, айбан тал! Айтпадым беле сага качкын деп… Көрдүңбү, сени минтип тең бөлүп таштадым…
Уландысы бар…