«ДУБАЛ». 11-БОЛУК

https://kyrgyzcha.site/?p=102289&preview=true Кызыктуу окуялар.

«ДУБАЛ». 11-БОЛУК

Кошуналар дагы. Мурун ал аялын уруп киргенде кошуналардан бирөө чуркап келип ажыратчы. Көбүнчө Осмон жинди келчи, бирок ал бир жолу ага бычак көтөрүп чуркагандан кийин эч ким келбей калды. Аялы да эми элди жардамга чакырбайт, болгону гана ага жалдырап мушту күтүп тура берет. Мына, эми ал ооруп атат. Ага убал да жок. Катындардын баарына убал жок. Ана, Роза дагы эрге тийип кетиптир. «Сүйөм-күйөм» деп коёт, өзү болсо айылга концертке барган жерден бирөөнө тийип алыптыр. О энеңди… Артис болбой… Мен биякта катыныман кутулаарымы билбей жүрсөм, анын кетип калганын. Мейли, мейли, кете бергиле, баарыңар кете бергиле. Бир күнү мени издейсиңер, «уулум», «сүйгөнүм» дейсиңер, бирок мен алыста болом, аябай
алыста…
Муну ойлогондо,
Калмурзанын ыйлагысы келип кетти. Боздоп ыйлады. Бир пастан кийин ал уктап калды.
***
Эртеси Калмурза сыраканага барды. Кечээ керели-кечке арак-шарап аралаштырып иче берип бүгүн башы ооруп калыптыр. Денеси да бирөө тепсеп жанчып койгондой сыздайт. Сыракананын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп, акыры ачылганда ал өзүнө окшоп таң азандан баш жазгысы келгендердин тобуна кошулуп, күңүрт, ным тарткан, кир имараттын ичине кирди. Колун чөнтөгүнө салып тыйын издеди: бир күлүч сырага жете турган сары чака бар экен. Ал калтыраган колу менен күлүчтү алып бурчтагы ширеден карайып калган миске барды. Көп убакыт өтпөй сыракананын ичи толуп кетти. Калмурза улам кирип жаткан адамдардын арасынан таанышын издеди. Эң кур дегенде бирөө келип калса го, баш жазса жакшы болот эле. Тынбай эшикти карай берип, мойну ооруп кетти. Демейде чөнтөгүмдө акча болсо алар өздөрү ле жетип келет, эми алардын жоктугун кара. Же алар акчанын жытын билеби? Антпесе анан минеге дайыма алыстан учурашып чуркап келчи досторумун бири да жок? Ал ичинен алардын бардыгын бир сыйра сөгүп алды.
Анын жанына сакалдары өсүп, беттерин бүт тырыш баскан киши келди. Ал мистин үстүн бир сыйра карап алып нары басып кетти. Калмурза аны кечээ бактан көргөн. Алар талдын түбүндө шишелерди шагыратып жыйып алып ичип отурганда, бул киши ошол жерде бошогон шишелерди чогултуп жүргөн. Эми ал дагы Калмурзаны тааныбай (же таанымаксан болуппу?) нары жакта бакылдап ичип отурган жаш балдардын жанына барды. Тигилердин бирөө ага сырадан сунду.
— Асаке! — деп анын далын ургулады. Тигил күлүчтү акырын көтөрүп төгүп албайын деп жай басып четтеги цементтен куюлган кырга барып отурду. Калмурза анын сыраны ичип жатканын көрүп жийиркенди: чалдын оозунан шилекейи чууруп күлүчтүн ичине тамып жатты, ал эми тигил болсо ага да көңүл бурбай майда ууртап, тамшанып иче берди. Балдар каткырып күлүп калды.
— Артис! Нак эле артис! —деп жатты алар. Калмурзанын жүрөгү селт дей түштү. Алардын «артист» дегени катуу тийдиби же ал
өзүн да чалдын ордунда элестете койдубу, бирок ал сыраканадан октой атып чыкты. Менин бу кишиден мине айырмам бар? Мен деле артистин биримин… Ал ичинен сыздап, бирөө анын сырын билип койгонсуп кыжалат болуп келатты, анан бирок өзүнүн бүгүн биринчи жолу соо экенин эске алып жайыраак басты. Кызыл-тазыл, кээ бирөөлөрү ачык түстүү көйнөкчөн элге аралашканда гана ал бар маалда бала кезинде ушинтип базарлап майрамдагандарын эстеп, кээде күткөн майрамынын дайыны билинбей, убакыт ордунда токтоп калгансып, ал чыйпылыктап өзүнө айла таапай калган күндөрүн ойлоп жылмайды. Ошо кезде демейде жеп эле жүргөн балмуздак да, дайыма чагып жүргөн мисте да майрам күнү минегедир ширин сезилчи…

Бир маалда ал баланын чыңырганынан чоочуп кетти. Алагды болуп туш тарапты карап отуруп ал акырында жолдун четиндеги талдарды аралап кыйкырып жүргөн кызды көрдү. Эл дуу дей түштү. Төрт жашар кыз дале чыңырганын токтотпостон аны карай умтулган адамдардын колуна илинбей чуркап келип Калмурзаны кучактап калды. Жанараак эле: «Апа!» — деп бакырып жүргөн кыз эми Калмурзанын мойнунан катуу кучактап:
— Ата! Атакебай! — деп боздоду. Калмурза да аны көкүрөгүнө бекем кысты, шаштысы кеткенинен эки-уч мертебе өпкүлөп да жиберди. Таңыркаган эл заматтын ичинде аларды тегеректеп калды.
— Бу кимдин кызы, я?..
— Энеси каякта кен?..
— Кызын талаага таштап кеткен ал кандай аял, кокуй? —деген үндөр туш тараптан угулуп жатты. Калмурза кыздан энеси тууралу сурайын деди эле, тигил анда аны ого бетер кучактап муунтуп коё жаздады. Калмурза анын чачынан сылап, үйүлгөн элден уялгансып эмне кылаарын билбей tердеп тура берди. Экинчи катуу чыңырык энесиники болчу. Ал топураган элди түрткүлөп зорго өтүп келип кызын Калмурзанын колунан ала койду, анан аны чопулдатып өпкүлөп:
— Кызым, сага мине болду? Каякка кетип калдың?— дегенде тигил ыйламсырап эмне себептен качканын айтты:
— Ит кууду,— деди ал. Эл күлүп, анан секинден тарай баштады. Акырында аял дагы кызын көтөрүп кетип калды, ал эми Калмурза болсо кичинекей кыздын назиктиги ага жугуп калгансып алакандарын жайып көчөнүн ортосунда турду.

***
Ошол күндүн түйшүгү ай! Биртике тыйын издеп (он сомго жакын эле акча болмок) Калмурза кимге гана кайрылган жок: чала-була таанып кайсы бир жерде көргөн эле адамды токтотуп алып, андан жалынып бир сомдон сурап жүрдү. Бирөөлөрү аны аракеч деп түртүп жиберет, бирөөлөрү тескерисинче ага боору ооруп болушунча тыйынын берет. Кечке жуук гана ал жети сом отуз тыйын чогултту, шашып-бушуп дүкөн жабыла элегинде оюнчук сатуучу бөлүмүнө кирип барды. Ал жерден тандап отуруп балдарынын ар бирине оюнчуктан алды да, үйүн карай шашты. Бүгүн көп айлардан кийин биринчи жолу соо баратканына кубаныппы же азыр бул оюнчуктарды балдарына таратып берээрин ойлоппу анын деми кыстыгып кетти. Жада калса үйгө жетип баралбай каламбы деп коркту. Анткени менен аз калды: дагы бир көчөнү имерилсе эле, андан кийин үйү көрүнөт. Эшиктин алдына барганда ал деминин кыстыкканын бир аз басып алайын деп токтоду. Наспайдан оозуна салып дөңгөчкө отурду. Жүрөгү түкүлдөгөнү кичине басылгандан кийин ал босогону аттады. Каалганы кыйчылдатпай ачып, босогого бутун чечип акырын балдар дайыма ойноп отурчу бөлмөгө барды. Секин баш бакты. Балдар ойноп отуруптур: оюнчуктары деле жок, илгери бир өзү сатып алып келген дойбунун он чакты ташы, кагаздан сызылып жасалган чакмак. Кайрат менен Гүлжамалдын кызуу оюнга киришип катуу ойлонуп калганын карап турган төрт жашар Максат да улам чыдабай:
— Мен ойноюнчу, Каййат-аке.. . Мен да ойнойм, Гүжамал-эже, — деп жалынып жатты. Анда эжеси анын бетинен чоп этип өөп коюп:
— Азыр ойнойсуң, Максат. Биз бүтөлү, а? — деп кайрадан ойлонуп отуруп калат. Калмурзанын чыдамы кетип каалганын артынан чыга калды. Балдар аны көрүп дароо оюндарын токтотту. Көздөрү алайып атасын тиктеп калышты.
— Кайрат… Кайратчигим! Ме, бу сага, — Калмурза уулуна оюнчукту сунду. Кайрат менен Гүлжамал дубалга жөлөнүп отуруп эшиктин түбүнө барганда жылт коюп чыгып кетти. Бөлмөдө Максат гана турган жеринде катып калды.
— Максат, Максатчигим! Уулум, келчи атаңа… Мына, карачы, мен сага кандай оюнчук алып келдим, — Калмурза кичинекей машинени бурап, кайрадан килемдин үстүнө койгондо тигил зыңылдаган бойдон сызып жөнөдү. Максат машинени бир пас тиктеп турду да, анан агасы менен эжесинин артынан ээрчип дубалга жөлөнүп барып бөлмөдөн чыгып кетти.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️