Бала тарбиялоо боюнча ата энелерге 60 насаат.

https://kyrgyzcha.site/?p=36410&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БАЛА ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ 60 НАСААТ

 

1. Балдарыңа “Лаа илааха иллаллах” келмесин кыргызча мааниси менен кошо үйрөт. Келменин кыргызча мааниси “Аллах гана сыйынууга татыктуу” же “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч бир Зат жок” экендигин терең түшүндүр.

2. Адамзаттын бул дүйнөдө жаралуу максаты жалгыз Аллахка гана сыйынып, Анын дини менен жашоо экендигин кеңири айтып бер. Аллах Таала Курандын “Зарият” сүрөөсүндө: «Жиндер менен адамзатты бир Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым»,– деп айткан.

3. Тозок жөнүндө же Аллахтын азабы жөнүндө көп айта бербе. Себеби жаш балага Аллахтын азабы же каары тууралуу улам айтыла берсе, анда бул аны ар кандай коркунучтарга салып, бара-бара Аллах тууралуу туура эмес ой-пикирлерге алып барышы мүмкүн.

4. Балдарыңдын көзүнчө Аллахтын мээримдүүлүгүн, ырайымдуулугун дайым эскер жана алардын жүрөгүндө Аллахка болгон сүйүүнү пайда кылган сөздөрдү айт. Анткени Аллах гана бизди жаратып, бизге өмүр берди, ырыскы берди, жашообуздагы бардык муктаждыктарыбызды ишке ашырды жана бизди мусулман кылып жаратты.

Пример HTML-страницы

5. Балдарыңды күнөө кылуудан эскерт, айрыкча жалгыз калган кезде күнөө кылуудан сактан деп эскерт. Анткени биз каерде болбойлу, Аллах Таала бизди дайым көрүп турат. Анын жүрөгүндө “Аллах сени дайым көрүп” турат деген сезимди жарат.

6. Аллахтын ысымы айтылган сөздөрдү көп айт, мисалы, тамак же суусундук ичерден алдын “Бисмиллах” деп айт, бүткөндө “Альхамдулиллах” деп айт. Бир нерсеге суктанганда же таң калганда же сүйүнгөндө “Субхааналлах” же “МашаАллах” деп айт. А эгер бир ишти аткарууга убада кылсаң, же бирөөгө убада берсең “ИншаАллах” деп айт.

7. Балдарыңа Пайгамбарыбыз тууралуу жана анын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму, анын сыпаттары тууралуу айтып бер. Эгерде Пайгамбардын өмүр баяны тууралуу китеп болсо, ошондон күнүгө аз-аздан окуп бер. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын атын айткан адам да, анын атын уккан адам да “Саллаллаху алейхи уа саллам” деп ага салават айтуу керектигин түшүндүр.

8. Тагдырга кантип ыйман келтирүүнү жөнөкөй мисалдарды айтуу менен түшүндүр. Мисалы, ар бир адамдын тагдыры ал төрөлө электен мурун эле жазылганын жана кайсы нерсе болбосун, Аллахтын гана каалоосу менен болоорун, а эгер Аллах каалабаса, анда ал нерсе эч качан ишке ашпасын дайым эскерт.

9. Балдарыңа Ыймандын жети түркүгүнүн ар бирин кеңири түшүндүр.

10. Ыйманга байланышкан кээ бир суроолорду бер, мисалы, “Раббиң ким? Диниң эмне? Пайгамбарың ким? Аллах бизди эмне үчүн жараткан? Бизге ырыскы берген, бизди тамактандырган, суусунубузду кандырган, бизди кийиндирген ким?” деген сыяктуу суроолорду маал-маалы менен сурап тур. Ошондой эле Исламдагы эң чоң күнөө – ширк экенин жана ал кечирилгис күнөө экенин түшүндүр. Адам Аллахка гана сыйынып, Андан гана сурап, Ага гана таяныш керек деп Аллахтын кудуреттүүлүгү туурасында дайым айт.

 

ИБАДАТ

 

11. Балдарыңа Исламдын беш түркүгүн үйрөт.

12. Балдарыңды намаз окууга жаштайынан көндүр. Пайгамбарыбыз: «Балдарыңарды жети жашында намаз окууга буйругула…»,– деп айткан.

13. Мечитке барганда балдарыңды кошо ээрчитип ал жана ага туура даарат алганды үйрөт.

14. Мечитте жүрүүнүн адептерин үйрөт.

15. Рамазан айында да орозого кармоого кичинесинен акырындан көндүрө бер.

16. Балдарыңа Курандагы кыска сүрөөлөрдү четинен жаттат, ошондой эле кээ бир кыска зикирлерди да дайым айтууга үйрөт, мисалы, чүчкүргөндө “альхамдулиллах” деген сыяктуу кыска зикирлерди четинен үйрөтүп башта.

17. Балдарыңды кызыктыруу үчүн аларга сыйлык катары белектерди бер. Мисалы, ким бул сүрөөнү жаттаса же бул зикирди ким жаттаса, ага мындай белек берилет деп кызыктыр. Бул туурасында Ибрахим ибну Адхам өзүнүн башынан өткөн бир окуясын айтат: «Күндөрдүн биринде атам мага: «Балам, хадис жаттап баштасаң, жаттаган ар бир хадисиң үчүн бир дирхамдан берип турам»,– деп айтып кызыктырды, ошого карап мен хадис жаттай баштадым деген».

18. Жаттаганга ашыкча өлчөмдө тапшырма берип балдарыңды тажатпа. Эгерде берилген тапшырманы жаттай албай калса, аны уруп же катуу айтып жазалаба, бул анын Куран же хадиске болгон урмат сезимин кетириши мүмкүн. Үйрөтүүдө кызыктыруу аркылуу түрлүү ыкмаларды колдон. Баланын жүрөгүндө кызыгууну пайда кылсаң, анда ал тез арада эле өздөштүрүп алат.

19. Балдарыңа бардык иште дайым үлгү көрсөт. Алар сенден дайым жакшы сыпаттарды көрүп, жакшы сөздөрдү гана уксун. Ошондой эле өзүңдүн диний милдеттериңе бекем бол. Эгерде өзүң ибадаттарга бекем болбосоң, же диний милдеттериңе кош көңүл мамиле кылсаң, балдарың да сени көрүп, ибадаттарга жеңил карай башташат.

20. Балдарыңды берешендикке үйрөт. Мисалы, алардын көзүнчө кедей-кембагалдарга же тилемчи-кайырчыларга садака бер, же балаң аркылуу аларга бердир. Баланы берешендикке жаштайынан тарбиялоо керек жана аны өзүмчүлдүккө түрткөн иштерди кылуусунан эскерт.

 

АДЕП-АХЛАК

 

21. Эгерде балаңды чындылдыкка үйрөтөм десең, анда аны өз оюн ачык айтууга үйрөт, аны жөнү жок кагып силкпе, же катуу айтып басмырлаба. Туура эмес айтса жакшына түшүндүрүп туурала. Басмырлоо – баланы жаштайынан жалтак кылып, коркоктук жана тартынуу сезимин жаратат.

22. Дайым чындыкты гана сүйлө, анткени балаң сени ээрчийт, чынчыл болсоң чынчыл болот, жалганчы болсоң жалганчылыкка үйрөнөт.

23. Ага чынчылдыкты жана аманатка бекем болууну үйрөт. Кээде балаңа аманат тапшырып, аны иш жүзүндө текшерип тур.

24. Балдарыңды сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка үйрөт. Орозо тутуу да адамды сабырдуулукка үйрөтөт. Ошондой эле чыдамкайлыкты же сабырдуулукту талап кылган иштерди тапшыруу жолу менен да үйрөтсөң болот.

25. Бардык балдарыңа адилеттүү бол, баарына бирдей кара, бирдей мамиле кыл. Муну менен аларды адилеттүүлүккө үйрөтөсүң.

26. Балдарыңа өзүнө каалаган нерсени башкаларга да каалоону үйрөт. Эгерде ушуга байланыштуу хадис же окуялар болсо, анда аны айтып бер. Өзүнө каалаганды өзгөгө да каалоо – адамдын өзүмчүлдүк сыпатын кетирет.

27. Жалган сүйлөө, алдоо, уурулук сыяктуу сыпаттар адамдагы эң жаман сыпаттар экенин түшүндүр. Эгерде балаң жалган сүйлөсө, же алдаса, же уурдаса, анда ага катуу эскерт.

28. Эгерде балаң кандайдыр бир иште эрктүүлүгүн же эр жүрөктүүлүгүн көрсөтсө, анда аны макта жана мүмкүн болсо, ага сыйлык катары белек бер.

29. Балдарыңа катаал жана орой мамиле кылба, анткени ата-эненин катаалдыгы баланы коркоктукка, жалган айтууга түртөт.

30. Балдарыңды бардык иште жөнөкөйлүккө, сылыктыкка жана жумшактыкка үйрөт. Текеберликке түрткөн сыпаттарын байкап калсаң, анда ага мындай кылуу күнөө экенин айтып катуу эскерт.

31. Аллахка эң сүйүктүү жана Анын алдындагы эң урматтуу адамдар – жакшылык кылууга умтулган такыба адамдар экенин айтып жаштайынан такыбалыкка үйрөт. Ал эми урууга же ата-текке же байлыкка карай бөлүнүп жарылуу динге туура келбестигин түшүндүр.

32. Зулумдук, адилетсиздик жана кыянаттыктын акыбети адамга кордук алып келерин дайым эскертип жүр.

33. Көпчүлүк адамдар баамдабаган кээ бир нерселердин ортосундагы айырмачылыктарды баяндап бер. Мисалы, эрдик менен айбандык, уяттуулук менен тартынчактык, жөнөкөйлүк менен кордук, акылдуулук менен амалкөйлүк сыяктуу сыпаттар.

34. Балдарың үйдө болобу, көчөдө болобу, аларды кичинесинен берешендикке, жоомарттыкка үйрөт.

35. Балдарыңа убада берсең, аны эч качан бузба. Убадаңа бекем тургандыгың аларды убадага бекем болууга үйрөтөт.

 

ЖҮРҮМ-ТУРУМ, АДЕП-АХЛАК

 

36. Балдарыңды “Ассаламу алейкум” деп салам айтууга жана алик алууга үйрөт жана өзүң да аларга жолукканда же үйгө киргенде эң биринчи салам айтып кир.

37. Балдарыңдын көзүнчө кийимиңди чечпе жана которунба, алардын көзүнчө авратты толук жапкан кийим кий. Буга кайдыгер караба, балдарыңды кичинесинен уяттуулукка үйрөт.

38. Кошуналарың менен дайым жакшы жана жакын мамиледе бол. Кошуналарга кандай мамиле кылуу керектигин жана алардын алдындагы милдет-акыларды үйрөт.

39. Ата-энеңе жакшы мамиле кыл, туугандарың менен жакын мамиледе бол жана аларга барган кезде балдарыңды да ээрчитип ал.

40. Кулк-мүнөздүүлүк, адептүүлүк жана жөнөкөйлүк жакшы сыпаттардан экендигин дайым айт.

41. Балдарың үчүн күнүгө атайын убакыт бөл, аларга Пайгамбарыбыздын же сахабалардын же улуу аалымдардын адептүүлүккө, кулк-мүнөздүүлүккө байланышкан окуяларынан айтып бер. Айтып бергенден кийин кандай түшүнгөнүн жана кандай пайда алгандыгын сура.

42. Балаң ката кетирсе же бейбаштык кылса, анда аны жалгыз чакырып алып түшүндүр, адамдардын көзүнчө анын катасын айтып басмырлоодон этият бол.

43. Балаңдын айып-кемчиликтерин улам айта бербе, анын жакшы сыпаттарың көрсөң, анда аны мактап көтөрмөлө.

44. Балдарыңдын бөлмөсүнө кирерден алдын эшигин кагып уруксат сурап кир. Бул аларга уруксат суроо адебин үйрөнүүгө себеп болот.

45. Балаң бир айтканда түшүнбөсө, анда анын бул кемчилигин улам айтып жемелей бербе. Жумшактык менен жакшылап кайрадан түшүндүрүүгө аракет кыл.

46. Тамактан алдын “бисмиллах” деп, тамак жеп бүткөндөн кийин “альхамдулиллах” деп үнүндү чыгарып айт. Үндү чыгарып айтуу алардын жаттоосуна жана дайым эстөөсүнө себеп болот.

47. Балаң ката кетирсе же бир ишти туура эмес кылса, анда ошону улам баса белгилеп айта бербе, аны ката кетирбешке жана андан кутулуунун жолун көрсөт.

48. Эгерде ката кетирсең же берген убадаңды аткаралбай калсаң, анда балаңдан кечирим суроодон уялба. Бул аны жөнөкөйлүккө, өз оюн ачык айтууга, чынчылдыкка жана кетирген катасың моюнга алууга үйрөтөт.

49. Балаңды өз оюн ачык айтууга үйрөт. Эгерде ал өз оюн айтып жатса, анда сөзүн бөлбө, аны шылдыңдап басмырлаба.

50. Балдарыңа мээрим төк, бирок ашыкча эркелетүүдөн сак бол. Ашыкча эркелетүү же ашыкча катуу кармоо баланын мүнөзүн бузат. Эркелетүүдө ортолукту карман, өз орду менен эркелет.

 

СЫЙЛЫК ЖАНА ЖАЗАЛОО ЖОЛУ

 

51. Сыйлык же жазалоо ыкмасын чеги жана өз орду менен колдон.

52. Эгерде балаң жакшы иш кылса, же ийгилик жаратса, анда аны сөзсүз мактап шыктандыр. А эгер шартың болсо, анда ага сыйлык катары белек берсең да жакшы. Аны ашыкча жазалоодон же кетирген катасын айтып дайым айыптоодон сак бол.

53. Сыйлык берүүдө ар кандай жолдорду колдон. Мисалы, кээде акчалай сыйлык берсең болот, кээде бир жакка эс алууга алып бар же ага жаккан нерсесин сатып келип, ага белек кыл ж.б.

54. Ошондой эле жазалоодо да ар кандай жолдорду колдон. Ашыкча уруудан сак бол, башка чаппа, бетке урба, басынткан сөздөрдү айтып сөкпө. Анын катасын айтып, бетме-бет отуруп түшүндүр. Пайгамбарыбыз өмүрүндө бир дагы жолу баланы урган эмес.

55. Билгин, өз ордунда берилген жаза адамды кетирген катасын кайра кайталоодон тосуп, аны туура жолго багыттайт.

56. Жазалоодо катаалдыктан сак бол жана ар бир кетирген катасы үчүн жазалай бербе. Оболу, кетирген катасынын туура эместигин айтып түшүндүр жана туурасын айтып жол көрсөт.

57. Балаңды ачуу үстүндө жана адамдардын көзүнчө жазалаба жана аны басынтып урба.

58. Балаңа берилген жаза ал жакшы болсун үчүн гана берилет дегендей сезим калтыр.

59. Жазалоо десе, баланы уруп согуу деп түшүнбөө керек, жазалоо – бул баланы адептөө жана ага туура багыт көрсөтүү.

60. Жазанын кандай түрүн колдонсоң да айткан жазаңды так аткар. Бул баланын жазага жеңил кароосунан тосот жана аны чечкиндүү кадамдарга барууга түртөт.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️