Пример HTML-страницы

Ат-Башыда окуучу кыздар арасында өткөн волейболдун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы милициясы райондогу окуучу кыздар арасында өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү район аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, жаштарды сергек жашоого үндөө жана патриоттуулукка тарбиялоо, ортодогу ынтымакты арттыруу максатында кыздар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурган.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө жана жалпы катышкан командаларга Ат-Башы РИИБи тарабынан кубок, грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE