Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын 3 балбаны белбоо күрөшү боюнча Кыргызстандын биринчилигинде алдыңкы орунду багындырды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун 3 балбаны белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спортчу Урмат Кадырбек уулунун айтымында, Кыргызстандын ачык чемпионаты Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн.

— 100 килограмм салмактагылар арасында 1-орунду Кош-Дөбө айылынын балбаны Чубак уулу Сыймык;

— 100 килограмм салмактан жогоркулар арасында 1-орунду Коңорчок айылынын балбаны Айбек Касманбетов;

— 57 килограмм салмактагылар арасында 3-орунду Тоголок Молдо айылынын балбаны Урмат Кадырбек уулу багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE