Пример HTML-страницы

Ак-Талаада санжырачылардын сынагы өттү. Кимдер жеңди?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда санжырачылардын сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кыргыз элинин улуттук наркын, кылымдарды карыткан салтты сактоо, аны урпактарга таберик катары өткөрүп берүү максатында райондук маданият бөлүмү тарабынан «Жети атаңды билесиңби?» аталыштагы санжырачылардын сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи кечээ, 22-февраль күнү маданият үйүндө белгиленди.

Жыйынтыгында калыстар курамынын чечими менен 1-орунду Тоголок Молдо айылынын тургуну Талант Исмаилов, 2-орунду Баетов айылынын тургуну Рысбек Шыгаев, 3-орунду Үгүт айылынын тургуну Бактыбек Эсенгулов камсыздап акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты. Ошондой эле, активдүү катышкандыгы үчүн бир катар санжырачылар сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE