4- БӨЛҮМ
Мындай жомоктогудай кооз үйдү ким салып жатат?-десем, сизди айтышты. Көрөйүнчү деп кире калгам. Менин атым – Зоя, сиздикичи?-деди кыз тартынбай.
– Сапарбек,-деди жигит бар күчүн жыйып. — Сизди мурда бул аймактан көрбөптүрмүн, -деп кошумчалап койду.
– Мен эжекемдикине коноктоп келгем. Чоочун кыз кайдан келе калды деп жатасыз го? Бул тегеректеги кыздар сизге тийишип жатышса керек. Баары эле ооздорунан түшүрбөй укмуш уста деп алышыптыр го,-деди тыкылдай кылыктана моймулжуп карап.
– Жок. Кыздарды деле тааныбайм… Эч ким деле тийишпейт,-деп жигит өзүнчө эле шашкалактай актана кетти.
– Коюңузчу… Кантип эле эч кимди тааныбай калат элеңиз?.. Сизди бүт таанышса сиз эч кимди тааныбайм дейсиз…-деди кыз дагы тийише.
Жигит апкаарый түштү да, кайра “Бир көргөн кызга мынча эмне актанып, алактап атам?”-деп ичтен ойлой боюн жыйды.
– Эми тааныбайм дегеним, жакын сырдаш эмеспиз дегеним да. Мындай өң тааныштар бар. Учурашып коёбуз,-деди күнөөлүүчө үнүн пас чыгарып.
– И-и, ошентпейсизби. Эркектер кыйынсыңар. Кыздар менен таанышсаңар эле “Сенден башка эч кимди тааныбайм. Сенден башка эч кимге көз сала элекмин” деп киресиңер,-деди үстөмөндөй.
– Менин андайым деле жок,-деди Сапарбек үнүн коомай чыгара. Кыздын өтө ачыктыгы көп жага бербеди. Чекесинен аккан терин колунун сырты менен сүртө аарчый ишин токтотуп, арыта турган чайнектеги муздак чалаптан жутту. Кыз шыңкылдап күлүп койду. Секелекче так секире улам бир бөлмөгө жүгүрүп “Ойи-ий, укмуш экен”,-деп көрүп жүрдү. Бир топто кайра жигитке келип:
– Укмуш эле акча кетсе керек. Мындай үйдү шаардан да көргөн эмесмин. Сизге да кымбат төлөйт болсо керек,-деди көздөрүн бакыраңдата. Жигит эс алайынчы деп көчүк басып отурган эле.Сөздү башкага буруш үчүн:
– Шаардан келдиңизби? -деди кызды астыртан карай.
– Ооба, шаардан келдим десем да болот, шаарга жанаша райондо жашайбыз. Айылдыктар бизди шаардыктар деп коюшат.
Жигит үндөбөдү. “Шаарда өскөндүктөн ачык-айрым окшойт” деп ичинен ойлоп койду.
– Искусство институтунда окуйм. Студенткамын. Буюрса, келаткан жылда бүтөм. Жигит сурабаса деле өз таржымалын айта баштады. — Музыкадан берген мугалимдин, анан айылдык маданият үйүнүн уюштуруучулук кесибинин ээси болуп чыгабыз. Айылдагы жашоого кызыгам, бирок, өзүмдү айылда жашай алам деп элестете албайм,-деп дагы жыргап кыткылыктап күлүп койду. Анан өзүнчө чочуй:
– О-ой, мен кетейин. Эжекеме кайда барарымды айтпай эле чыгып кеткем. “Кайда жүрөсүң?”-деп такалайт. О-о, очень строгий эжешкам бар. Тим эле жанымды сууруп алат. Пока, уста жигит,-деди да жүгүрүп чыгып кетти. Этеги жайык кыска көйнөгүнөн ак балтыры булактай, бир өрүм чачы кылактай жигиттин жүрөгүн сууруп, кошо өзү менен ала кетти.
Сапарбек эси ооп, отурган ордунан тура албады. Эриндери араң кыбырап “кош” демиш болду. Нес болуп катты. Кулагы чуулдап кыздын үнү жаңырат. Күлкүсү жаңырат. Элеси жаркылдап күлүп астынан ары-бери өтүп кылактайт. Канча отурду ким билсин, ордунан сүйрөлө туруп өнөгү экөө жатып жүрүүчү бөлмөдөгү ордуна араң жетти да күп жыгылды. Ошо бойдон ордунан турбай, тамак да ичпей жатып уктап кеткен экен, түшүндө мойнуна кара чаар жылан оролуп алыптыр, демин кысып муунтат. Эми эптеп бошонуп алып ыргытса ажыдаарга айланып соро турган болуп калат. Жанталашып качайын десе кача албайт. Ажыдаар узун тили менен ороп алып оп тартат. Улам ажыдаардын оозуна кирип, кекиртегинен өтө турган болуп калганда колуна кайдан-жайдан өзүнүн жакшы көргөн албарс миз балтасы урунуп калат. Бир шилтем менен боюна оролгон тилин кесе чабат. Ажыдаардын арсайган азуу тиштеринен кутулам деп улам бирин үзө чабат. Ошондо да ажыдаардын оозунан чыга албайт. Тим эле жаналакетке түшөт. Ушинтип кыйналып атып эшиктин калдырап ачылганынан ойгонуп кетти. Алма-чөлмө терге түшүптүр. Көрсө, өнөгү келген экен. Ал беркини тиктеп турду да:
– Сапаш, ооруп калган жоксунбу? Өңүң жаман,-деди. Өзүнөн эки жашча улуу жигит болчу.
– Жок. Соо элемин. Болгону түндө жаман түш көрүп кыйналып чыктым. Ошонуку го,-деди жооткото.
– Ошондой эле болсун. Бүтөөрүбүзгө аз калганда…-деп койду да, өнөгү эртең мененки тамакты даярдоого киришти. Сапар туруп шашпай жуунду. Ойгоноору менен кызды эстеди. Көз алдынан басса-турса кошо ээрчип кетпейт. Түндөкү көргөн коркунучтуу түшүн да унутуп калды. Ичинен “Кайдан да жолукту эле? Кантсем эми?..”-дейт. Иш башталгандан сынай караган өнөгү:
– Сапаш, сен чын эле соосуңбу же бир жериң ооруп турабы?
Түшкө жакын баягы Зоя дагы шаңкылдап кирип келди. Өнөгү менен да тааныша кетти.
– Тим эле укмуштай үй салып жатыпсыңар, -деп мактады.
Өнөгү үйлүү-жайлуу болуп калган сөзмөр жигит эле. “О-о, сенин көргөндөн көрө элегиң көп. Үй толук бүткөндө даана оозуң ачылат. Ошондо биздин колдон тим эле өпкүң келет”,-деп бакылдап кыздын суроолоруна буйдалбай жооп берип, аны да тамашалап күлдүрүп көпкө кетирбей кармады. Сапар да сөзгө аралашып, боюндагы баягы калтырагы тарап, үстүнөн оор жүк түшкөндөй жеңилдеди. Кыз шаңкылдап күлгөн сайын жан дүйнөсү балкып жал-жал карайт. Сөз кезеги келсе апкаарыбай куудулданып жооп берүүгө жарап, ичинен кыз кетпей дагы тура турса деп тилейт. Кыз кеткенден кийин өнөктөшү:
– Ух ата, тим эле жүзүмдөй мөлтүрөп бышып турган кези экен. Сапаш, сөз салсаңчы? Өзү да сага улам сөз агытып, кыйгач карап кылыктанып тийишип турат. Бойдок экениңди укса керек го,-деди сынай карап.
– Кайдан?.. Мындай шаардыктар биздей айылдык устаны карамак беле. Анын үстүнө билимдүү да неме экен. Өзүндөй билим-илими бар немени көздөйт да,-деди көңүлсүз. Ушуну ойлогондо жүрөгү “тыз” деп үшкүрүп да алды. “Билимсиз калгыча сыртан болсо да бирөөсүн окуп койсом болмок экен, эмгиче бүтүп да алмакмын”,- деди ичинен. Өнөгү өз оюн бербей кайра сөз улады.
– Ээ, Сапаш, койсоңчу ошол билимдүүсүнгөндөрдү. Сенин алдагы алтын колуңду акылы бар киши бир эмес эки дипломго да алмашпайт. Галстук тагынып, бир шымын күндө үтүктөп кийип, папке көтөргөнү болбосо, аларыңдын турсалары жыртык. Мына чыныгы кесип ээси деп сени айтыш керек. Көп эле уста менен иштегем, сендейди көрбөгөм. Колуң тийген нерсе гүлдөй түшөт го. Эгер жанагы кыздын өңүнө жараша акылы болсо, сендей жигиттин этегине жүгүнүшү керек. Сага тийсе өмүр бою эч нерседен кем болбой өтөт. Аялга андан башка эмне керек? Балдарын багып, күйөөсүнүн тапканын ичип-жеп жыргап үйдө отура берсин да, туурабы Сапаш? Демек, бул сенден менимче жок дебейт. Эгер көңүлүң болсо сөз сала бер,-деди ишенимдүү.
Түпкү сезиминдеги жаңы тутанган от ушундай кубаттоону эле күтүп турса керек жел тийгендей “дүр” дей түштү чиркин! “Өзүмдү эмнеге кемсинтем? Өнөгүм турганда чын эле дипломдуудан кемминби? Керек болсо мындан сулууларга да сөз салсам жарашпайт бекенмин”,- деп кайраттана кетти.
Ошол күндөн баштап боюна карап, таза кийинип,чачын тегиздетип, сакал-мурутун күндө тазалап кырына баштады. Иште да өзгөчө иштерман болуп чыга келди. “Оозу ачылсын. Көргөндө көз күйгөндөй кылайын”,-дечү болду. Зоя эмнегедир бир жумача кирбей калып бир күнү адатынча “жарк” деп күтүүсүздөн пайда болду. Сапар дубал боорундагы атайын оюлуп калтырылган орунга кийим илүүчү шифоньер жасап жаткан. Тобурчак терип кубалашкан тыйын чычкандардын сүрөтүн жыгачка оюп түшүрүп жасалган шифоньер али бүтө элек болчу. Кирип келди да, көпкө үнсүз Сапардын ийкем кыймылдаган колдорун карап калды. Анан:
– Сиз сүрөт окуу жайын бүттүңүз беле?-деди таңданганын жашыра албай. Сапар тыйын чычкандын оюлган кулагындагы жыгачтын пырын үйлөп койду да кызды эми байкагансып:
– А-а, саламатсызбы Зоя?.. Кандайсыз? Көптөн бери көрүнбөдүңүз го?-деди сөздү башкага буруп. Кыз жигиттин сөзүн укпагансып, шифоньерди колу менен аяр сылап:
– Менин да ушундай кийим салган шифоньерим болсо…-деди да жигитти жалт карай суроосун кайталады.
– Сиз сүрөт окуу жайын бүттүңүз беле?
– Жок, эч кандай окуу жайды бүткөн эмесмин. Мектепти бүткөндөн кийин эле ушул кесипке өтүп кеткем,-деди көңүлсүз.
– Тим эле карап эле тургудай жасайсыз. Сүрөтчүлүк талантыңыз күчтүү экен. Сүрөттү сонун тартат болсоңуз керек?
– Жок. Калем менен эч нерсе тарта албайм. Ал эми тигил аспаптар колумда турса, өзүнөн-өзү эле эмнени жасайм десем жасала берет. Керек болсо сиздин турпатыңызды деле жыгачтан оюп жасап коё алат болушум керек,-деп арыта жаткан балта-чот, жыгач ойгуч аспаптарын көрсөтө ачыктана сүйлөп ийди да, кайра эрдин тиштей ашыкча мактанып ийдим окшойт деди. Кыз сөз кезегин коё бербеди.
– Чын эле менин турпатымды да жыгачтан жасай аласызбы? Мага окшотуппу? Коюңузчу? Тим эле көздөрүн жайнатып эзилип тиктеди.
– Чынында кичине ашык айттым көрүнөт. Ушул кезге чейин бир да жолу адамдын турпатын жасай элекмин. Балким, жасай аламбы дейм.Чекесинен тер чыга түштү. Кайдагы жок нерсе тилиме келе калды экен, уяла бети да чымырап кетти. Аңгыча өнөгү түштөнүүгө чакырып калды. Оор абалдан чыкканына кубана:
– Жүрүңүз, биз менен чай ичиңиз,-деди кызга. Зоя кичине ойлоно калды эле,-же усталар менен чайлагыңыз келбей турабы?-деди какшык жылдыра. Кыз адатынча шартылдай:
– Мейли, чай ичсе чай ичели,-деди.
Сапарбек жуунганы кеткенде өнөгү жөн турбай чабуулга өттү:
– Биздин Сапарбек устабыз сизге ашык болуп калыптыр, Зоичка. Күнү-түнү уктабай ойлонгону эле сиз. Тим эле жанын коёрго жер таппай жүрөт. Мынчалык бирөөнү сүйгөн адамды биринчи көрүшүм,-дей салды үнүн пас чыгара шыбырай.
– Коюңузчу… Тамашаңыз го?-деди кыз эмне айтарын билбей.
– Нан урсун, чын сөзүм,-деди берки каргана.
– Мен шаарда өсүп-чоңоюп айылдын шартын түшүнө бербейм. Анын үстүнө шаарда сөз салып жүргөн жигиттер деле бар,-деп аягын туюктай бүдөмүктөттү. Аңгыча Сапар келип калып сөз башкага бурулуп кетти. Улам бир тамаша айтышып түштөнүү көпкө созулуп калды. Каткырып күлүп атышып үйдүн кожоюну Аргендин кирип келгенин да байкабай калышыптыр.
– Усталар мынча эмне каткырып жатап десе Зоичка бар беле?-деди ал кирип келип.
Баары орундарынан ызаат көрсөтө тура калышты. Зоя эмнегедир кызарып кетти да:
– Саламатсызбы, Арген байке!-деди уялыңкырай.
Арген баары менен кол алышып көрүштү да Зоянын колун өөп:
– Кандайсың, Зоичка? Супсулуу болуп жаркылдап жүрөсүңбү?-деди көздөрүн кымыңдата тиктеп.
Сапар ичинен “Бул Зояны кайдан тааныйт?”-деп ойлой кызгана кетти. Зоя болсо “Жигиттер, жакшы калгыла. Мен кеттим”,-деди да, беркилер сөз айткычакты эле жылт коюп чыгып кетти. Арген бир нерсе айтканы оозун таптап келатканда Сапардын өнөгү озуна:
– Бул Зояга биздин Сапаш аябай ашык болуп калыптыр. Кантип сөз саларын билбей тынчы кетип, түнү уйку көрбөй жүрөт,-деди Аргенгежымыңдай карап көз кыса.
Арген эмнегедир кичинеге ойлоно калды да анан:
– Эгер Зояны чын эле жактырсаң, аны алыштын жарасы жеңил. Менин бир ооз сөзүм. Эжеси өзү үйүңө жеткизип берет. Зоянын эже-жездеси менен менин алыш-беришим бар. “Пык” деп көрүшсүнчү момуну төбөлөрүнө ойното коёюн,-деп эткел муштумун көрсөтө каткырып койду.
Сөз ишке бурулуп кетип башка Зоя жөнүндө кеп козгошподу. Канткен менен Аргендин жылуу сөзүнө Сапарбектин ичи жылып, кубанганынан өзүнчө эле кудуңдап жүрдү.
Тим эле Зоя экөө баш кошуп жашап жаткандай сезип кетти. Элеси көз алдына тартылып, ал түгүл жанынан өткөндө “бур” дей түшкөн бир башкача жыттуу атыры мурдуна дагы урунгансып магдырай түшөт.
Арадан үч күн өткөндөн кийин адатынча шаңкылдап кирип келген Зоянын колуна Сапарбек оромол карматты да:
– Өзүң ачып көр,-деди.
Табышмактуу оромолдун ичин көргөнгө ашыккан кыз чечкиче шашты. Ачаары менен көздөрү бакырая таңданганын жашыра албай бирде Сапарбекти, бирде колундагыны карап туруп:
– Оой, куурчак… Бул мен го… Мага окшош го,-деди мукактанып.
Чын эле куурчак Зояга куюп койгондой окшош болчу. Биринчи күнү келгендеги гүлдүү көйнөк кийип, астына түшкөн бир өрүм чачын колдору менен кармалап бажырап жылмайып турган кыздын сөлөкөтү болчу. Өтө чеберчилик менен жасалып, боёктору да таасын тандалгандыктан, тим эле тирүүдөй көрүнөт.
Уландысы бар…