Өчкөн сүйүүм, бүтпөс арман.
………7-бөлүм……
—Айжан эже саламатсызбы! Мен Даниса, эже айтып койом деди эле.
—Ооба, айтты… Айтпаса деле түшүнмөкмүн.
—Эмнени?
—Жан алгыч экениңди да, эмнени болмок эле!-деп мени акшыя карады. Жүрөгүм озума тыгыла калды. Бул менин адам өлтүргүч экенимди кайдан билет? Эми эмне болот?
—Эже эмнени айтып жатасыз? Адашып калдыңыз, мен эч кимди өлтүргөн эмесмин.
—Өлтүрбөсөң эми өлтүрөт экенсиң да. Канча айлык ичиңдеги?
Анан эсиме келе түштү ичимдеги баланы алдырган жатканым.
—Төрт айлык, бүгүн эле алып саласызбы мүмкүн болсо.
—Ээх пенде, кандай гана таш боорсуң. Ай кыз ушул баланы кыйнаганча сактанган оңой эмеспи балам. Карачы баланы да кыйнадың, өзүң да экинчи төрөбөй калышың мүмкүн. Бул сага керекпи?
—Эже төрөбөгөнүм жакшы мага, түшүндүрө албайм бул нерсени.
—Ай кызым аай, күйөөң менен урушуп кеткен көрүнбөйсүңбү.
—Жок, ой ооба… Эже сизге баарыбир эмеспи, мен баладан кутулгум келет.
—Кызым айтчы мага, балким жардам бере алаармын.
—Акылдуу болбоңузчу, сиз билип коюптурсузбу эмне болгонун. Күйөөм сиңдимди сүйүп калып мени таштап кеткенин. Сиңдимди өлүп калбасын!-деп күйөөм менен бириктирүүгө аракет кылганымды. Сүйгөн адамымды өз колум менен бир тууган сиңдиме бергенимди. Сиңдим мени кече албай сүйүүсүнөн кечкенин. Эми араң бири-бирибизди түшүнгөндө бизге зөөкүрлөр кол салганын. Ансыз да саналуу күнү калган сиңдимдин өлүп калганын. Ичимдеги бала ошол үч зөөкүрдүн бирөөсүнүкү экенин. Ал зөөкүрлөрдү өз колум менен майып кылып койгонумду. Эмнени түшүнөсүз? Колуңуздан эмне келет?
—Болду кызым, болду. Ыйлаба… Мага таарынба, мен кургур баланы алып калуу үчүн ар кайсыны сүйлөй берем. Сен көргөн азап чын болсо, анда сенин кылганың туура. Эсиңде болсун бир жиндиге өчөшүп, эне атка конбой калба. Ойлонуп иш кыл кызым, менин да сендей кыздарым бар. Адашпа …..
Чын эле ойлонуучу иш..Эне аттан кур калууга даярмынбы? Эне болууга татыктуумунбу? Аялдамада ыйлап олтурсам кол телефонумдун ачуу үнү чочутуп жиберди. Өз ойлорума алаксып олтуруп жумушумду унутуп калыптырмын. Бизде телефондо бул иш тууралу сүйлөшүүгө болбойт.
—Ало, Даниса эмне болдуң?
—Баары жакшы, тынчсызданбай олтура бер.
—Мен сага ишенем, заказды кечке жеткирип бер.
Бир жума убакыт бар деди эле, азыр коңгуроо кылып алып бүгүн кечке деп жатат бир нерсе болгон окшойт. Мен өлтүрбөйм, бейкүнөө наристени өлтүрбөйм. Чоңдордун күнөөсүнө наристе жооп берүүгө милдеттүү эмес. Ушул чечим менен көчө каңгып жүрдүм. Ичимдеги баланы да жайына койдум. Эми эчнерседен коркпойм, ишти аткарбасам артымдан түшөөрү анык. Мейли бирөөнүн колунан өлсөм ыраазымын. Балким ошончо кылган күнөөм жуулуп кетер. Бирөөнүн колунан өлгөндөр бейишке түшөт деп укканым бар. Бир маалда кантип бала бакчанын тушуна келип калганымды билбей калдым. Башымды балдардын таттуу күлкүсүнөн улам көтөрдүм. Кудай эсине келсин деп жатабы? Айла таппай турганда бала кандай керемет болоорун көр деп жатабы?
Билбейм, билбей калдым. Бирөөгө сырымды айтып, кеңеш сурагым келет. Айта албайм, эчкимим жок. Жалгызмын…………..
Канча саат олтурганымды билбейм, мынтип жүрө бергенден пайда чыкпашын түшүндүм. Түш ооп, курсагым ачып, оозум кургап калыптыр. Үйгө бардым. Азырынча баары тынч экен, бир нече сааттан соң бул үйдү астың-үстүң кылып кетишет. Туулуп-өскөн уямды, балалыктын элесин, ата-энемдин мээнетин жок кылып кетишет. Үй буларга эмне болуп калыптыр, адам өмүрү менен ойноп жатышпайбы.
Ха мен тигилерди айтып жатам э? Ошолордун жан алгыч жырткычтыгына арызданып жатам э? А менчи? Мен анда киммин? Канчалаган адамдын өмүрүн кыйдым, канча аялды жесир, канча баланы жетим калтырдым? Акым жок эле, менин да акым жок эле. Жек көрөм, жек көрөм өзүмдү. Өзүмдү сактап калуунун бир жолу бар, ал жол тиги наристенин өлүмү. Ал наристенин өмүрүн алып, өзүмө жашоо сатып алганча өлгөнүм артык. Наристени сактап калуум керек. Сүрөттү кайрадан алып чыктым, ушунчалык назик, таза наристе экен жүрөгүм жибип кетти. Ичимдеги бала да тыбырчылап жиберди. Анан башыма бирөө бир койгондой болду. Мен дагы зөөкүрлөрдүн кылганы үчүн баламдын жашоосун жок кылган жатпаймынбы. Тигил заказ берген аял бирөөнүн баласын өлтүргүсү келип жатса, мен өз баламды өлтүргөн жатам. Менин тиги аялды жектөөгө акым жок, мен андан жаманмын. Андан мыкаачымын. Ал өз бактысын талашып жатат, мен болсо баламдын төрөлүү бактысынан айрып жатам…
—Кандайсыңар…
—-Жакшы, силер кимсиңер? Эшиктин артында чочуган көздөр мени карап турду. Бул деген сүрөттөгү кыздын апасы экен. Чын эле аябай сулуу, жаш кыз экен.
—Бул сенин кызыңбы?
—Ооба, сүрөтү эмне кылып жүрөт силерде?
Сүрөттүн артын көрсөттүм, ал жерде дарек менен, заказдын суммасы жазылуу эле. Жаш кыз дароо түшүндү.
—Мен андан төрт эсе көп бере алам.
—Хмм, мага төрт эсе көп бергениң менен кызыңды сактап кала албайсың. Мен бул ишти аткарбасам башка аткаруучулар табылат. Сен кызыңды буйрутма берген адамды жок кылып анан сактап кала аласың. Менин бир суранычымды аткарсаң, мен ошол адамдын жүрөгүн сууруп келе алам.
—Эмне сураныч?
Үстүмдөгү бош гүрмөмдү ачтым, ичим билинер билинбес болуп турган.
—Мени жөн коюшпайт булар, төрөгөнчөм мени жашырасың.
—Өзүң жашына албайсыңбы? Сен деген кыйын болушуң керек.
—Жашына алам, жашынсам тирүү жан таба албайт мени. Бирок, мен өмүр бою жашынууну каалабайм. Ичимдеги баланын бардык жогу жакшы болуп чоңоюшун каалайм.
—Ошондо баланы алып калышым керекпи?
—Ооба, кызыңдын өмүрү үчүн сен дагы менин баламдын өмүрүн сактап калышың керек. Маакул десең ишти баштайын..
—Маакул, маакулмун.. Рахмат..
Артка бурулсам маңдайымда жанакы курсактуу туруптур. Менин колумдан кармап калды.
—Сен кимсиң? Эмне керек?
—Ал менин таанышым, жибер!-деп жаш кыз менден мурун жооп берди.
Мен кадамымды тездетип жөнөп кеттим. Кыялга барып, буйрутма берген аял менен кездешүүнү талап кылдым. Себебин мындай иштин баасы жогору экенин, үстүнө кошуусун сүйлөшөм дедим. Кыял да бул иштен качкысы келдиби тиги аялдын номерин дароо бере салды. Кездешүүчү жайды тактап, анан даярданып баштадым. Жок мунусунда куралсыз барам.. Көптөн бери катып жүргөн ууну чыгардым. Бул уу адамды акырындап өлтүрөт, бул уунун эки тамчысы адамдын ичине кирген соң ошол адамды эки күн ичинде жүрөгүн жарып тынат. Эң башкысы бул ууну эч кандай врач адамдын денесине таап чыга албайт. Бул уунун баасы борбордун үч баатиринин баасы. Мен бул ууну бир курсактуунун үйүнөн алып чыккам. Тамактануучу жайга келип, тамактын түрүн алдым. Курсагым ач эле өзүм жеп олтурдум. Бир аздан кийин полду титирете чооң аял басып келди. Тамактануучу жайдын эшигинен менин жаныма чейин жыйырма метрдей эле болсо керек, бул болсо жыйырма кадамга эле кара терге түшүп алыптыр. Анан күйөөсү кетпегенде эмне кылат? Жүз жыйырма кило май менен чогу жатмак түгүл жанына тура албайт экенсиң. Коломсонун жытына дагы бир жагымсыз кошулганда Франциянын эң кымбат духисин да басып кетет экен. Боюмда болгон үчүнбү же чын эле ошончолук чыдабай турган жытпы чыдабай кеттим. Ажатканага барып окшуп араң токтодум. Айласыз кайра дасторконго кайттым. Столдун үстүндө турган вино куйчу бокалга үч тамчы ууну алдын ала тамызып койгон болчумун. Суунун өңүнө окшогондуктан көрүнбөйт. Жолугушканыбыз үчүн!-деп ачыла элек винону ачып тигил семиз аялга куйдум. Күрсүлдөп эркектей каткырып алды да ичип жиберди. Анан шашпай сүйлөшүп олтурдук. Ал сумма аз экенин дагы жок дегенде он миң кошоорун айтсам дароо маакул болду. Үч күндүн ичинде иш бүтөөрүн айтып, чыгып кеттим. Үстүмдөн үч тонна жүк түшкөндөй үйгө кайттым. Баламды жарык дүйнөгө алып келеримди ойлосом жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кубаныч бийлеп алды. Эне болуу бактысы ушунчалык керемет экенин мурун билбептирмин. Тоону томкоруп салгандай жыргап калдым. Кыял тууралу такыр унутуптурмун. Тиги чоң аял өлгөнү менен Кыял бар да. Ал мени дагы иштешимди талап кылат, андан кантип кутулам. Кайгы башымдан кетпей койду го. Кийимди которууга үлгүртпөй эшикти үч эркек талкалап бастырып киришти. Булар ким экенине башым жетпей калды. Жанакы аял үйүнө барып өлүп калдыбы? Же аны куткарып калыштыбы? Уу тууралу билип калып, мени өлтүрүүгө жөнөттүбү? Колумду артка кайрып, башыма кара кап кийгизип бир жака алып баратышты. Бул ким, эмне үчүн мени алып баратканы мага табышмак болуп жатты….
Уландысы бар….