Өчкөн сүйүүм 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7148&preview=true Кызыктуу окуялар.

Өчкөн сүйүүм
………….6-БӨЛҮМ……
Жазылган ой-пикирлерди байкасам бул чыгарма аркылуу алданган, бирөө тараптан кордолгондорду өч алууга үндөп жаткандай сезилип жатат. Жок, бул такыр андай эмес. Мен бул чыгарманы башка өлкөнүн жазуучулары сыяктуу эле балким, кино болуп калса деп жатам. Туура бул жерде мен чын болгон окуя же фантастика деп айта албайм. Себеби чын десем мен адам өлтүрүп, кылмыш кылып жазаланчу адамды жашырып, өзүмдү да бул кылмышка тиешеси бар кылып коём. Фантастика десем чындыка дал келбейт жана мындай окуялар кездешпей койбойт. Арабызда жакынынын кылмышын айласыз жашыргандар аз эмес. Ошондуктан чыгарма аяктай электе туура эмес ой-пикир чыгарып албашыңызды суранып кетээр элем. Туура көп жерден мен жөнүндө эле эмес, башка жазуучулар тууралу ой-пикир окуп жатам. Сиздердин айтканыңыздарга толугу менен кошулам. Бирок, маанисиз, тарыхта калууга мүмкүнчүлүгү жок, эптемей чыгармаларды жазып жатат дегендерге такыр кошулбайм. Себеби Айтматов агабыз дагы жазган чыгармаларында ошол өзү жашап жаткан заманды сүрөттөгөн. Эмне үчүн биздин азыркы заманды сүрөттөөгө акыбыз жок. Эмне бизге келечек эчкачан келбейби? Же биздин кандай экенибизди келечек билүүгө акысы жокпу?
Албетте бул сөз азыркы чыгармага тиешеси жок. Себеби бул жерде кандайдыр бир деңгээлде мелодрама коштолгон боевик сүрөткө түшүп жатат. Бир эле бул эмес башка дагы чыгармаларымдын келечеги кинодо экенине ишенем жана үмүтүм чоң. Ошол үчүн өзүңүздөргө сабакты жаман жеринен эмес жакшы жеринен издешиңизди суранып кетем.

###########################

—Кыял байке, мына сиздин да каалаганыңыз болду. Эми мен кетейин, өчүмдү алып бүттүм жашоонун кызыгы калган жок мага.
—Бизде иш көп алтыным, сендейди колдон чыгара албайм.
—Мен көнбөсөмчү? Ал ишти уланткым келбейт, мен жан алгыч эмесмин туура түшүнүңүз.
—Сенде башка айла жок, себеби жанакы сенин артыңдан майып болгон балдардын бирөөсүнүн тууганы сени издеп жатат экен.
—Мен андан коркпойм, колунан эмне келет экен?
—Билем, сенде ыйык сезим калган жок. Бирок, ата-энеңди унутпа.
—Ата-энемдин эмне тиешеси бар?
—Эгер мени менен иштешпесең мен алар тууралу маалыматты тиги душманыңа берүүгө аргасыз болом.
—Кантип эле? Бул ишке мени түрткөн сиз го? Менин оюма эч келмек эмес, ачуулука алдырып жибердим.
—Анда менин ишим эмне? Кыскасы учкаштыңбы эми аягына чейин.
Башымды жерге салып, көз жашымды көлдөтүп жибердим. Мага дагы бир конверт сунулду. Акырын алып чыгып кеттим. Үйгө барып ачуума туура келди. Ичинде чачын аз-маз ак аралаган, кең далдуу эркек экен. Артында дареги турат, башка шаарда жашайт экен. Ким экенине эч кызыкканым жок. Мага эптеп ушул ишти бүтүрүп оюндан чыгып кетүү керек болду. Ансыз да күнөөгө баткан жанымды кудай эми кечирбесе деле керек, жанымды кыйып салсам деле болот. Бирок, апамчы, атамчы. Мен кеткен соң өзүмө окшош карышырларга жем болушсачы. Ата-энемдин өмүрү деп, башка адамдардын жаны кыйыла бериш керекпи? Бир туугандарымчы? Алар эмне болот? Эмнени баштап койдум. Конвертте жазылган шаарга жолго чыктым, салбаттуу, сулуу кишинин да ажалы менин колумдан болду. Мындай ойлор мага кайдан келет, өзүм билбейм. Машинасы токтоп турган жерине түндө кирип, токтой албай турган кылып зымын кесип кеттим. Эртеси артынан жүрүп, машина жолдон чыгып жанакы киши өлгөндө кайра шаарга кайттым. Буйрутманы кимден, эмне үчүн алып жатканын да билбейм. Кыял байкеге жолугуп, дагы бир тутум доллар алып үйгө кайттым. Жөнөкөй ашпозчудан буйрутма менен адам өлтүргүчкө айландым. Эми мага көчөдө кенен басууга да болбойт эле. Бетимдеги тырык менин жаңы алган кесибимди кооздоп турат. Болду аргам жок, тандоом ушул болду. Ошентип биринин артынан бири заказ бере беришти. Кээде олтуруп алып кино көргөндө айтабызго!-, ий тиги өлкөдө мындай, бул өлкөдө тигиндей экен!-деп. Жок бүт жакта эле ошондой экен көрсө. Билсеңиз Кыргызстаныбызда эле канчалаган адамдар жакындарын буйрутма аркылуу жок кылат экенин. Жөнөкөй адамдардан, тээтиги депутаттарга чейин. Эки-үч айда эле атым криминал чөйрөсүндө кеңири тарап кетти. Мага кызыккандар көбөйдү, заказ көбөйдү, кызмат акым жогорулады. Адам өлтүрүү мага кыйынчылыка деле турбай калды. Айткылачы эгер жаш улан өз атасын, жаш кыз өз күйөөсүн өлтүртүп жатса мен эмнеге аларды аяшым керек? Жакын адамдары кутулууну каалап жатса демек, начар адам болгон туурабы? Мага баарыбир. Эң башкысы акча чогултуп эки иним менен ата-энемди алыстарга жашынтсам болгону. Бир күнү да заказ алдым. Мунусунада аял эмес, эркек да эмес экен.
Ким!-деп сурайсызбы?
Кичинекей кыз, ооба эми эле баскан окшойт. Сүрөтүн карасам тим эле таттуу кыз экен. Бул наристе кимге, эмне кылды экен? Ушул байкуштун кимге зыяны тийди экен? Чыдабай Кыял байкеге жөнөдүм.
—Аша чаап кеттиң, Кыял аша чаппа!-деп кабинетине жулунуп кирсем жок экен. Кайра чыгып үйүнө жөнөдүм. Эң кызыгы эшикти мага жаш кыз ачкан жок. Экинчи аялы менен жашаса демек, жаш болуш керек да туурабы? Ушундай чириген бай, криминалга чылк малынган киши эмне жашы бир аз өткөн, өңү анча эмес аялга үйлөнөбү?
Ушинтип ойлонгучам артынан бир кыз менен бала чуркап чыкты. Булар демек балдары. Баягы биринчи заказды аткарганда баягы аял башка балдары эрчитип жүргөн. Демек байкуш аял Кыялдын аялы эмес экен да. Калпычы, акмак десе.
—Кыял барбы?
—Бар, сен кимсиң?
—Мен жумуштан, зарыл иш чыгып калды.
—Качантан бери Кыял ашпозчулар менен иш алып барып калган? Эмне шорпоң туздуу болуп калыптырбы?
—Ашпозчу экенимди кайдан билдиң?
—Майрамда отурушта баарыңар түшкөн сүрөттү көргөм.
—Аа кечиресиз, азыр мен ашпозчу эмесмин. Мен фирмага которулгам.
—Ммммм…
Ушул мм деген сөздү жек көрөм, болду озуңду жап дегендей эле тийет мага. Мм дегенди уккандан кийин болду ошол адам менен сүйлөшкүм келбей калат. Азыр да тиги аялды жаман карап өттүм. Ал да мени жактырбагандай акшыйды. Кийин ойлоп жатпаймынбы, үстүмдөгү жука кара куртканын баш кийимин баса кийип, эркектин бут кийимин кийип алсам тиги чын эле фирмада иштейт экениме ишенбеди окшойт.
Кыял азыр эле жуунуп чыккан окшойт, колунда жүз арчы бар экен.
—Эмне келдиң?
—Жумуш бар.
—Жумушту мына мен сага берем, сен мага эмес. Үйгө экинчи келбе.
—Эмне корктуңбу ? Артыма түшкөн кызыл шапкечендер болсо мени илештирбесин!-деп жатасың да э?
Шүмшүк десе, коркпо. Артымдан ииз калтырбайм жана мени сенден башка эч ким чынында ким экенимди билбейт. Басчы тигил жакта сүйлөшөлү…
—Эртең өзүм байланышам сага.
—Болбойт, биринчи аялыңды азыркы аялыңа айтайынбы?
—Катындар менен иш алып барбаш керек негизи. Тилдери бош болот.
—-Чыгасыңбы дейм.
—Азыр!!!
Нары басып, унаада күтүп олтура калдым. Ылдый жака колумдагы конверт түшүп кетти. Кайра көтөрүүгө эңкейсем эле ичим булк эте түштү. Түшүнбөй жаттым, эмне болуп жатат? Ичиме курт кирип алып кыймылдап жаткандай. Бир четинен жагып, экинчи четинен чочутуп турду. Эмне болушу мүмкүн? Өзүмө өзүм суроо берип жатып, бул жака эмнеге келгенимди унутуп калыптырмын. Бир маалда терезе такылдаганда чочуп кеттим. Кыялды көрүп, эшикти ачтым.
—Кыял, мен балдарды өлтүрө албайм.
—Сенден бирөө сурап жатабы?
—Түшүнүп жатасыңбы, мен балдарга тийбейм. Алардын күнөөсү эмне?
—Туура аларда күнө жок. Күнө алардын башы жок энелеринде.
—Энеси үчүн баланы өлтүрүп салууга болбойт, айтчы ким бул.
—Бул жанагы бизнесменди билесиңби Сарыбаев.
—Билбейм..
—Кыскасы убагында депутат болгон.
—Сарыбаевтин заказыбы?
—Жок, Сарыбаеваныкы.
—Ким ал?
—Эй тиги курсактуунун аялы, бул кыз тиги курсактуунун ойношунан кызы. Өч алайын деп ушинтип жатат.
—Өзүн өлтүрбөйбү, түшүнбөйм да.
—Кызын өлтүрсө тиги күндөшүнүн көзүнөн кан агат эми түшүндүңбү?
—Ооба, түшүнгөндөй болдум.
—Баса тиги курсактуу ойношуна кетем деген окшойт, бир жумада бүтүрүү керек деди.
—Айбан десе, ымыркайды өлтүрүүгө буйрутма берсе бул аялга эри рас эле кылыптыр. Сооп болот.
—Ал биздин иш эмес, биздин иш ишти бүтүрүү. Баса бул өзгөчө заказ, бул сеники!-деп мага калың конверт карматты. Ичинде жыйырма миң жашыл окшойт. Бир адамдын өмүрү ушунчага эле бааланат экен. Мен болбосом, дагы бир жан алгычка тиймек бул заказ. Жашоо ушундай экен, койнуңдагы адамың бул жакта турсун ичиңден чыккан наристең бирөөнүн колу менен өзүңдү өлтүрүүсү мүмкүн экен. Көптөн бери жыйнаган акчама жакындарыма башка паспорт жасаткан элем. Бүгүнкү акчамды колдоруна бердим да, чет өлкөгө түнү менен качырып жибердим. Эмне кылышымды билбей жаттым. Заказды аткарбай койсом менин ким экеним дароо тиги курсактуунун ажаанына жеткирет, анан өзүмдүн сүрөтүм конвертке түшүп калышы мүмкүн. Ал өкүнүчтүүсү эмес, өкүнүчтүүсү тигил ымыркайды менсиз деле баарыбир өлтүрүшөт экени. Эгер тигил курсактууга айтсамчы? Мага ишенеби? Эмнеси болсо да ымыркай аман калуусу керек. Канчалык ойлонгон сайын ичимдеги кыймыл күчөй берди. Оюмда жаман оруга чалдыктым!-деп ойлодум. Аэропорттон туура эле оруканага өтүп кеттим. Барып УЗИге түшсөм төрт айлык боюмда бар экен.
Башым маң болуп олтуруп калдым, ишенбей андан башка дагы жерлерге бардым. Баары бир кепти айтып жатышты. Бул кимден? Ушул суроо башымды жеп салды. Тиги үч зөөкүрдүн бирөөсүнөн экени анык. Бирок, тиги өлтүрүп салганымбы же эки майыптын бириби? Билбейм, билбейм… Ушундай кантип болсун? Ушундай зөөкүрлөрдөн кантип төрөйм? Төрөбөйм, төрөбөйм. Оруканада эле жер тепкилеп ыйлап жаттым. Догдур болсо эс алдыра албай жатты.
—Ай кызык могу кыз, шүгүр дебейсиңби! Төрөй албагандар канча? Болбосо ичиңдеги кичинекей кезинде эле алдыртпайт белең. Эми байкуш колу, буту кадимкидей болгондо ичиңден сойбой.
—Сооп болот буга, мен билген жокмун мурун. Билсем бир күн да көтөрбөй алдыртат элем.
—Кантет могул, сооп болот дебе. Бул кудайдан келген периште. Балада эч күнө жок, өзүңөр алданып калып анан баладан чыгарасыңар күчүңөрдү.
—Эмнени түшүнөт элеңиз сиз, барыңызчы. Жок эже силер алып сала аласыңарбы?
—Жок мен аборт кылбайм, биринчи кабатка түшсөң Айжан деген эже бар, ошол менен сүйлөш.
—Рахмат…
Кабинеттен чыгып, өз баламды өлтүрүү үчүн өзүмө окшош заказчы издеп бараттым.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️