……… ……7-БӨЛҮМ………………….
Эрболум ошол түнү менин жаныма келди, өз атасын өлтүрүп анан мага келди. Эч нерсе жашырган жок, болгону башын бутума коюп бир топко ыйлап жатты. Бир нерсе болгонун сездим, сени бир нерсе кылса керек деген элем биринчи кийин өзү ;-эми атам жок, атама куран окуп тур деди. Көзүмдөн жашым куюлуп кетти мына ошол күндөн бери көз жашым токтобой келет. Менден башка аял болгондо сени жек көрүп кууп чыкмак, мен болсо анткен жокмун. Себеби өзүмдү сенин ордуңа коюп көрдүм, Эрболду да түшүнүүгө аракет кылдым. Өз баласын жана аялын коргоду. Таң атканча сөз талаштык, качып кет дедим көнбөй койду. Өзүмө өзүм кол салам дедим, Эрбол анда мен да азыр эле колуңузда өлүп берейин деди. Акыры өзү барып күнөөсүн мойнуна алмай болду. Кетип баратып менден ант алып кеткен.
—Апа мага сөз берчи, өзүмө кол салбайм дечи. Апа мен кайтып келем ошондо алдымдан тосуп чыкчы. Ошол күндү күтөм дечи, суранам апа.
—Балам тур, турчу сөз берем балам. Кайгынын өксүк жашына чөгүп өлбөсөм эле өзүмө кол салбайм. Балам эми Клара кантет? Ал эмне болот я?
—Кларага качып кетебиз деп сөз бергем. Жайланышып алып кетем дегенмин, ал мени күтөт.
—Балам сен аны кечирдиңби?
—Эч качан кечирбейм, болгону баламдын атасыз өсүүсүн каалабайм. Аны азыр таштасам бала жарык дүйнөгө келбей калышы мүмкүн. Ошол үчүн Клараны сага ишенип тапшырайын, мурункусун эскертип урушпай жайына кой. Өзүм чыгып келгенде калганын өзүм чечем, маакулбу апа.
—Маакул балам бар, барагой.
Мына ошентип колу менен кылганды мойну менен тартууга өз каалосу менен кеткен. Андан бери беш жыл өттү, чыгышына эки жыл калды. Чарчадым аябай чарчадым ажалым эчак эле келген, эшиктин ары жагында күтүп турат. Болгону балама берген антым кармап турат мени, чыдаймынбы билбейм.
—Апа мага эмнеге айткан жоксуңар? Акым жокпу эмне? Эрболду мени таштап кетти деп жүрбөймүнбү.
—Сөзүн кармабай түрмөгө өзү барыптыр десем сен баланы төрөмөк эмессиң Клара, а мындайда келет деген үмүттө Жакшылыкты төрөп, өстүрдүң.
—Күнү-түнү жол карап, жылдап ыйлап көзүмдү ак басканы сиздин бооруңузду ооруткан жокпу?
—Жок Клара жок айтсам жинденип кетип калмаксың. Мен болсо жалгыз неберемди бере албайм.
—Азыр кетип калат;-деп корккон жоксузбу?
—Жок, себеби сен Эрболду күтүүгө көп өмүрүңдү короттуң ал кеткен убактыңды кечип кете албайсың. Жакшылык да чоңойду эми аны менен да эсептешишиң керек. Кетүүң эми кыйын болот, эч болбоду дегенде Эрболдун көзүн карап анан кеткиң келет. Бирок, эсиңде болсун Эрболдун көзүн карап жатып өзүңдүн кылгандарың өзүңө жооп болуп карегиңди агызып салбасын Клара. Эми калганын өзүң чечесиң, мен ичимдеги сырымды аркы дүйнөгө алып кетпей айттым эми тынч өлсөм да болот.
—Уф менин тагдырым ата-балага оюнчук болду. Ал тагдырды четтен карап тургандар өз ойлорун айтышып жан ачыштырып жатышпайбы. Жарама туз себип жаралуу жанымды биротоло жок кылгысы келгендер көп. Өзүңүз айткандай эле мен кетпейм, Эрболдун көзүнө бир кароо үчүн да чыдайм, күтөм. Өз кылганыңа көзүң агып калбасын дедиңизби? Акпайт, уялтпайт дагы. Эмнеге десеңиз мен кылганыма өкүнбөйм, өч алып байланып калган Эрболдон Рыспек артык. Рыспекти мен жөн эле сүйдүм жан дүйнөм менен сүйдүм. Эрболду болсо өч алуу үчүн колдонгонмун. Азыр эле мени уятынан өлүп алсын деп баарын айттыңызбы? Мына анда кайрадан өзүңөр уялгыла, кырчындай жаш тагдырды талкалаган силерди кудай урсун.
Ошондон кийин биздин үйдөгү мамилелер өзгөрдү. Калп эле мени жактамыш этип жүргөн кайненемдин чыныгы жүзүн көрдүм. Аны менен ишим болбой калды, Жакшылыкты да жанымдан чыгарбай кайненеме жолотпой койдум. Кайненемди айылдан аяш апам келип бир айда бир жуунтуп кетет. Мени карап алып аяш апам баш чайкап коёт. Апама барып жамандайт экен, апам урушууга аракет кылат.
—Эй кыз как баш болуп бүттүң го, эне дегенди угуп калат экен элдин кыздары. А сенчи сен өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деп жүргөнүң жүргөн. Кайненеңди аяш апаң келип жуунтуп жатыптыр бул эмне деген шумдук? Эрбол келип калса эмне дейт?
—Эрбол келсеби? Эрбол келсе келе берсин, аны көргүм жок.
—Апей жинди го кече эле күтүп жүрбөйт белең эмне болду?
—Ал түрмөдө экен.
—Койчу ай эмне кармалыптырбы?
—Жок качкан эмес экен, мени алдап жүрүшүптүр. Ичимдеги бала үчүн эле мени кабыл алып жүргөн экен кайненем. Баламды кармата койоор эмесмин, мени билбейт экен. Эрболдун чыккан күнүн билип бирөөгө күйөөгө тийип кетпесем так ошол күнү.
—Ок кантет могул өлүңгөрөйүн, дөөдүрөгөн десе. Оозуңду жап азыр дубалдын да кулагы бар дейт. Түрмөдө болсо эмне экен чыгат эртең эле, башка күйөөдө суутуп коюптурбу. Битке өчөшүп көйнөгүңдү өрттөбө балам.
—Сиз мени түшүнгөн эмессиз эч качан апа, ал чыкса деле мени менен жашабайт экен. Айдабайт дагы экен мени энесин, баласын баккан малай кылат экен. Ошого чыдайынбы эмне, мен оюнмунбу, ал мени алдап үмүт берип кетип беш жыл кыйнады. Мен ошого татыктуумунбу, ошондой жашоого ыраа көрөсүңбү мени?
—Тынганың жакшы, ошол күйөөңдөн калба кызым. Атаңдын башын жер каратпа, катташтарды билесиң биринчи сорттогу адамдар ак сөөктөр.
—Хаа-ха апа эмне мен силерге башыңарды жерди каратчу уятсыз болуп калдымбы? Эми бай-манаптарга аралашып мен силерге ашыкча болуп калдымбы? Ошо жегенге тамак таппай жатканда күнү-түнү уктабай, өзү жебей нан таап келген кызыңар эми ашыкча болуп калдыбы? Ошол биринчи сорттогу адамдар деп жатасыз ошолорго силерди ким кошту? Кичинекей ашкана ачып бердим эле төрт жылда бир жаңы майлык албай ошол бойдон турган ашкананы ким Ресторан кылып берди? Ким атама магазин ачып берди? Эми мен силерди уят кылчу жаманга айландымбы? Коркпо апа силерге келбейм, өзүм самаган адамымды тапканмын ошого кетем.
—Куураган куу баш, уятсыз эгер ошенте турган болсоң берген ак сүтүмө ыраазы эмесмин. Бизди адам катарына коштум деп жатасыңбы? А сени бул жарык дүйнөгө алып келген ким? Ошо атаң ооруп калганча жыргал жашоодо баккан ким? Эгер кылганыңды милдет кылсаң эчнерсеңдин кереги жок, ал баарын алып кет..
Апам ызы-чуу салып, уруш чыгарып салгандыктан чыгып кетүүмө туура келди. Эмнеге мени эчким түшүнбөйт? Эмнеге мен жалгызмын? Эч болбосо энем элдикиндей түшүнүктүү, мээримдүү болбойбу? Жалгызмын, жалгызмын, жалгызмын, жалгызмын…
Ыйлаган бойдон үйгө келдим, кайненем чай ичип олтуруптур. Карап туруп ичим ачышып кетти, карап турсам кайненем мени өз апамдан жакшы түшүнөт экен. Мээримим төгүлүп калганбы жакшы көрүп кеттим, чуркап барып кучактап калдым.
— Мен жалгызмын, эчким түшүнбөйт мени. Жашагым келбейт, жашабайм. Оюма бир нерсе кылт эте түштү, туруп тамак жасап экөөнүн курсактарын тойгуздум. Өзүм жуунучу бөлмөгө кирип кеткенмин. Тазаланып алып бүт ич кийимдеримди чогултуп эшике чыгып өрттөп келдим. Баламды кайненемдин койнуна салдым да өзүм ваннага кирип кеттим. Сууну толтуруп коюп, күзгүдө кечке каранып турдум. Өзүмдү тааныбай жаттым, бетимде жүгүргөн кандар жоголуп өңүм бозоруп кетиптир. Жүрөгүмдү тыңшасам чарчадым деп жатат. Баардыгы бол тезирээк десе бир эле энелик мээримим жөн деп жатты. Көктүгүм жөн дегенди уга турган түрү жок, сууга түшүп жай алдым. Кийимдеримди чечкен жокмун. Канчалык оор болсо да даярдап койгон айнек менен колумду тилип салдым. Кан токтобой агып жатты. Бул туура эмес, өзүн өлтүрүү күнөө мунун бардыгын мыкты билем. Бирок, мага бул жалган жашоонун азабынан аркы чыныгы жашоонун азабы жеңил туюлду. Алсырап уйкум келип баштады, ушунчалык уйку тартат, жеңилдеп бараткандаймын. Ооруксунуу таакыр болгон жок, алсыратып бараткан бул күч жагып турду. Бир саамга уктап кеткендей болдум бирок, мага тааныш үн чыкканына ойгонуп кеттим. Колумду жип менен байлап, скоч менен жабымыш болуп эшике чуркап чыктым. Бул Рыспек болчу, кучагына бой таштадым. Ал менин ак көйнөгүм кызымтыл тартып, кан жыттанып турганымдан кийип турган курткамды чечип салды. Ичимде кан аралаш суу көйнөгүм аны чочутуп салды, колумду көрүп ыйлап жиберди. Машинасына салып ооруканага алып барды, колумду таңып коюшту. Уйку даары бериштиби билбейм уктап калыптырмын. Турсам Рыспек башын бут жагыма коюп уктап калыптыр. Төшөк нымдашып калыптыр түнү менен ыйлаган окшойт.
Уландысы бар.