………. 3-БӨЛҮМ……….
Маңдайга жазганын көрөм да деген үгүттө жашай бердим. Ачык айрым кыялым түнт болду да калды.
—Кызым келип калдыңбы, садагаң болойун кел которунуп алып чайыңды тезден иче койчу. Атаңды урушсам болбой алма терип баштап алыптыр, колунан ал тез..
—Эмне болмок эле, актасын жеген нанын. Менин жумушум чачтан көп!-деп бурк эттим. Алсыз зорго басып жүргөн атам да мага эркек аттуу айбандын катарына кошулуп калган эле. Мен ошондо баардык манжа бирдей болбогондой эле баардык эркектер дагы бирдей эмес экенин ойлогон жокмун. Күндө түндөп туруп алып өзөн жээктеп эшике чыгып кетчү элем. Ичимдеги жек көрүү, таарыныч, сыр мени тайманбас кылып таштады. Эч нерседен коркпой таң атканча олтура берер элем. Апам байкуш чыгып далай ирет киргизүүгө аракет кылды, көктөнүп бакырып таштайм. Апам алтыным байоо, назик, момун кызы эмне болуп мисирейген өзүмчүлгө айланганын түшүнбөй турду. Ал эле эмес жандай көргөн жалгыз сиңдим Перизат алыстап кетти. Мейли, ошондой жакшыраак дедим. Үйүмдүн жанындагы өзөнгө эле жай басып барып, түбүнө кирип кетким келет. Түбөлүктүү үйүмдү таптаза анан тозок отунан сактаган суу болсо дедим. Баардык нерсе колумдан келмек, өжөрлүгүм тутканда өзүмдү эмес Калилди кошуп жок кылууга дарманым жетет эле. Калилдин кыйгыруусун кааладым, апамды аядым. Айтышкан эмеспи:-Бала Энени жерге бергенче ыйлайт, Эне өзү жерге барганча ыйлайт»-деп. Атамдын, талаанын, биздин түйшүктү тартып турганда карындан чыккан кызынын өлүмүн көтөрө албаса керек эле. Билинбей жүрүп мектепти аяктадым. Бир күн ач, экинчи күнү ток жаткан күндөр болду. Кээбир күндөрү бут кийим жок апамдын эчак түбү түшүп калган гөлөчүнө желим бөтөлкөнү байлап барган күндөрүм болду. Жан адамга айтмак түгүл өзүм деле намыстанган жокмун. Башыма салган баягы шермендеден кийин бул нерсе жөн эле болуп калбадыбы. Алгачкы жылы боздоп-боздоп ыйласам быйыл болсо тамчы жаш чыккыс мерез болуп калдым. Окууну ийгиликтүү аяктап үйдө олтуруп калдым бир ай.
—Кыздын бараар жери күйөө дейт, Клара мени уят кылып кары атка конбой өзүңө ылайыктуу жолдош таап өз жашооңо умтул.
—Ата кызыксың мен күйөөгө тийсем силерди ким багат? Эркектерди жек көрөм, күйөө дегенди мага угузбагыла. Эми дагы айтсаңар үйдөн чыгып кетем, уктуңарбы?
Унчуга унчукпай айласыз эле башын чайкап койду. Атам менен бир үйгө батпай шаарга аттанып кетип калдым. Чөнтөгүмдө жарым айга жетчү тыйын бар болчу. Таң атпай шаарга кирип келген элек, кечке чейин кыдырып орус аялды таптым. Азыраак акча төлөп үй жумушуна жардам берип жашамай болдум. Калган акчама ун, картошка, май алып май токоч жасап кыдырып сатып жүрдүм. Биринчи кечке чейин араң он беш чакты өтчү. Кийинчирек көбөйттүм, акча жакшы айланып жатты. Мен акча тапкандан уялбайм, адал акча табып жатам эмнеден уялмак элем. Күндөр өтүп орус апам үйдү май жыттантып бүттүң:-деп кууп чыкты. Ага деле кайгырган жокмун, анткени менде жакшы үйдү арендага алууга жете турган тыйын чогулган эле. Изденип жүрүп базардын түбүнөн темир контейнер таптым. Ижарага алып, ыңгайлуу кылып жасап алдым. Ошол жер үйүм, жумушум болчу. Бир жыл баш көтөрбөй иштедим, темир үйүмдө кыштадым бир печка сайып алып. Баардыгына ыраазы элем, менин койгон максатыма жетүү үчүн баардыгына даяр болчумун. Мектепте окуп жүргөндө толмоч болчумун, бул үчүн уялган жокмун бир да. Себеби сүйлөсө эле кыжырымды кайнаткан балдарды урууга ыңгайлуу эле. Азыр арыктай турган убак келди. Жумуш издеп зарыгып жүргөн эжени кездештирип калып үйгө алып келдим. Жардамчы кылып алдым, жасаган токочтордун түрүн көбөйтүп өзүм сатып калдым. Эже келгенден бери бош убакытым көбөйдү. Арыктоо үчүн спорт менен машыгып баштадым залга барып. Көк беттигим алды көрүнөт жарым жылда кымча бел сулууга айландым. Чогулган акчага кичинекей ашкана алдым. Эжени ашканага башкы ашпозчу кылып, өзүм баягы эле жерде калдым. Жардамчы кыздарды алып өзүм иштебей калдым. Иш жеңилдеди, эми базар кыдырып сатпайм. Контейнерде жасап ашканага жөнөтөм. Айна эже болсо даяр тамакты сатат. Өзү жалгыз салып берип, акчасын алууга тамактанып кетишкен соң жыйноого жетишип жатты. Ал кезде азыркыдай ар бир эки кадамда ашкана эмес болчу да. Беш миң акча топтолуптур, көп кабаттуу үйдөн баатир сатып алып көчүп кеттим. Үйдүн ичин өзүм ремонт кылдым. Эми оюмдагы тилеп күткөн күн келди. Чыккан акчаны өзүмө чаптап баштадым кийинем, сулуулук салонуна барам, өзүмө машина алдым. Ал кезде москвич бааланып жаткан эле. Кадимки бай кызга айландым да калдым. Жаныма курбу күтө албадым, эчкимге ишенбе албаймын. Мерезмин ашыкча мерезмин. Баягы Калилдин баласын издей баштадым. Эми Эрбол тоготпой койгон айылдык үй кызматкери эмесмин. Эми үйү, машинасы, ашканасы бар кымча бел, жаш кызмын. Эрболду издеп баштадым мурун таап барган жол менен жүрүп үйүн дагы таптым. Төрт жылдын ичинде көп нерсе өзгөргөн көрүнөт, Калил өтө жупуну кийинип калыптыр. Шашып жөө бир жака кетти, аны эрчибедим. Менин максатым Эрбол эле, канча олтурдум билбейм Эрбол чыкты. Арзан болсо да кырын чыгара костюм шым кийип алыптыр. Артынан жүрүп олтуруп, мода үйүнө киргенине таң калып турдум. Түрктөрдө окуп ушул кийим тиккенди үйрөнгөн өңдөнөт. Аны да иликтеп жүрүп баарын тактадым. Кийимдерди тигип, сулуу кыздарга кийгизип ары-бери бастырат экен. Мындайды биринчи жолу көрүп турушум, каалоом ушунча күч эле өч алууга мен үчүн бул чөйрөгө аралашуу деле кыйынчылыка турган жок. Эрбол менен таанышып алдым, Эрбол мени тааныбады. Төрт жыл мурун окуучу кыз элем. Мурунку толмоч, жупуну кийинген Клара менен азыркы заманбап кийинген кымча бел Кларанын айрымасы жер менен асман болчу. Ал мени сүйүп калды, менде болсо ошондо көргөндө эле өзгөчө сезим пайда болгон. Аны чын жүрөктөн сүйүп калган элем, Эрболдун көз карашына арбалып өч алууну дагы унута баштагандаймын. Бирок дегени бар эле. Кадимки максатсыз аялга айлансам мени Калил эки дүйнө үйүнө баткырмак эмес. Жаман атка чыгарып араң тапкан бактымды тартып алмак. Мындайга жол бере албайм, өч алам, өч алам..
Жарым жыл өттү арадан, Эрбол экөөбүз бир бүтүнгө айландык. Баардыгын айттым, убагында бир зөөкүр, кыз атымдан айрып койгонун айтып бердим. Эрбол анча таң калган жок, болгону менден ал зөөкүр ким экенин сурай берчү болду. Акыры тааныбайм, жолдон зордоп качып кеткен деп алдадым. Мына ошол күн келди, Калилдин жүрөгүн сууруп алчу күн келди.
—Сен даярсыңбы Клара?
—Коркуп жатам бирок, сен үчүн баарына даярмын. Жүрү кеттик, бакыт жолуна эртерек аттаналы!-деп өзүмө тартып кучактап алдым. Машинамды Эрболго белек кылып таштаган элем. Зуулдата айдап намысымдан айрылган үйгө келдик. Убагында көргүс болуп артымды карабай качып кеткен болсом эми өз ыктыярым менен келдим. Өз каалом менен келдим, өч алуу эле максатым. Ошондо өч алып бүткөн соң эмне болот?-деп өзүмө суроо бербептирмин. Өч алып бүткөн соң жалгыздык, бирөөгө болгон жек көрүүң өзүңдү жектөөгө айланаарын кайдан билдим. Адашып кеттим, адашып.
—Апааа, апаа мен сизге келин алып келдим. Сиз самап жүргөн келинди алып келдим. Ак жолугуңду салып, чекесинен сүйүп кабыл алып ал өзүң. Келиниң кут болсун..
—Айлаанайын берекем рахмат сага, тилеп жүргөн нерсем болду. Сандыкты ачып берчи каралдым.
Мени кордогон бөлмөдөн үн чыгып жатты. Ал Астра эженин мээримдүү үнү болчу. Сагыныптырмын, мээримин унуткан жок экенмин. Бирок, алдыма майып арабада олтурган аял чыгаарын күткөн эмесмин. Ошондо ооруп жүргөн жаны майып арабага байланып калган тура кайран. Көзүмө жаш айланып кетти. Эмне болгон ким билсин үйлөрү да аябай жупун тартып кетиптир. Астра эже мени бир саамга карап туруп тааныды көрүнөт бышактап жиберди.
—Айлаанайын Клара сен белең? Карап кой кудайдын кылганын, сага ошондо өз кызымдай мээрим төккөн элем эми алдыма келин кылып алып келип койду. Шүгүр, кудайга шүгүр ыраазымын. Келчи жакыныраак жолукту жабайын..Бактылуу бол, ак жолугуң өзүңө кут кылсын. Көзүнүн жашын тыя албаган Астра эже калдастап эмне кылаарын билбей калды. Кийин билсем Калил пара алып кармалып кызматтан айдалыптыр. Чогулткан акчасын аялына басып кетсин деп чаптаптыр. Тыянак чыкпай акчасыз да калышыптыр. Эми болсо Эрболдун тапканына күн көрүшөт экен, Калил болсо күчүн арактан чыгарып алат экен кээде. Астра эже айылга кабар берип ачуу базар жеткирүүчүлөрдү чогултту. Каткан кийитин кошуп, акчалай барууга камданып калышты. Жаңы келген келин болсом да өз колум менен боорсок бышырып бердим. Анан мен күткөн Калилди таап келүүгө кетти. Даярданып жаттым, ак жолукчан мени өз үйүндө көргөндө кандай акыбалда калаарын ушунчалык ырахат менен карамакчы болдум. Жарым саат өтүп өтпөй бутуна тура албаган Калилди таап келишти, мени тааныга жок. Бир карап өтүп жуунуга өтүп кетти. Өзүнө келимиш этип кийинип даяр болуптур. Баардык жокту камдап жолго чыгып кетишти. Ойлоно баштадым, мени тааныбаганы менен Айнагүл аяш апамдын кошунасынын кызы экенимди тааныйт болчу да. Үйгө барганда эмне болот экенин ойлоп жаттым. Мен күткөндөй эле карындашынын үйүнө келип, менин үйүмө токтогондо бардыгын түшүнүптүр. Кирбей артка кайтышыптыр, себебин түшүндүрө албай кайра келишти. Убагында мен анын тагдырын талкалагандай жинденип мага жулунуп келди. Мен чым дагы этпедим, кайра көрдүңбү? Билдиңби?-деп мисирейе карадым. Атайын кылганымды дароо түшүндү. Мен болсо андан бетер жиндентип жүгүнүп койдум.
Уландысы бар