…………..10-БӨЛҮМ………..
Түрмөдө жатып ябай өзгөрүп кетиптир. Өз атасын өлтүргөн деп Эрболду бир топ эле кыйнаган окшойт. Жанагы ортодогу сөз ташыгандарды «стукач» деп бетине белги коюшат эмеспи. Ошондой кылып оң тарабына чоң шрам коюшуптур. Мурун тамеки чекпейт эле азыр киргенде эле тамеки бурк этти. Өңү да карарып кеткен, оюмча тамекиден күчүн чыгарып калган окшойт. Түрмөдө сегиз жыл жатып чыккан адамдын өңү жүрөк түшүрөт экен же мурун чыкыйып жүргөн Эрболго салыштырдымбы билбейм. Коркуп кеттим аябай, жүрөгүм жулкунуп чыгып кете жаздады. Уф жыйырма сегиз жылдык өмүрүм көз алдымдан чуурулуп өтүп жатты. Эрболдун көз карашынан титиреп жаттым, мага кележатып ыйлаганы анык, көздөрү кызарып калган. Эрболду билбеген бирөө болгондо жинденип, көздөрү кутурган иттикиндей болуп кетиптир демек. Мен билем да Эрболдун жумшак, мыкты мүнөзүн. Бирок, намысы кайдадыр жоголуп кеткендей. Мен билген Эрбол, күтпөй башканын койнуна кирген аялдын артынан келмек эмес. Намысы жол бербейт эле же жаш болуп ал кезде курч маалы беле. Сегиз жылда чоңоюп акылына келген көрүнөт. Мени көздөй келе жатты, үйдүн эки тарабынан эшиги бар эле. Экинчи бөлмөгө кирет андан кийин эшике чыкса болот. Дароо чыгып, качып жөнөдүм. Көптөн бери таанышып, сүйлөшүп калган Жыпар келиндин үйүнө кирдим. Эрболдон өзүм үчүн коркконум жок Эсендин кулагы кичине угуп баштаган эле. Бакырышып кетсе жүрөгү түшүп кайра ооруп калбасын дедим. Эчнерсени түшүндүрбөй эле Эсенди карматтым да чыгып кеттим. Жыпар кайда деген бойдон калды. Үйгө кирсем Эрбол көрүнбөйт, жерге отуруп калдым, үнүмдүн болушунча бакырып ыйлап баштадым. Көптөн бери Эсенди коркот деп ыйлабай жүргөн элем ичимде бук толуп кетиптир. Акырын артымдан келип бирөө кучактады, анын деми мага тааныш. Бир убакта дем алганына чейин тыңшап, менин күйөөм кандай жакшы инсан деп жүрчү элем. Ошол жакшы инсандын жашоосун бурганак кылдым. Кектенбей эле өз жолум менен кетсем Эрбол ата-энеси менен бактылуу болуп, жакшы келинчек алып, бактылуу болмок. Ушуга чейин көп балалуу болуп калса керек.
—Бактылуусуңбу?
—Билбейм, билбейм. Эрбол мени кечирип койчу, сени күтө алган жокмун. Мени өлтүрсөң да алдыңда күнөөм түгөнгүс.
—Клара мен сени сүйөм.
Унчуккан жокмун ыйлап жаттым. Анткени мен Эрболду сүйбөйт болчумун, Рыспекти чын жүрөгүмдөн сүйүп алганмын. Жүрөгүмдүн мурунку ээсине орун калган эмес эле. Туура Эрболго деген сый, урмат, ыраазычылык менен кошо ыза, жек көрүү, таарынуу дагы сакталган. Ушул сезимдер аралашып, Эрбол экөөбүздүн ортодогу айтып бүткүс керемет махабатты өчүрүп салбадыбы. Эмне деп жооп берем?
—-Кечир, менде сага деген махабат калган жок. Болгону сый менен таарынуу бар, кечире аласыңбы?
—Эмнеге анттиң Клара?
—А сенчи сен? Сен өзүңдү ойлоп менин кийинки сен жок күндөрдү кандай өткөрөт дебей түрмөгө кеттиң. Мага сөз бергенсиң эсиңдеби? Сөзүңдү кармабай мени алдадың, кечире албайм.
—Клара менин кылгандарым сенин бул ишиңди актабайт. Мени сүйгөнүң чын болсо күтмөксүң, өмүр бою болсо да күтмөксүң. Эми кантип жашайм!-деп колундагы тапанчаны башына такады.
Жанына жетип барып, артынан кучактап алдым. Түрмө Эрболдун жытын өзгөртпөптүр, мурунку эле чыныгы эркектин жыты.
—Эрбол антпе, экөөбүздүн мамилебиз эчак бүтсө да ортобузда махабаттан жаралган уулубуз бар. Жакшылыкты сага тапшырдым, уулуң үчүн жашашың керек. Кайдагы сүйүүгө туруксуз аялга өчөшүп өз жаныңды кыйба. Жашооң алдыда Эрбол, сен бактылуу болосуң, бактылуу болушуң керек. Түрмөгө кетип баратып, келсем да Клараны баламдын энеси катары эле кабыл алам эми жашабайм деген экенсиң, ошонуңдан кайтпа.
—Ошол үчүн ошондой кылдыңбы? Мага айткан сөздөрүң, мага деген сүйүүң ошол сөз үчүн унутулдубу?
Сүйүү чын болсо эч качан өчпөйт деп айтышатко, ошол калпы анда?
—Сага болгон сезим атаңдагы өчүмдүн күчтүүлүгүнөн улам келип чыгыптыр, өзүмдү зордуктаптырмын сени сүйүүгө. Ал сүйүү азыр жок, жүрөгүмдү башкага арнадым мени кечирип кой.
—Баарын кайтаргым келген, атамды сен үчүн өлтүргөнүмдү эстеген сайын сени жек көрүп эми жашабайм дечүмүн. Эң башкысы бала жарык дүйнөгө келсе баары жакшы болот деген элем. Сенин сүйүүңө ишендим эле, эч жака кетпейт деген элем. Билесиңби сен ооруканада жатканыңдагы катты? Апам сенин акыбалыңды айткандан кийин аябай ойлондум, ошончо бир кичинекей бөлмөдө, темир тор артында жатып баардыгын кайра башынан ойлоп биринчи өзүмдү анан сени кечирген элем. Ошол эле күнү качып чыгып сени менен бактылуу болгум келген, ошол күндөн ушул күнгө чейин сөзүмө турбай койгонума өкүнүп жашадым. Кабарыңды ошол жакта укканда ал жерден келбейт элем, өзүмдү жок кылмакмын. Үйгө келип уктум, өлүп алгым келди. Жакшылык бир дагы мени көрө элек болсо да, кучагыма өзүн таштап аябай жакшы кабыл алды. Баламдын мээрими токтотту, сага болгон кусам токтотту, апамдын акыбалы токтотту. Бирок, жаныңа келген соң чыдай албай калдым, жашоодон кечтим, бардыгынан кечтим. Жашабай эле койдум, сени бирөө менен экениңди көрүп жашаганча жер астында тынч жатканым жакшы. Ары тур Клара..
—Дагы эркекмин деп койот, өлсөң өл мага эмне келдиң? Токтотот дедиңби? Токтотпойм өмүрүңдү өзүң баалабасаң башкалар баалабайт, балаңа эле кыйын болот менин күнүм өтө берет. Болгону чыгып кетчи, сенин өлүмүңө мени күнөөлөбөсүн, үйүм сенин каныңа булганбасын, тынч жашайын.
—Эмне? Чын эле менин жашоом сага тыйындай дагы турбай калганбы? Мен сени өлөм деп жөн эле коркутуп келген жокмун, мени акыркы көрүшүң жакшы кал.
—Эшикти катуурак жабып кой чыгып баратып, шамал кирет.
Ушундай көңүл коштук көрсөтсөм жек көрүп, үмүтү үзүлөбү деген элем. Мага баарыбир экен деп өзүн өлтүрбөйт экен дегем. Жакшылык, апам үчүн жашайт экен дегем. Эшике чыгып, үй тарапка бурулду. Мен терезеден узатып карап турган элем, мени көрдү да колундагы тапанчаны башына такады. Ачуу сөзүм менен Эрболду алып калбай эле кайра ооруп турган жарасына туз сепкен турбаймынбы. Мен акмакмын, мен жиндимин, жолдон адашкан айбанмын, намысын сактай албаган арсызмын, арсызмын.
Артынан эшике чуркадым, чыктым Эрболду көздөй бараттым эле тапанчаны басып салды. Кулагымды жаап олтура калдым эле кинодогудай тапанчанын үнү катуу чыккан жок. Тапанчаны түшүнбөгөндүктөн эмне болгонун түшүнбөй калдым. Туруп Эрболго жеткенчем кайра октоого жетишти, жанакы жүрөк заарын алган катуу үн чыкты. Эрболдун тапанча кармаган колун кыймылдаткан экенмин башына такалып турган тапанчанын огу желкесине тийди. Кан көлдөй жайылып кетти, кошуналар тез жардам чакырганбы тез эле жетип келди. Сактай албай калабы деп ойлогон элем кандын жайылып жатканын көрүп бирок, сактап калышты. Эрболдун канынын группасы экинчи эле, кан керек болуп издеп жатышты. Тез арада керек дегенинен таппай айласыз баламды алып келдим. Атасына өз канын берип балам атасын сактап калды. Өзүнө келип дагы бир нерсе кылбасын деп кайненем менен Жакшылыкты жанына калтырып кеттим. Эсен ыйласа өзүн жоготуп баштайт эле, Эрбол менен жүрүп таң атып кетиптир. Үйгө кетейин десем жол кире да жок экен жанымда, кайненемден алууга тартынып үйдөн берем деген ойдо машина тосуп кете бердим. Үйгө келсем үйдө бир сом да жок экен, таксист жаман көрүп сөгүп баштады эле айласыз Эрбол мурун эч качан чечпе деп таккан алтын шакекти чечип бердим. Чыгып дароо кошунама кирдим, Эсен татуу уйкуда жатыптыр. Жыпар кече болгон окуя тууралу сурап жатты, жооп берген жокмун. Жөн эле рахмат айтып чыгып кеттим, үйгө келип ыйлап жаттым. Рыспектин келгенин билбей калыптырмын, кирип келе жатып эле түндөгү окуяны кошуналардан укса керек. Унчукпай келип биздин башыбызга олтуруп алыптыр башын мыкчып. Эмне болду деп сураган да жок, ыйлай берди.
—Рыспек баары жакшы, мен аны менен кеткен жокмун көрдүңбү. Мен сени сүйөм, эч качан таштап кетпейм сени. Сен менин жашоомсуң.
—Билем Клара билем, көрдүм баарын ишендим. Мен сени таштайм, сени менен бирге боло албайм. Эсенди бага алам десең алып кал жок десең ата-энеме берели. Мени эч качан көрбөйсүңөр эми, коштошуп жатам сени менен.
—Эрбол үчүнбү эмне? Баардык жокту билип, маакул болгонуңдан соң мамилебизди баштадык эле го.
Менин жашоомду талкалаган эркектердин катарына кошулуп калба Рыспек, суранам кетпе. Сен үчүн үй-бүлөмдөн кечтим, жашоонун маңызын түшүнүп баштадым эле таштабачы мени.
—Клара сен же Эрбол үчүн эмес бул. Баардыгы өзүм үчүн, менден алыс жүрбөсөң зыян келип калат. Ата-энеме да барбайм.
—Эмне болду Рыспек? Мен сени менен, демимдин акыры чыкканча сени мененмин, сен жанымда болсоң ажал да мага эчким эмес.
—Клара камаз толо товар алып бара жатып авария болдум, өзүм сага шашып жатып катуу айдаган элем күнөө менде. Жеңил машинада бирөө каза болду, мен адам өлтүртүм. Анан сени акыркы жолу көрүү үчүн качып кеттим, камаздын ээси эшикте күтүп туруптур үйгө келсем. Жанында жигиттер бар экен камаз менен товарды ордуна коёсуң деди. Ал товарды өмүр бою иштесем да төлөй албайм, көп өтпөй мени алып кетишет. Түрмөгө жатсам акчаны сенден доолашат ошол үчүн сен да качып кет. Кош бол.
Алдын торосом деле баарыбир кетет экени көрүнүп турду. Ордумдан кыймылдабай жата бердим. Ошо менен Рыспек чыгып кетти. Жегенге нан, жашаганга үй жок. Ал турмак баса албаган кайненем менен Жакшылык ооруканада экенин унутуптурмун. Эстеп кетип өзүмө керектүү буюмдарды жыйнадым да анан ооруканага кеттим. Барсам Эрбол өзүнө келиптир, кирбей терезеден карап коюп чыгып кеттим. Чачым таралбаган, курсагым ачка жада калса кийип жатчу ички кийимдер менен жүрөт экенмин. Баарыбир мага, жашоо бүттү. Жашагым келбейт, кече эле Эрболдун жүрөгүнө бычак сайып алып бүгүн өзүмдүн жүрөгүм канап жатат. Рыспекти куткара албайм же баламды карай албайм эми эмне кылам? Кетип баратсам бутумдагы илип алганымдын таманы түшүп калды, асфальт жолдун ыссыгы таманымды куйкалап жатты. Оозум катып шилекей да чыкпай калыптыр.
Уландысы бар
Уландысы бар…