ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 6-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

6-БОЛУМ.

*******

 

Тамак ичип алып бар анда,- деп Карабек м.н Шааркан кетирбей уйго киргизишти, бирок Аргендин балалык сезими жаралуу куштун канатындай дирилдеп, журогу сыздап эне деген ыйык туткан адамы аны кабыл албай, тааныштарын издеп журсо керек деген созу анын жанын жай алдырбай жатты: < Оз баласын жериген эне болот экен да, мен не куноо кылдым ага, мен дагы апа деп эркелегим келет, анын эркелеткенин коргум келет, неге ошону тушунбойт> , — деп ойлонуп отуруп болоор-болбос тамак ичимиш болду да: — Атамдарга барайын,- деди дасторконго бата кылып. — Барсан бар балам, тундоп жолго чыкпа, эртен м.н эрте чыксан жетип каласын. — Макул-макул таята, бугун жатып алып эртен м.н эрте чыгам, — деп куло сыртка чыкты, алар м.н коштошо Шамбеттерге жоноду, атасын ойлогондо кубанып кетти, < Атам болбогондо мага жаман болмок, апам мени жек корсо дагы атам бар, ал мени жакшы корот, дуйнодогу менин эн кымбат атакем>,- деп машинасын эшиктин алдына киргизе айдап киргенде уйдон Шамбет чыга калды. — Кел балам, жон-жай эле келдинби? — Жон эле,- деп атасы м.н учрашып туруп калды. — Апана бардынбы? — Бардым. — Кандай анан? — Жаман, апам мени коргусу келген жок. — Эмнеге? — Билбейм ата, ал мени неге жаман корот, ал мени озу торогонбу? — Уулум, аны ооруп журот деди эле, озун билбей жаткан го, андай болушу мумкун эмес, озу эле торогон. — Силер суйлошпой, бири- биринди суйбой уйлондунор беле? — Аны ким айтты? — Суйбогон адамынан торолгон баланы жаман корот имиш го? — Ай балам ай, сен чоноюпсун, сага баарын айтып берууго туура келет,- деген Шамбет бою озуно барабар болгон уулун далыга таптап короо жагына басты,- Сен жаны гана жормологон бала болчусун,- деп болгонун айтып берди, — Ошондой уулум, ал оз катасы учун дагы жузу кара болуп журот, мен бейкуноо он торт жыл отуруп келдим, олгон адамдын балдары мени издеп жургон имиш, балким оч алгысы келип жатса керек,- деп оор курсуно Аргенди карады,- Терен ойлон уулум, апанды кечирууго аракет кыл. — А сиз куноолу эместигинизди айтышыныз керек эле го? — Ага болбоду балам, эми аларды озум издеп баруум керек. — Барыныз, ачык айтыныз. — Буйурса ошол иштин алдын алышым мумкун, журу балам, ичке кирели, Эмма апандын тамагы бышып жатты эле, жай суйлошолу,- Экоо ээрчише уйго киришти. — Оо кел Арген, студент келген го? — Эмма Аргенди кучактай бетинен опту, — Окуу кандай? — Баары жакшы. — Сабырын суз го, балакай. — Жакшы эле, Арсенди коройун деп эле келдим, — деп тордо оюнчуктар м.н ойноп жаткан Арсенди которуп алып эки бетинен ооп, коколото которгондо наристе кыткылыктап кулуп жатты, — Арсен,карачы муну, канар карма!- деп Арген лампочкага жеткирип кайра тартып ойнотуп жатты. — Кел Арген, инин м.н анан деле ойной бересин. — Кел уулум,тамагынды ич. — Журу, тамак ичелиби?- деп Арген инисин алдына алып отуруп атасына карады,- Ата, качан басат эми? — Жазга чейин басып калат. — Оо анда ээрчитип алып каникулда келгенде ойнойт экенбиз да. — Буйруса, Ноорузда тушоосун кесебиз,- деди Шамбет. — Мен дагы келем, той болот экен да? — Ооба, тушоо той откоробуз, уулум. — Атасы эле болбой жатат, кереги эмне тойдун? — Эмма Аргенге карады. — Мейли, биздин уйдо дагы той болсун,- деп Арген кулуп койду, ичинен Кундузду жек коруп турду: < Мени торогондон кийин атамды таштап башка эркекти суйуп кетип атамды каматып жибергенин кара, демек атамды суйгон эмес, мен озумду суйбогон кызга уйлонбойм, жакшылап байкап уйлонуш керек экен да, мен сени жек кором апа, жек кором сени, эми апа деп басып барбайм, атамды суйуп, мени баласындай коруп отурган аял бар, мен ошолорду сыйлашым керек>,- деп ойлонуп алды. Эртеси эрте туруп жоноду Арген, жан дуйносу эншериле журогу сыздап, балалык сезими м.н атасын аяп, апасын жек коруу пайда болгону м.н: < Уулум, сен чоноюпсун, сага баарын айтып берууго туура келет>, — деген созу эрдемситип озунун жигит куракка келип калганына озунчо кокурогун которо: < Мен чечим чыгарып апамды куноологонум болбойт, жаштык кылгандыр, таразалап корушум керек, баары бир эне деген эне, тогуз ай которуп, эмчек сутун берген энемдин алдында милдеттуумун, карыздармын> , — деген ойго токтолду. Сабактарына алаксыбай окууга киришти, адилет тергоочу болууга озун даярдап: < Мен эч качан куноосузду сототпойм, адил тергоочу болуум керек, куноолууну табам>, — деп ойлонуп жатты. Насыйкат м.н кундо жолугуп журуп ортолорунда байкалбаган сезим пайда болгонун экоо тен сезбей калышты, Арген сабагынан чыгаары м.н эле Насыйкаттын окуу жайына жетип барат, ал кутуп жаткандай жарк этип чыга келет, экоонун кирбеген кафеси, баспаган жолу, аралабаган багы калган жок… Кундуз Арген кеткенден кийин озунон-озу буулугуп ыйлады, Тумаркан ага тангала карап унсуз отурду да. — Сага жанагы улан бирдеме дедиби? — деди. — Жок, эч нерсе болгону жок, сиз мени куноолоп ушул убакка чейин жаман коросуз го, ар кайсыны эстеп озум буулугуп кеттим,- деп коз жашын сурто отуруп калды. — Ботом, мен чынын айтам да, озундун койнунда эрин туруп муну уйбулосун бузуп тийгенин жалганбы, беш балага карабай сага уйлонду, жаман кылган жок, бирди кийип бирди чечтин, чалкалап жашадын, эми минтип инимди кимдир бироолор кыйнап олтурду, сен жарым жан болуп оорукчан аялга айландын, анан айтпаганда кантем. — Эже, билсем айтаар элем го? — Мейли эми, олоор Бектурсун олду, бирок олтургондор табылбай калганы жаман болуп жатпайбы? — Озунун иши бардыр, балким атаандаштары жасады, ининиз андан чон кызматка жугуруп жургон, кызмат деген оору тура, улам ойдологусу келип калат экен. — Ооба десен,- Тумаркан жумушара башын ийкегиледи, — Заман озгорулгон сайын кызмат учун аял-бала чакасынан да кечууго даяр болуп коздоруно эчтеке корунбой калды чондордун, ошол кызмат колдун кири экенин тушунсо да билгиси келбегендерин кантесин, бири-бирин коро албай эле олтуруп коюп суудан кургак чыга калышат, — деп Тумаркан кейий кетти,- Эмнеси болсо да иним коро албастардын курмандыгы болду да-а. — Айтыш кыйын, билбей туруп эмне дейсин, оздору жасап алып издеп жатабыз, териштирип жатабыз дегеничи. — Ооба-ооба, ооздору м.н жыргатып коюшат дагы жен ичинен жылдырып кылмыш жасай беришет, сен тиги казинонду тескеп жатасынбы? — Жок, аны атасы олгондон кийин эле Элмурат башкарып калган, мен унчуккан жокмун,-деди Кундуз, Элмурат Бектурсундун улуу баласы эле. — Ээ мейли, сага бери жагы деле жетет, байкуш Бектурсун силерге олбос оокатты белендеп коюп кете бербедиби, — деп Тумаркан коз жашы кылып алды,- Эки кафени озун иштете бер, балдарын учун ошого тийбегиле деп айтайын. — Ооба, ошолордун арты м.н жашап жатабыз, Туйгун чонойсо озун иштетем, азыр арендада эмеспи,- деп Кундуз кайнежесинин териштиргенине жини келип турса да эчтеке дебеди. Ал кеткенден кийин Тургун кирди: — Апа, мен тушунбой калдым, жанагы бала сени апа деди го? — деди жанына отуруп. — Анын эмнесин такап сурадын, балам. — Кызык, эмнени жашырасыз, эмнеге баланыз болсо адашкан бироо деп алып кайра ыйладыныз? — Эчтеке, мени кыйнабачы уулум, Турсун м.н Туйгун кайда? — Жургондур да, менимче сиздин баланыз болсо керек, атамдын деле балдары бар го? — Ооба балам, сен чындыкты ошондой эле билгин келип жатса ал менин балам, аты Арген, таятандар чонойткон, эми ал атасынын колунда- деди Кундуз, — Атан аны коргусу келчу эмес, мени ата- энеме каттатпай, Аргенге каратпай койгон. — Эми атам жок да, баланызга катуу айтпай эле койбойт белениз, мага бир тууган болот, бири-бирибиз м.н таанышып алсак жаман болбойт апа,- деп Тургун чон кишидей апасына кенешип отурганда Турсун кирди. — Апа, Туйгунун коншунун терезесин сындырып коюптур. — Эмне кылып? — Рогатка м.н. — Ушул бала мени куурата турган болду го?- деп ордунан туруп баратканда коншу алдынан чыкты. — Туйгунду кой деп койсон боло Кундуз, тиги чон уйдун терезесин сындырып койду. — Кечирип кой Гулпот, бала экен эмне кылайын, терезенди салдырып берем. — Алысыраак ойногула десе болбойт, ошол жерде кечке журушот,- деп Гулпот наалый кайра артына кайрылды. — Капа болбо, салдырып берем, Тургун барып келсин, айнектер бар. — Туйгун чонойгуча жете турган айнегин болсо кам санаба,- деп Гулпот куло чыгып кетти. — Эмне кылайын, тутоормун,- деп Кундуз дагы кулуп калды. — Апа, ушу баланды сабап туруп экинчи бейбаш кылбас кылайынбы?- деп Тургун ачуулана сыртка чыгып кеткенде Кундуз анын артынан чыкты. — Кой ээй бала, урбай эле койчу, аны урганда эмне эсине киргенде эле озу калат бейбаштыгы, — деди аргасыздан артынан кыйкырып. — Апа, Элмурат акемдер эмнеге бизди жаман корот?- деди Турсун жанына келип. — Ким айтты? — Кечээ мектепке Светага келиптир, мен учрашсам барчы ары дейт, мени жаш деп жатабы, илгери он эки жашында атанын одун басчу экен, тагына отурчу экен, атка минип жоого аттанчу экен, мен керек болсо он учко чыктым, жаман жакшыны тушунуп калбадымбы? — Унчукпай эле кой балам, алар атасына дагы куйгон эмес, олоору м.н казинону талашып сатып жиберишти го, баары бир апасынын созун суйлойт да, силер дагы чоноесунар, ошондо оздору эле келет, башкысы акыл-эттуу болгула. — Сизди аларга кор кылбайбыз,апа. — Садаган болоюн десе, барып Туйгунду уруп жатабы карачы. — Катуу урмак беле, кичине коркутат да,- деп дарбазасынан чыкты Турсун, Кундуз кайра ичке кирди: < Балдарды чогуу алып атамдарга бир учурашып келейин, Аргенди боорума тартайын, капа болуп кетти, кантейин он тогуз жылдан бери конул болбодум, огойчолук да боло албадым, кечирээр мени, сени жанымдай корсом дагы ички оксугумду, арманымды артынып жашап келдим,кантип деги жаман кором, аргам канча, оз кылган ишим озумо жооболду, колум м.н кылганды мойнум м.н тартышым керек>,- деп зынгырай ойлонуп отуруп даярдык коро баштады. Алар айылга кеткенде Арген дагы келип таппай калып канчага корушпой калаарын билген жок, бирок тагдыр аларды кутпогогон жерден жолуктураарын сезбеди. Эртеси эрте туруп балдарын ойготуп тоюндурду да озу базарга жоноду, Бектурсун олгондон бери машинасын кээ-кээде Тургун айдап чыга калчу, ошондуктан ал машинасын айдаганга коншусунун баласын ээрчитип алмак болду, ал отуздардан откон уйбулосу жок жигит, анда-мында иче койчу эле. Уч баласын артка отургузуп озу алдыга отуруп жоноду, аралыгы ото алыс болбосо да коп каттабаганына кабатырланды.

«СЕЗИМ СЕРЕСИ»

Карабек алар келип токтогондо уйго кирип кетти, Шааркан чыгып далбактай тосуп алды. — Келе койгула алдына кетейиндерим, бир чогуу келген экенсинер?- дегенде Кундуз апасы м.н кучакташып корушту да Тургунга жукту тушур дегендей ишаарат кыла уйду коздой басты. — Апа, Арген кайда?- деди Кундуз озун зордоп. — Аны атасы окутуп жатат, кечээ эле кетти. — Кайсында окуп жатыптыр? — Тергоочу,андан сон сот болот имиш го. — Жакшы окучу беле? — Ооба, сабакты жакшы билчу, кээде мугалимин жанылтчу тура,- Уйго кирип келишти,- Эми зынгыраган жигит болбодубу, багына атасы дагы жакшы келип, бизге куч келтирбей озу эле киргизип койду. — Жакшы болуптур, кайда турат экен? — Мурда жатаканада турчу, эми атасынын уйу вр имиш уч болмо, ошого барам деп кетти, кыскасы Аргендин акыл-эси бар жигит болду, аман эле болсун кызым, ал сага катуу таарыныптырго, эмнеге карабай журосун ыя? — Апа, Бектурсун аны коргусу келчу эмес, мени силерге жиберчу эмес, баланды имербе, ошол жакта боло берсин,- деп эле болбой журбодубу? — Мейли, эми деле кеч эмес, кечээ аябай ыйлап келди,- деп Шааркан токтой калып акырын суйлоду,- Мени озу тороду беле деп атан экообузго атайын келип сурап кетти. — Ошол куну озум дагы капа болуп тургамын. — Жок дегенде жакшы айтып койсон болмок, атасы ага машина алып берген. — Ошентиби? — Ооба, азыркы аялы дагы жакшы неме окшойт, эркек тороп алган, озунон абдан жаш дейт, сен жанылдын кызым, кочундон айныдын, баланды эми бооруна тарт, атан сени жаман корбойт, унчукпай учраша бер,- деп каалганы ачып ичкери киргизди. — Ата, жакшы турасыздарбы? — Кундуз кирип эле атасына учрашты. — Жакшы-жакшы, озунор жакшы журосунорбу, кызым? — Ооба ата, эптеп кылдырап жашап журобуз. — Кылдырай бергиле балам, балдарында келдиби? — Ооба, учоону тен алып келдим, силерди тааныбай дагы калбадыбы. — Келбей анан, тайке-тайын таанытып кой, бир эле оз туугандары керек бекен? — Эки-уч кун журосунорбу эми?- Шааркан артынан сурады. — Жок, эртен эле кайра кетебиз, машинаны коншубузга айдатып келдим. — Ботом от ала келгенсибей бир-эки кун туруп кетсенер боло? — Эне кызын таарынгандай тур м.н карады. — Убакыт тар да апа, соода-сатык иштерди бутурбосом болбойт, Тургун чонойду, окутушум керек,- Кундуз отура кетти. — Атасы, балдар келиптир, Кундуз дагы куйоосу олгондон бери келе элек эле… — Ооба кемпир, Бусуманды чыкыртайын, жанагы токтуну соелу, — деп Карабек сыртка карай жоноду. — Тим эле койгулачы ата, эт-ашты жеп эле жатабыз. — Ошо кантип болсун, балдарын такыр келе элек, бабырашып бир отуралы ботом, малды адам табат, силерден аяган малды корубузго ала кетмек белек? — Ошентсе да. — Отура бер, мен казанды даярдайын, айда-жылда бир келсен, конок болуп кетпегенде. .. — Аа-ай апам ай, мен сени тартпаганымды карачы, оз балдарымды бири-бирине камдаштыра албай жатам, журогун мээримге толгон, пейлин кен дениздей аялсын ээ? — Кундуз каталыгын кеч тушунуп туура эмес кылганына окунуп жургон кези эле, оор умутулуп алып отуруп калды. Тургун таятасына каралашып отун жарып от жагып журду, Турсун м.н Туйгун ойноп журушту, Туйгун ото эле тентек, таятасынан ар нерсени сурап кыткылыктап кулуп жатты. — Жон эле таятамды тажата бербе да,- деди Турсун. — Мелли, тажаган жокмун, зеригип отурганча эрмек болбодубу, Туйгунду алып калсам бекен, каласынбы уулум? — Ооба, сиз м.н калам ээ таята?- Туйгун мулундай карады. — Айла-анайындар, жээндер жигит болуп калган тур,- деп Карабек Тургунду карай ээк экчип койду,- Апарга жардам берип жатасынарбы балам? — Ооба, апам жардам беребиз да. — Таята, эмнеге тайнем эконор барч эмессинер?- деп сурады Турсун. — Убакыт жок да уулум, карып калдык силер келишинер керек, биздин акыбалыбызы сурап турасынар да- деп Карабек неберелерин жылмая карады. — Ооба, эми тез-тез келип турабыз ээ? — Келип тургула,- деп казандагы эттин тузун озу кнруп сапырып жатты. — Шааркан м.н Кундуз уйдо суйлошуп отурушту бул кезде. — Апа, Аргенди эптеп озумо тартып балдар м.н тааныштырайын, — деди Кундуз муная. — Ошент кызым, ойлобой иш кылсан онтобой ооруга жолугасын деген соз бар озунду-озун азапка салдын, Шамбет жакшы жигит эле, тумодон байып келген имиш, келээри м.н эле зангырата эки кабат уй салды, апасынын козун корбо калганга окунучу куч болуп журот дейт коргондор. — Мейличи апа,аны угайын деген кулагым жок, мага балам эле барып турса болду, — деди кабак чытый Кундуз: < Турмодон байып келмек беле, менин балдарымдын ырыскысын тартып алды да, ошону кантип айтам, кимди ишендире алам, баламды мага каршы койбосо эле болду, оз кылганымдын жазасын деги алдым, бактымдан айрылдым >, — деп ойго чомулуп кетти, Шааркан аны тим коюп сыртка чыгып кетти: < Мейли ойлонуп алсын, озу деле жаман болуп журот, капалантпай эле коеюнчу >, — деп ойлонуп тамагын караганы чыкты. Бир-эки коншусу келип Кундузга учрашып отуруп калышты, куйоосуно куран окутту. Ангыча койдун эти бышып колго сууну Турсун куюп, чарага эт алып келди. Карабек этти устукандап коюп алды-алдына жылдырышып, Шааркан кесмесин табакка алып келди. Кундузга жамбаш тартып коншуларына кабырга койду. Ошентип ал коптон бери ата-энесинин уйуно, коншу-колондон тартынып келе албай журуп эми минтип жузун, ачып отурганы эле. Эртеси коншусу келип жолго чыгышты, ал келип эле машинаны сурап алып таанышыныкына кетип калган. Карабек м.н Шааркан колдорунда барын берип жонотушту.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️