4-БОЛУМ.
*******
— Эмнеге, жашсын, сулуусун,- Шамбет эми ага конул бура карады.
— Мен бактысызмын, жалгыз кызмын, ата-энем балдар уйунон таанышып уйлонгон экен, атам оорукчан болуп чоноюптур, апам анын оору экенине карабай суйгон экен, бирок атам мен торолгондон сон олуп калыптыр, апам ошону которо албай озун жоготуп жиндиканага тушуп калат, мени карай албай мен дагы балдар уйундо чонойдум, эки жыл мурун апам дагы отуп кетти, — Кыз улутунуп алды.
— Жаман болуптур,- Шамбет алдына келген тамакты карап, — Чон кыз, сизге бирдеме заказ берейинби?- деди,- Баса атын ким?
— Эмма.
— Башкача ат экен, — Шамбет кулуп койду, — Кана, эмне ичесин?
— Кандай болсо, бирок жуз грамм кошуп койсонуз жакшы болот эле го?
— Жарайт,- деп официанткага заказ берип Эммага карады,- Коп болуп кетпейби, ансыз дагы коп ичип коюпсун,
— Эчтеке эмес байке, менин келечегим жок, бугунку кунум м.н гана жашап калгамын.
— Канчадасын?
— Жыйырма алтыдамын.
— Оо, кулгун жаш, бул жаштыктын гулдогон чагы эмеспи, ушул жашында омурдон тажаганын болбойт.
— Ээ байке, мен суйуудон куйдум, суйуу деп жандым, кайра очтум,- Ошол кезде официантка тамак алып келди,- Рахмат,- деп койду Эмма.
— Эч нерсе эмес, а-аа баса атын жонунду айтпадын.
— Атымды балдар уйунон ошондой атап коюптур,- деп ийин куушуруп койду Эмма тамактан алып стаканды которо,- Самалат болунуз.
— Рахмат.
— Уйбулонуз барбы? — Жок, жалгызмын. — Билгемин,- Кулуп койду Эмма.
— Кантип?
— Жалгыз экенинизди кусалуу коздорунуз айтып турбайбы?
— Коздон окуп койгон касиетин барбы? — Кээде. — Кайда жашайсын? — Эч кайда. — Кандай тушунсо болот?
— Мен корунгон жерде боло берем. — Ошонун жаман экен. — Сиз чакырбайсызбы мени?- Эмма коздорун кулундото кашыкты оозуна такап карап калды, Шамбет жотолумуш болуп соз таппай калды,- Аа-а туура, сизге уят болоор сиздей токтоо адамдарга мендей кочо кыздарынын кереги эмне?
— Жок-жок,экообуздун жашашыбыз туура келбейт го?
— Суйлошсок болнт… — Анда коробуз, тамагынды ич.
— Жа-арайт,- деп койду Эмма оштоно, андан кийин суйлошушкон жок, тамак ичилип буткондон кийин экоо ээрчише чыгып Шамбеттин болмосуно келишти.- Ох-хоо,круто комната, бай турат экенсиз го?- деп тегерене уй ичин карап суктанып жатты.
— Болуптур, эс ал анда,- деди да Шамбет башка болмого кирип кетти.
— Мен сиз м.н болууга даярмын,- деди Эмма. — Даярсынбы?- деп койду Шамбет.
— Конгонмун. — Кызык экен. — Тангалбаныз, мени тагдырым ушул жолго алып барды, — Эмма улутуна анын болмосунун босогосуна келди, — Эч кимим жок, кокус олсом комоорум же жоктоорум жок, ушул жылтыраган онумдун эч кимге кызыгы да жок, убактылуу гана моокумдарын кандырышат да басып кетишет, акым арзыбаган акча, байке. — Журокту ооруттун да, Эмма,- Шамбет бери бурулуп кыздын мандайына келди,- Мынчалык мундуусун, Эмма?- деп карыдан алды, ага кыздын канылжаарын жарган аял жыты келип башын айлантып жиберди, — Мен дагы жападан жалгыз баламын, атам алты айлыгымда олгон, апамды жакында жоготтум.
— Дуйнодо жалгыз мен эмес экенмин го?
— Дал ошондой, дуйно жузундо биздейлер толтура, — деди да кызды озуно тартып бекем кучактап алды,- Жалгызмын деп озунду эч качан жоготпо,ар бир адам жалгыз туулат, жалгыз олот, туболук эч ким жашабайт, адамча жашап адамча олуу керек.
— Ырас эле.
— Мен сени жалгыз таштабайм.
— Чынбы?- Эмма аны башын которо карады.
— Ишен мага, бирок мен сага картандык кылам го?
— Жок-жок, бактым учун табылсаныз жашыбыз тоскоол болбойт.
— Журу,бир аз отуруп суйлошолу,- деп ашканага алып кирип бир ботолко аракты алды да, эттен кесип алып чыкты,- Тамак жасаганды билесинби?
— Экзаменден откоргунуз барбы? — Эмма кулуп койду.
— Мумкун,- Жылмайып койду.
— Анда аракет кылайын,- деп колжуугучка колун жууп келип бычакты алып шыпылдата туурай баштады.
— Кыймылын жаман эмес.
— Чын элеби? -Кылчая кулуп калды, Шамбет кыздын илберинки, ак конул бала кыял экенин байкап ичи жылып турду, бирок койнунда жатып чыккынчылык кылган аялынан улам ургаачы аттууну жек коруп калган неме бир аз ишенкиребей акчаларын, керектуу буюмдарын катып коюну эп коруп акырын болмого чыкты.< Ишенууго болбойт, бир коргон аял эмес бала тороп берип беш жыл бою койнумда жаткан аялым мени алдагандан кийин эч кимге ишене албайм>,- деп ойлоп ашканага кайра кирди. — Кууруп жибер, закуска болсун.
— Макул, — деп газды куйгузуп комоч казанды коюп бат эле кууруп келе калды, ал ортодо Шамбет аракты бузуп стакандарга куюп даярдап турган, куурдак ортого келгенде:
— Кана-кана, сулуу кыздын жасаган тамагын королучу,- деп айры м.н илип уйлоп оозуна салды да бир саамга чайнап туруп анан кабак буркоду,- Бул болбойт!
— Эмне, жакпай калдыбы?- деп Эмма элейе карап калды.
— Жок, жаккан жок.
— Жакшы эле жасадым эле, сизге жакпай…
-деп куноолуудой туруп калганда Шамбет айры м.н дагы алып оозун ачып салды да каткырып ийип бармагын чычайтты:
— Во-о! — деп Эмманы карады,- Азамат, жакшы оттун сыноодон!
— Чынбы?- Эмма коздорун жайната кубанычтуу кулмундой колун чапкылап ийди,- Чын айтасызбы?
— Жакты, кулинарияда окуган жок белен?
— Жок, балдар уйундо ашканага жардам берчумун.
— Азамат,беш!
— Рахмат.
— Давай отур, бул учун бир аз ичпесек болбойт.
— Сиз дагы ичесизби?
— Эмне, мен адам эмесминби?
— Деги айтам да.
— Кел эмесе экообуздун табышмактуу таанышуубуз учун!
— Денсоолугубуз учун,- Эмма кулуп коюп стакандан которду.- Бугундон тартып сен ичкенди токтотосун. — Эмне учун? — Мен сенин жашоон учун кам кором. — Ырас элеби? — Ооба, эки жакка чыкпайсын.
— Жарайт, озумдун тилегимда ошол эле. — Азамат, сен мени, мен сени тушундум. — Соз берем. — Ишендим.
— Бат элеби? — Эмма аны сырдуу коз караш м.н карады.
— Ооба, сенин таза дилин, бала кыялын ишендирип турат. — Чынбы? — Ойлуу тигилди. — Ооба, мен сенин дилин таза экенине тушундум. — Кызык, эч ким менин ички туюмумдун кандай экенин, журогум ооруп калаарын сезип да, ойлоп да койчу эмес, — Стаканды катуу кармап козуно жаш тегерене тушту. — Баардык пенде бирдей эмес Эмма,сен, бардыгына ишенбей жур.
— Сизге дагыбы?- Коздорун ойноктото тиктеди.
— Ооба, мага дагы. — Анда эмне кылышым керек?
— Оз туюмуна, оз сезимине ишенип иш кыл. — Жарайт,- деп койду кайдыгер адамдай кол шилтеп,- Эмесе алып ийелик. — Кеттик,- деп экоо кагыштырып алып жиберишти, андан кийин дагы суйлошуп копко отуруп анан Эмманы бир болмого жаткырып коюп озу оозгу болмого жатып алды.Шамбет коп ойлонду.
«СЕЗИМ СЕРЕСИ»
Дуйнодо озундой жалгыз адам жашабасын деп тиледи, Эмманын бараар жерим жок дегенине боору ооруду, анын жаштыгын аяды, жардам берууну ойлонуп кеч уктады. Катуу уктап калган экен, бир нерсенин дабышынан улам ойгонуп кетти, ынгырана копко жатып анан кийинип чыгып ашканага баш бакса Эмма кечки идиштерди жууп жатыптыр, устолду тазалап шыпырып коюптур. — Кандай эс алдын, Эмма? — деди акырын баш багып. — Эн сонун,- Жарк эте кулгон Эмма бери бурулду, — Озунуз кандай эс алдыныз?
— Эн жакшы уктадым, уктай берсен болмок. — Бул менин адатым. — Кемпирсинби?
— Эмнеге? — Карылар эрте ойгонот, уйкусу жок болот. — Анда менин мээм картайган чыгаар. — Кантип мээ картайсын?
— Коп ойлонуудан.
— Коп ойлонбо, кудай жакшы коргон адамын кыйнайт имиш. — Ошондой бекен? — Ооба, женилсен женилип кала бересин, женип чыксан бактылуулука жетесин, кана чай ичебизби?
— Чай даяр. — Азамат,жакшы ашпозчу болчудай экенсин, — деп Шамбет ваннага кирип кетти, Эмма ийин куушара: < Кызык адам экен, картайганы м.н жузундо андай корунбойт, суйлогон созу токтоо, аялга тийишпегени эмнеси, мындан улуу адамдар м.н болуп жургонумду жашырганым жок, ашпозчу кылгысы келеби, балким кызматчы керектир>, — деп ойлонуп туруп калды. Шамбет бети-колун жууп келип устолго отурду. — Чай ичиниз,- деп чай сунду Эмма. — Кудай жалгасын. — Рахмат. — Уйдо бир кожейкенин бары жакшы тура,- деди Шамбет чайдан ууртап коюп Эмманы сырдуу карады,- Жалгыздык жаман экенин эми сездим. — Коюнузчу, кантип эле? — Ооба, мен сени коргондо гана сездим. — Кызык экен, а мен ото жашымда сездим. — Ошондой,- деп ойлуу чайдан ууртады. — Тарбиячым ата-энемдин балдар уйундо осконун айтканда жаман ыйлагам.
— Аянычтуу, бирок тагдырды озгорто албайсын да. — Билем, бирок ошо тагдырыма таарынам. — Таарынба, суран- тилен, кудай жаштын тилегин берет дейт. — Кой, жомок айтышпай тамакты алып келейин. — Тамак да жасап жибердин беле? — Алда качан тургамын, сизден сурабаганыма кечириниз. — Ой анын эмнесине кечирим сурамак элен, сонун болгон тура. — Анда алып келейин,- Эмма тамагын алып келди, Шамбет Эмманын уй ишине тын экенин байкады: < Эл эмне дээр экен, кызындай немени алып алыптыр десечи, уулум бой тартып баратат, ал мени тушунобу, же колуна акча берип соода кылып жаша деп жонотуп жиберсемби> , — деп аны улам карап коюп ойлонуп жаты. Экоо ундобой отуруп тамактанышты, анан Эмма Шамбетке карап бирдеме болуп турганда:
— Суйло,-деди Шамбет. — Мен эми кетейин, сизге рахмат.- Кайда барасын?
— Сизге жуктонгонумда болбос….
— Эмма,эгерде бараар жерин болбосо ачык айт. — Чынында жок, бирок..,
— Бул жерде калгын келбейби? — Сизге оорчулугум тийбес бекен? — Кайдагы созду айтпа Эмма,чын суйлоп ачык айтканга уйрон. — Жарайт, бараар жерим жок, батирге акчам жетпейт, <иштегеним> кунумдук тамагыма зорго жетет, — деди жер карай. — Анда кетем дечу болбо. — Канчага чейин тураар экенмин? — Бутуна тургуча же куйоого тапканча, — Шамбет шарт бурулуп болмосуно кирип кетти, Эмма ундогон жок, бир ордунда тура берди, кеткиси келбеди, Шамбеттин мунозу жагып калды, тундо озуно тийбегени адептуулугу деп ойлоп ичинен сый корсотууго даяр эле, бирок оюнда ага омур бою кызмат кылууга даяр: < Балким ар ким м.н жургон ыплас аял деп жийиркенгендир> ,- деп да ойлонуп жиберди.Тээ бир- эки сааттан кийин болмодон чыгып келе жатып Эмманын баягы жерде тикесинен турганын коруп: — Ой сага эмне болду, отуруп телевизор кор, же видик кор,- деди ага. — Макул, байке. — Эс ал, кароолчудай какайбай, — деп ваннага кирип баратканда телефон чырылдап калды, Шамбет артына кайрылып трубканы алды, — Ало, угуп жатам, да-да эн жакшы, уйун таптынарбы, суроттогу аял бекен, жарайт-жарайт, иштеген жерин дагыбы? Ооба-ооба, дал ошондой кылгыла, адегенде экоону тен алып баргыла, анан озум барам, макул,- деди да турупканы коюп кайра туалетке кирип кетти. Эмма телевизордо кызыктуу нерсе жогунан двиди койду да, кино коруп отуруп калды. Кечке экоо эки болмодо отуруп кечки тамакта чогуу устолдо отурушту. Эмма озу чынында уй ишине тын, илберинки кыз, шыпылдап озу баарын жасап журо берди. Учунчу куну Шамбет телефондон бироолор м.н суйлошту да кайдадыр кетмек болуп баратып:
— Эшикти илип ал, келбей калышымда мумкун, зарыл иш чыгып калды, сен уйдон чыкпа макулбу?-деди.
— Жарайт, эч жакка кетпейм.
— Анда эшикти илип ал,- деп чыгып кетти. Ал сыртта кутуп турган машинага тушту да жоноп кетип ээн жердеги бактуу дача сымал уйго келип тушту.
— Баары даяр, козроду байлануу,- деди Бакыт. — Эн жакшы. — Кире бериниз. — Бара бергиле,- деп терезлери чон, кенен уч-торт болмолуу уйдун торуно отуп буту колу байланган, козу танылуу аялды тааныбай копко карап турду, анткени Кундуз абдан толуп кеткен эле, козу танылуу болгондуктан : < Башка аялды алып келип алган эмеспи>,- деп туруп калганда:
— Сен кимсин,мени эмнеге алып келдин? — деп жиберди Кундуз тыбырчылай, — Оло албай жургон эмесин го ээ? — Жок, киши олтургонду уйронойун деген немемин.
— Эмне, сен кимсин, унун тааныш, эгерде куйоом билсе тируулой асып коет. — Ошончолук каардуубу? — Колунда бийлик бар, билесинби, ал деген бандиттер м.н байланыш, силерди атып коет. — Балким мурдатан эле ошондойдур? — Кимсин деп жатам,эмчектеги балам калды уйдо. — Куйоонду суйосунбу? — Суйбосом тиймек белем. — Аялы м.н балдарын сен учун кыйып салдыбы? — Сен кимсин, ушу сени корсом тааныйт элем, кое бер мени, балдарым эмне болду?- деп буту колун кыймылдатып бошонууга аракеттенип жатты. — Куйоон кайда? — Жумушунда да. — Канча балан бар? — Учоо. — Балдарындын санын билбейсинби, же башка баланды балам деп атоого тыюу салды беле? — Эмне, кайдагы бала? — Аргенчи? — Сен… Сен Шамбетсинби? — Кундуз башын которду. — Шамбет, кечир мени, мен куноолуу эмесмин, баары Бектурсундун кесепети,- Кундуз ыйлап кирди, — Кечир мени, Шамбет!
— Сен мени ким м.н чаташтырып жатасын? — Аа-а, башка болсон мени неге тескейсин? — Куйоону кор туткан, саткан аял оз жазасын алышы керек го? — Шамбетти мен саткан жокмун, Бектурсун сатты, ал мени зордоп алып баса берди,- деп жанталашып жатканда аркы болмодо оозу-козу танылуу Бектурсун баарын угуп: < Демек кеткен келет, кетменделген келбейт деген ырас экен да, каап ажалын жок шоорун бар экенсин, ушул жерден аман-эсен чыксам колума тируу тийгизип теринди тескери гана сыйрыбасамбы, кек алгысы келген экен да, тиги канчыкты кара, ага жалдырап жатканын, катынга ишенбе деген ушул>, -деп ойлонуп жата берди. Бир кезде Шамбет Кундуздун оозуна скотч чаптады да аркы болмого кирди, Бектурсун дагы дал Кундуз сымал буту-колу, козу байлануу жаткан. — Куш келипсиз?-деди Шамбет унун озгорто. — Сен кимсин, мени эмне максат м.н алып келдин? — Куноосузсунбу? — Куноом жок, аялымды эмнеге алып келдин, эмнеге аялга тийишесинер? — Аялынбы? Балким ал башка аялдыр? — Менин аялымдын унун тааныдым го? — Бас жаагынды! — Шамбет аны кочукко бир тепти, — Суйло, Нурматты эмнеге олтурдун? — Эмне?! — Бектурсундун уну калтырай тушту, — Кайсы Нурмат, мен андайды уккан эмесмин. — Жанынды жебе, кимди олтургун келгенин ачык айт! — Сен кимсин? — Менин ким экенимди сурабай эле кой, суроого жооп бер. — Эчкимди олтургон эмесмин. — Жан кечти, бироонун катыны кыз корундубу? — Эмне, дуйнодо катын алмаштырган мен экенминби? — Акмак, сендейлер жашоого акысы барбы, айтчы озун? — Ким акмак, мен киммин билесинби, турмого отуруп калба, — деп тыбырчылап бошонууга аракет кылып жулунуп кирди. — Шашпа, кимибиз турмого, кимибиз тигил дуйного бараарыбыз чечиле элек, сен бул жерден кетем деп ойлобо, бир жолу отургуздун турмого, эми кезек сенде! — Мени бул жерге камоого акын жой! — Аны сенден сурабайм. — Сен кимсин, бул жерге эмнеге алып келдин? — Али тушуно элексинби? — Тушунгонум жок!- деп дагы булкунду эле Шамбет дагы тээп жиберди, катуу тепти окшойт, Бектурсун бакырып жиберди. — Тушундунбу? — Ооба, демек сен Шамбетсин. — Менин жоготкон жылдарымды толоп бересин. — Кантип, отконду калбыбына келтирууго болмок беле? — Сен келтиресин, башын м.н жооп бересин. — Шамбет, антпе, эмне десен макулмун, дунуйомду аянбайын. — Олсон дунуйон меники эмей кимдики болмок эле? — Кундузду кайра ал! — Аны сени м.н бирге узатам? Ошончолук жакшы коросунбу? — Жок-жок, бирок жанылдым-жаздым, Шамбет, -деп жатканда Кундуз буларды угуп журогу сыздап отконун эстеп коз алдынан чубуруп отуп жатты, кыйкырайын десе оозу бек, аргасыз жашоодон тунулуп ыйлап жатты.
— Акчанды, уй-мулкунду азыр машина жиберем, ошого жуктосун,- деди да Шамбет телефонду алып келип,- Номеринди айт,- деди. Бектурсун калчылдай уй номерин айтып берди, Шамбет терип туруп гудок кеткенде кулагына такады, — Шашпай айт. — Ало,ало,- Бектурсун калтырап айта албай жатты, Шамбет ошол убакта колундагы оюнчук пистолетти чыкыйына такаганда ого бетер журогу тушуп, — Ало,ало жене, уйдогу эмеректердин баалуусун, чет элдик килемдерди, акчаны барган машинага жуктоп жибергиле, ооба-ооба, мен башка ишке которулдум, ооба жене, аа-а акчабы? — Колдору, буткон бою калчылдап, жаактары туйуло ийрилип жатты,- Акча торку уйдун торундогу дубалда сейф бар, а-а баса стенканын артында, ачкычы ошонун артында илинуу,- деди да туйуло бурушуп жатып анан кайра башын которду,- Жетиби,деги ушуну м.н кутулдумбу? — Бас унунду, омурунду берсен да кутула албайсын! — деп опко тушка бир тепкенде <ык> дей тушуп унчукпай калды,- Ичин ачышып жатабы, менин жоготкон жылдарым сенин жанынды жыргатты беле, мени каматып рахат алдын беле, келбеске кетти деп чырагына май тамды беле, кан куткарбайт дегенди билбейсинби? — Дагы тепти. — Жок-жок, мен олтургон эмесмин. — Боодо олгон Нурмат тушуно кирди беле? — Жок-жок Шамбет,алаарынды алдын, мени бошот,- Жалдырай баштады,- Айланайын Шамбет, олтуро корбо, кулун болоюн. — Жан таттуу бекен? — Таттуу экен ырас. — Нурматты кокусунан олтургонун учун окундун беле? — Окунбой анан. — Жакшы итин олсо да кеп кыласын, ал адам го, сенин кетменинди чаап сени сыйлаган адамдын уйбулосун кайгыга салып, кан жуткурдун, мени киши олтурду деп жалаа жаптын да куйругунду туйуп жоголдун, чыпалагына тикен киргендей болгон жок да ээ? — Тээп-тээп жиберди, Бектурсун онтолоп жиберди, Шамбет сыртка чыгып Бакыт м.н Буркутко буйрук берди да кайра кирди. — Шамбет, мени кечир, кое бер эми балдарымдын кунун коройун. — Сенин жашоого акын жок,- деди да жанына келди,жини кайнап кирген буурадай бакырды,- Бул биринчи жылым учун, бул экинчи жылым… — деп тепкилей берди эле Бектурсундун оозунан кан кетип кынылдап жатты, коптон кийин озун кармай анын оозунда сокч чаптады да чыгып кетти, сыртка чыгып аркы-терки басып, башын ченгелдеп жини кайнап Бектурсунду буктоп койгусу келип турду, бирок: < Ал омур бою менин колумдан итче тамак жеп,бакача секирип, жыланча сойлоп, карышкырдай улуп жашап отот>, — деп ойлогон оюна озу каткырып ийди. Дачанын кароолчусуна барып бирдеме дайындамак болду, ал озу озуна: — Иним,эмне дайындайын тушко?- деди. — Эмне болсо да дайынданызчы, кыскасы даамдуу болсун. — Жарайт иним, жарым саатта даяр болот. — Тездетиниз, жакшынасынан болсо анданда алып келиниз. — Табабыз,- деп ары басты. Шамбет суу жээгинде басып журуп Кундузду ойлонуп жатты: < Адегенде биз абдан ысык элек,торобой торт-беш жыл журду, ошол убакта деле мени жакшы корчу, балам озумдуку, эмнеге аны иштете койдум>, — деп ойлонуп Бектурсун Доолоталиевичтин айдоочусу болуп жургон кезин эстеди, ошондо: < Шамбет, мейманкана деген мейманкана, эгерде аялынды иштетип койсон пайдасын коросунор, сен учун айтып жатам, баары сеники болот, сени жактырып калганымдан улам айтып жатам>, — деген кулагына угулду, бул кезде Кундуз тороп уч айлык болуп калган. Арадан дагы эки ай откондо дароо озуно башка айдоочу таап, Шамбетти мал доктурдун шопуру кылып койгонун эстеди: < Демек ошондо эле башталган экен, кенкелес башым, эчтекени байкабаганымды кара, билгенимде экоону тен олтурмок экенмин>, — деп муштумун туйуп алды: < Эн-ненди, окшошкон шуркуялар, бузукулар> , — деди да жугуруп Кундузга кирди: — Шшур-ркуя! -деп жакасынан бекем кармап муунта баштады,- Менин артымдан кытмыр кулуп, ойношун м.н ойноп-кулуп жургон экенсин да, сенин айындан апамды корбой калдым, он торт жыл бейкуноо азап тарттым, апам он торт жыл жалгызынын караанын коро албай арман м.н отуп кетти, ошонун баарына жооп берууго убакыт келди! — деп колу карышып Кундуздун деми чыкпай жатып калды, коркуп кеткен Шамбет: < Мен жинди болдумбу, киши олтурду деген жаман атты ансыз да моюнумда, дагы камаламбы?> , — деп турмо козуно элестеп кетип Кундуздун оозундагы скотчту алып озуна озун алып барып соруп кирди. — Оо-ох! — деп жиберди Кундуз,- Олтурбочу Шамбет… — Жок-жок, олтурбойм,- деп жаагын сылай эс алаары м.н суйлоп же кыйкырып ийеби деп кайра скотчтоп салды: < Этият болушум керек эле, олтуруп албашым керек>,- деп ойлонуп сыртка чыгып кетти. Ошол кезде чон машина келип короонун тушуна токтоп калды, Бакыт м.н Буркут тушту, алардын артынан учоо жерге секирди. — Баары аткарылды, Шаке,- деди Буркут. — Эн сонун, артынардан эч кандай машина же бироо ээрчиген жокпу? — Жок, биз жолду адаштырып журуп айланып келдик, эч кандай шектуу нерсе билген жок. — Азамат! — Бул акчасы,- деп пакетти карматты. — Канча? — Санаганга улгурбодук. — Макул, жукту тушуруп ичке киргизгиле. — Жарайт Шаке, анан кете берсек болобу? — Болот менден кабар куткуло. — Кеттик,жукту тушургуло,- деп Буркут балдарга буйрук берип Шамбеттин жанында турду,- Только жаны, кымбат,чет элдикин алдык,керектуулорду да унуткан жокпуз, кыскасы сизге жактыбы? — Мааниси жок. — Неге, баары чет элдики экен. — Ошонусу жакшы, бир жумадан кийин айылга алып кетем. — Жакшы,баса жакында < Артур папаша>, кутулат экен. — Кабарым бар. — Тосуп алууну ушул жерден уюштурабыз го? — < Тигилерге> чалыш керек. — Алар оздору алып келет. — Мен неге аны билбейм? — Шамбет бийик кабагын туйо карады. — Жаны гана уктум, балким тигил уйго чалгандыр,- дегенде Шамбет Эмманы эстеди: < Ал бир нерсени билсе качып кетпегей эле, телефонду очуруп койбой>, — деп ойлонуп артка басты. Четелдик креслолор, диван спальный,сервант, шифонерлер, кузгулор, эми баары башкача кооз, алар м.н бирге муздаткыч дагы келген экен, эки турлуу муздаткыч,килемден эле алтоо келиптир, коз жугурто карап: — Болгону ушулбу? — деди. — Ооба, эскилерин албадык. — Мейли, балдарына кала берсин, тигил аял м.н куйоосуно тамак берип турганга бир-экоо калсын, бир айга чейин кармалат,- деди. — Жарайт, Вулкан м.н Жаа калат.
Уландысы бар…