3-БОЛУМ.
*******
— Бектурсун аке,мен жинди болуптурмунбу? — Болбосо ким атат,короче озун мойнуна аласын,-а мен акырындык м.н бошотуп алам, созубуз бир болсун,сен екоонор уруша кеттинер,анан ал сени сокту,жаман соз м.н кордоду ачуун келип анын колундагы чып этмени алып атып ийдин, жок-жок,- Бектурсун башын ченгелдеп жандалбастап жатты,- Ал сени атмак болду,сен озунду коргодун, ушундай эмеспи ээ?-деп козунун тобосу м.н карап сынап турду.- Кантип,андай болбосо кантип айтам? — Деги башын жок экен, же мени атты деп турасынбы?- деп орондогондо Шамбет ага соз кайтара албады:
— Мен калпты айтып конгон эмесмин аксакал, боодо камалгым келбейт,-деди унуройо. — Анда мени кармап бергин келип турабы? — Жок-жок,бирок чындыкты айтыш керек. — Чындыкты кайдан табасын? — Кекете карады. -Анан камалып кетмек белем? — Камалбайсын, сени мен куткарып алам, эптеп алаксытып туугандарын тынчытсак андан кийин сени куткарып кетем. — Кыз-зык, куносуз куноолуу болот экенмин да? — Айла жок,сен милицияга озун бар,мен суруштуром, баким куноолууну таап калабыз,-деп Бектурсун аны кыйды карап коюп унаанын артын ачты,- Эптдп салып баралы да аттуу-баштууну чакырып уйуно жеткирип угузуш керек.- Кантип угузуу керек,киши колдуу болгонун укканда соо койбойт да?- Шамбет калтырап коркуп турду,- Конторго барабызбы? — Ооба,-деди да Нурматтын жанына келди, — Котор! Экоо аяк башынан которуп арткы отургучка жаткырышты да жоноп кетишти, Шамбеттин аргасы кеттип кулагына эч нерсе угулбай кете берди. Айылга келээри м.н конторго келип эле участковыйды чакырды, Шамбет коридордо аркы-терки басып турган, аны эки милиционер келди да колуна кишен салып алып жоношту.- Мен куноолуу эмесмин,аныктап туруп анан кармабайсынарбы? -деп жулунду эле ага кулак салышпады,анын унун уккан Бектурсун мыйыгынан куло жылмайып алды да:< Ажалын жок экен, шорун бар экен,эми тор артында жашай бер>,- деп ойлоно оор курсуно ордунан турду. Кеч куугумдо Нурматты уйуно алып барышты, элдин оозун ким тыймак, ар кимиси ар кандай созду айтып жакасын кармап шыпшынып жатышты. Шамбетти тундоп районго алып кетишти, эртеси уккан Толгонай директордун кабинетине келди.- Келиниз,-деп кайдыгер орун корсотту директор.- Балам,сен дагы бироонун баласыдырсын, Шамбет менин жалгызым,олсом комоорум эле, бироого жамандык каалачу эмес, калп да айтмак эмес, бийлигине таянып баламды каматкын келдиби, андай эле аялы керек болсо балама асылбай эле алчунду алып кетпейт белен,эми мен олсом топурак салаарым жок ким комот?!
— Эне,андай эмес, баланыз экоо уруша кетип озун коргойм деп жатып атып алыптыр,мен алардын жаныда эмес элем,-деп ордунан тура калды,ал Толгонайдын Шамбеттин апасы экенин эми билген эле. — Жо-ок балам,сен коз коруно жалаа жаптын уулума, Кундуз экоондун кандай мамиле бар экенин угуп билсем дагы айткан жок элем, эси болсо тыйынаар дегем, балама эмес сага тийет убалы, моюнунда калды, менин коз жашым м.н олгон баланын тууган-туушканы, аял бала-чакасынын убалы сенде, жакшылык корбо балам, башка айтаарым жок!- деди да кабинеттен чыгып кетти. Бектурсун Доолоталиевич зынгырай отуруп калды:< Ка-ап иттики, туура кылган жокмун, кокус Шамбет олсо деле менден кормок экен, элдин ушак кылганын билбегенимди карачы>,- деп ойлонуп дароо районго телефон чалды: — Ало, Исакович кандайсыз, бала-чака чоноюп жатабы? Ооба-ооба,бир иш болуп калды, эртен жолугайын одунузда болосузбу? Ма-акул-макул, тушко чейин барып калам, давай-давай, -деп турупканы коюп койду да ордуна туруп аркы-терки басып:<Демек бул жерден которулуп кетишим керек, баары тангалгандай болсун, мен эбин таап кутулдум, Шамбет тутулуп жата берсин>,- деп ойлонуп жатты. Ошол кезде башкы бухалтер кирди. —
«СЕЗИМ СЕРЕСИ»
Жолдош Бектурсун Доолоталиевич, олгонго акча керек деп жатат, айлыгын беребизби? — Айлыгын,ага кошуп аппараттан акча чогулткула, — деди Бектурсун Доолоталиевич. -айлыгынан сырткары эки мин сом чогултуп бергиле.
— Жарайт,-деди да чыгып кетти. Бектурсун Доолоталиевич жаны жай албай жатты, Толгонайдын айтканы кулагынан кетпей туруп алды:< Куткарганга аракет кылып кором,болбосо кете берсин>,-деп кенебей кабинеттен чыкты… Шамбет СИЗОдо жатты,ошол кунду эстеп алып:< Демек башка бироо эмес, Бектурсун кылган экен,неге ага очошту экен,эмнеге мага турто салды,оз аброюн сактагысы келдиби,киши олтурду болуп жалган жеринен куйуп кетемби, балким созуно туруп куткарып алаар,ал жерде эч ким жок болчу, демек атайын аткан экен>,-деп ойлонуп жатып уктап кеткен экен аны турткулоп ойготуп жатыптыр. — Эй тур,жолукканы бироо келди.- Ким экен?- Апан болсо керек,-дегенде Шамбет тура калып милициянын коштоосунда чыгып келатып апасын коруп боору ооруп кетти. — Каралдым ай!- деп жуткуно озун коздой бой таштады Толгонай,- Каралдым,акбалын кандай?- Кучактап алып солкулдап жатты. — Апа,менде куноо жок,ким атканы белгисиз,табылат апа, кейий бербе,-деди да чыдай албай озу дагы солкулдап ыйлап ийди,- Кундуз келбедиби, апа? — Ал келген жок балам,ал сени чындап киши олтурду деп жинденип жатат. — Ага тушундуруп айт,апа, мен эч кандай киши олтургон жокмун, кутсун мени, акыры акталып чыгам,- деп устолго келип отурушту. — Уулум,районго же исоолкомго, болбосо обласка арыс жазайынбы? — Жок апа, менин эч кандай куноом жок,баары бир акталам.- Тилегин кабыл болуп кудай озу жар болсун садаган кетейин, кардын кандай болуп жатат, а-а эсин курган жаным ай,тамак бышырып келбедим беле? Муздай электе ичип алчы балам,-деп баштыгын бери тартып алып ичинен битон алып чыкты,кесе кашык алып колдору калтырай куюп бермек болгондо: — Апа,бул жерде ичкенге болбойт,-деди Шамбет. — Ийе кокуй карангун,оз колум м.н берейин дебедим беле? -деп наалый кайра жапты.- Озум ичип алам апа,эми бара бер, Аргенди ооп кой, Кундузга айтыныз эч качан ушакка ишенбесин, мен куноолуу эмесмин. — Айтам каралдым,эми бир кудайдан башка арга жок,кантейин. ..
— Толгонай мункана коз жашын жоолугунун учу м.н аарчып, баласын бекем кучактап эки бетинен ооп чыгып кетти. Селдейип отурган Шамбетти милиция алып кирип кетти, тамак куюлган идишти алып алды. Чынында журогуно эч нерсе барбай калган, арадан он кун отсо дагы Кундуз басып келбеди,ал торкунуно кетип калган эле, бир уйдо Толгонай жалгыз кала берди, эртели кеч сыртка чыкканы болбосо эч ким жашабаган уй томсоруп турат. Бир ай болгондо Шамбет акыйкат издеп жогорку сотко арыз жазды,бирок жооп келбеди, Доолоталиевичтин жыты жок жоголду. Ошондо Шамбеттин кыжыры кайнап:< Сени мен атып койсом болмок экен, мындай болоорун ким билиптир, демек оз башын калкалап мени кармап берген экен>,- деп ойлонуп кылаар айласы жок тордун ичинде муштумдары туйуло калып жатты. Кундуз бир басып келбеди, Толгонай бужурой бир-эки кундо келип турат, эне бечаранын оюна койсо эле бары ойдогудай болоорун сезип тургандай, козу корбосо дагы кокурогу туюп,сезип тургандай, Кундуздун кетип калганын айткысы келбей алаксытып анан кетет. Кары баарынан дагы небересин ойлоп жатты. Шамбеттин жакын тууганы болбогондуктан мындайраак туугандары аны капарына да алган жок, кайра аны жектеп оздорунчо кеп кылып калышты. — Жалгыз башына эмне куч келди,-деди атасына ага-ини туугандары Болокбай,- Катынын коруй албай бироону олтуруп. — Ошону айтсан, эми оз азабын тартып жата берсин. — Аны коргойбуз деп бир балээге калгыдай акыбал жок да. — Энесине кыйын, ээн тамда чукодой болуп жалгыз калды. — Эртен соту болот имиш го? — Соту болсо барып коелу. — Барганда эмне, же бир ооз соз айта албасан,- Болокбайдын аялы куйоосун жактырбагандай карады,- Мал доктур ага эмне кылды десен? — Ошону айтпайсынбы, директоду олтурсо дагы бир себеби болот эле го,жигит экен дейт элек,- деди Кийизбек. — Эмне болсо ошол болсун,-дешип жатты. Куз айында Шамбеттин соту болду,ал чынын айтып какшанган м.н эч нерсе чыкпады,кайра камап койду,акыры баягы Бектурсун Доолоталиевич айткандай корсотмо жазып берди, озун калкалаган, коргонгон деген жыйынтык м.н он алуы жылга соттолду. Тыюу салынган куралды алып жургондору учун дагы айыпталды, ошентип Шамбет биротоло кесилип Фрунзедеги Молдовановкага жонотулмой болду. Эми турмонун машинасына салганы жатканда Толгонай босогодо отурган экен, буркурап келип уулун кучактап калды. — Каралдым ай аялындын гана азабынан кеттин го?- Суйлоорго алы келбей солкулдап жатты. — Апа,анда эмне куноо, Бектурсундун кылганы. — Эми эмне кылайын, кутууго чыдай алар бекенмин? — Кут апа, аман тур, Кундузга баарын тушундурунузчу. — Уулум,мына бул каттан баарын тушуносун, кат жаз,барган жеринди айтып жаз,мен барам. — Болду,убакыт бутту!- деп милиция экоону эки болду. Апасынын акбалын коруп тиштенген бойдон козунун жашы куюлуп машимага тушоору м.н шарак-шарак этип эшиги жабылды:
<Бутту>,-деди Шамбет.< Бутту,эми мени ким коргомок эле, омурум турмодо ото турган болду, айла канча, апам бечарага кыйын болду. Кундуз бир келип койгон жок, ал мени кутпойт, балам дагы чоноюп мени жаман коруп калат го>,- деп ойлонуп кетип баратты. Зонага жеткенден кийин кийим алмаштырып жатканда эсине келип катты чонтогуно салды да хатага кирди,ал киргенде озунон башка уч-торт адам бар экен,бири келип аны ийинге таптай: — Ийи жигит суйло,- деди керсейе, чылымдын тутунун Шамбетке уйлой ага карап. — Суйлочу соз жок. — Эмнеге,биз суйлотобуз сени,- деп дагы бирине козун кысканда улгайынкы адам ага карап: — Оз ордунарды билгиле, кыскасы уруулук же зордуктоо эмес,<жигитче> отурган, тушунуктуубу? — деди эле ал унчукпай калды. Баарынан кызыгы Шамбетке отуз тортунчу номер туура келгени болду, жашы да отуз тортто эмеспи. Коп отпой эле Шамбетти ар кимиси келип коркутуп, кээси кирин жуудурмак болуп башкара баштады. Тамак ичип жатканда тамагын тогуп таштап ачка калчу болду, жедеп ачуусу келип кыжыры кайнаган Шамбет бир куну жаныга келген локойгон немеге:
— Тынч бол, болбосо эки буктоп коем,- деди. — Эмне-е,сен мени буктоп коесунбу?- Ал каткырып айланасындагыларга карады эле алар аны коштоп каткырып калышты, — Эй турчу ойдо!- деп жакадан алып ойдо тартканда Шамбет аны турто ийди. — Тур ары! — Эй, сен кимсин?- Тертендей мандайына келди.- Мен адаммын,айбан эмесмин, -дегенде отургандар карап калышты. — Бул жерге адамдар келбейт,ха-ха- ха! — Ошондойбу? -деген Шамбет аны кулак талаштыра койгондо ал учуп барып дубалга бир тийип отуруп калды.- Кармагыла! -деди аюудай айкырып, ошондо он чактысы Шамбетти тегеректеп калды,ал унчукпай коз кыйыгы м.н айланасын карап туруп калганда бири кол салды эле ал кандай учуп тушконун билбей калды, калганы жабыла кирди, ошондо Шамбет баарын тоголото коюп мышыктай болуп туруп калды. Биринчи тийишип жургон неме жинденип чыгып кетти: < Бул соо кеткен жок, дагы бирди баштайт>,-деп сактанып, сыртынан сыр билгизбей тамагын ичип болуп короого чыкканда дагы он чактысы аны тегерек теп калды. Алар м.н мушташып баарын ар жерге тоголото коюп анан эн биринчи тийишип жургон < Коля> аттуну кекиртегинен кармады. — Экинчи алдымдан чыгып кор, ата -бабандын артынан жонотом! — Жок-жок, экинчи мындай болбойт,- деп муунуп бараткан неме какап-чакап зорго айтты. — Акыбалын ушул болсо кайсы <авторитетинди> корсотуп журосун?- деди да ары коздой басып кетти. Ошондон кийин ага тийишкен эчким болбоду. Ож хатасындагы баягы Субан деген аны озуно журок кылып алып экоо чогту журо турган болду. Ал кат жонундо унутуп калган экен, апасын эстеп отуруп оюна тушту да катты ачып окуду, апасы сабаттуу эле, бирок катты озу жазбаган корунот,ал кат минтип башталыптыр: < Каралдым, кудайым озун куч кубат, омур жаш, денсоолук берсин,кантейиналладан амандыгын тилейин. Кундузду сурайсын балам, мында менин дагы куноом бар, ал директор м.н соо эмес деген соз мага эбак эле жеткен, сага айта албадым, очогунар бузулбасын дедим,акырындык м.н оз нугуна тушоор деп ойлодум эле. Кундузга эчен ирээт алттым,кулак салбады. Сени директорун атайын эле ошол учун каматты, Кундуз сен камалган куну эле торкунуно кетип калган, баланы ала кетти,ошончо эл угуп соз кылган ушак сага жетпеди балам, озун укканда мыдай болбос беле? Аттин, торумдон корум жакын калганда жалгыз тамда калып кокурогум орттонуп сенин келгенинди короор бекем деп жатам. Кокус олсом ыман айтылбай калат го каралдым. Эмнеси болсо дагы озуно тын бол,ар нерсени ойлоно бербе, директоруна кудай корсотоор, кудай де балам, Аман жур,апан Толгонай>, -деп жазылган катты мыжыга отуруп калды:< Демек ал атайын жасаган экен да, эн-ненди акмактар,ошол убакта укканда экоону тен кошоктоп мен олтурмок экенмин,> — деп башы ооруп чыкты. Он алты жыл, айтканга оной, бирок оной жыл эмес, кундор сабалаган куштай биринин артынан бири ото берди. Шамбетке Коля дос болуп калган. Кыскасы ансыз иш кылбайт, улам жаны келгендерге тийишип конгон Коля ундобой калган,башкалар тийишсе катыгын берет. Айланасында турмо законун эн жакшы билип он жыл отурган< Артык> деген Шамбетке дайыма акыл айтып оч алуунун жолдорун уйротуп келет. Озунун аты Доорон,бирок аны турмодогулор Артык деп аташат,ал дагы кезинде далайды коргон, эми зонадагылар ага баш ийишет, ансыз эч кимиси иш кылбайт. Турмодо жатып баарын уйронуп болгон Шамбетт коргон адам омурундо пендеге жакшылык кылат деп ойлобосо чындык эле. Он алты жылдын эки жылы амнистияга туш келип алынып он торт жылын отоп чыкты…. Бул кезде заман озгорулуп элдин соодага баш оту м.н киришкен убагы эле. Айыл аралап озунун уйун коздой жоноду,канчадан бери каралбаган там урап,кочо баштаган экен, кулпуну ачып ичке кирди. Орду-ордунда турат, апасынын кийген кийимдери илинип турган экен,аны коруп колуна алды да мурдуна алып барып жыттап буркурап ыйлап-ыйлап копко отурду,дубалга жолонуп алып:< Уч жыл,уч жыл чыдай албадынбы апа, жок дегенде уч жыл тура турсан оз колум м.н узатат элем го, ууч топурагым буйдубады го, тагдырым ушул болсо аргам канча>,- деп буркурап кийимин бекем мыкчып алып боздоп ыйлай берди, уй ичи чан басып кеткен, жууркан тошоктору жыйылуу бойдон турат. Кеч кирип айлана карангы кирип калганда сыртка чыкты, эки жагын тозгон чабаралар кыйрайып буткон,мал кирип алма-орукторун кажып коюптур, эшиктин алдында башын мыкчып копко отурду. Аны коруп жолдон бир адам басып келди:
— Балам,сен кимсин? — Шамбетмин аке,сиз Шадыкан акесиз го? — Ооба-ооба,качан келдин? — Кечээ чыктым….
— Жакшы-жакшы, кутулуп келипсин, боодо кеткенинди билем балам, жаман аял запкысы эрине, жакшы аял пайдасы элине деп коет, аялындын курмандаыгы болдун,- деди Шадыкан.
— Учурунда билбей калбадымбы, — Жер карай кункулдоду. — Бир кишинин кулагы керен,козу сокур деген ошо да балам. — Баламды бир коройун дедим эле, эртен уйго куран окутайын, атам м.н апама куран окутуп койбосом..
— Ооба балам,апандын аманаты бар менде, уч жылдан бери эки жагын карап турам,бечара Толгонай олоорундо сени айтып жатып коз жумду, сага берип кой деп бир уй, беш кой м.н беш мин сом таштап кетти, келсе кыйналып калбасын деди го байкуш. — Арга жок аке,эми ушул жерде болом го. — Ооба балам, эми байкап туруп жакшы келин болсо уйлонуп оокатынды кыл.
— Тынч жашайын, — деп Шамбет унчукпай калганда Шадыкан: — Журу балам, уйго кирип чай-пай ич,- деди кол жансай,- Сен эч кимден корунба балам, биз сени куноолу деп ойлогон жокпуз, жалгыздыгын сени кемитти, бийликтен пайдаланып директорун Кундузду шаарга алып кетти деп уктук, аялы м.н ажырашкан, балан таятасыныкында чоноюп жатат, тартынбай башынды котор балам,- дегени Шамбеттин конулун которду, эрээркетти, турмодон келди деп эл уркуп кетеби, чоочулайбы деп ойлоп турган. — Мейли, барса барайын, бироонун курмандыгы болдум,- деп Шадыканды ээрчий басты. Ал куну коп соз суйлонду,коргон- билгендердин баары Шамбетти жылуу коз караш м.н тосуп алышканына ыраазы болуп отурду. Конулу толуп, эмне дешет, турмочук деп айтабы деген ою артта калды. Бир гана окунучу апасынын козун корбой калганы болду. Элинин, коншу-колонунун колдоосу аны оз уйундо жашоого дем берип уйун ремонттоого киришти. Шамбет эми оч алуунун жолдорун ойлоно баштады, уулу Арген он торттон он бешке карап калыптыр, кайнатасы м.н кайненеси ага бет багып карай албады, жакшы жуз м.н тосуп алып Аргенди чакырып келип: — Уулум,мына эми атан келди, биз ачыгын эле айтчу эмес белек,- деди Карабек,- Атан м.н учраш,балам. — Уулум,мени м.н эки-уч кун уйго барып келесинби? — Барсын,бара гой уулум,-деди Шааркан шыпылдай. Чынында кызынын кылыгына уялып баш которо албай калышкан. Заман оошуп партиялык кызматтагылар мыйзамдан коркпой калган, Бектурсун чынында Кундузду катуу суйгон экен, анын айтканы м.н болуп козун карап турат, шаарда жон журбой кызматка турууга аракеттенип ар эшикти туртуп журуп райондук акимчиликтен орун алып иштеп жаткан. Шамбеттин келип эзелки кегин алаары тушуно дагы кирбей доолотуно дон уруп жургон кези, кайсы чон же кайсы оппозиционер кандидатурасын койсо жугуруп кошоматчылык кылып журуп жан бакканы баккан. Шамбет уйуно келип уулу экоо коп суйлошушту.
— Кундуз келип турабы,балам?
— Келет,балары м.н келет.
— Куйоосучу?
— Ал коп келбейт. Мага кийим-кече алып келип берет, мен анын алып келгенин кийбейм.
— Эмнеге?
— Ал сени каматып ийген да.
— Ал каматкан эмес балам, апана андай мамиле кылганын болбойт,- деп башынан сылап чекесинен ооп, — Сен акылдуу бала бол балам, жакында уйдун ремонту бутот, мен он кун бир иштер м.н кетемин, кайра келеминда чогуу жашайбыз, окуун башталгыча таятандар м.н бирге туруп тур, макулбу?
— Макул,ата.
— Садагам десе, эми сен чонойдун, баарын тушунуп калдын, эки кундон кийин мен кетем, эгер он кундо бутпосо бир айлап журууго туура келет,-деди Шамбет. Арген Шамбетке куюп койгондой окшош, кен далылуу, бойлуу, бийик кабак болуп осуп келе жаткан эле, уулун коруп озунун оспурум кезин эстеп ичтен сыза оор курсунуп алды: < Уулума татыктуу тарбия беришим керек, мен аталык милдетимди аткарышым абзел, тагдыры жакшы болсо экен>, — деп ойлоп Аргенди таятасыныкына жонотту, Шамбет акчадан кыйналмак эмес, аны чыгаары м.н Артур сырттагы < Смотряшийлерге > дайындап койгон, алар аны кутуп жатышкан эле. Шаарга келип эле аларга жолугуп болоор ишти айтканда Бакыт деген локойгон неме:
— Баарын билебиз, болгону бизге приказ бериниз,- деди. Шамбет аларды бир аз карап, буурул чачын сылай чонтогундогу сурот м.н аты-жону жазылган кагазды берди, алар Шамбетти баардык шарты бар уч болмолуу уйго алып барышты. — Сиз бул жерде болунуз, тамак- аш даяр, телефон чалып турабыз, бул жерге бизден башка келбейт,- деп ашканадагы шкафтарды ачып андагы ичимдиктердин турлорун, муздаткычтагы эттерди корсотту Буркут дегени, корсо ага баары баш ийишет экен. — Рахмат балдар, адегенде кайда жашаарын, иштеген жерин иликтегиле, — деди Шамбет.
— Жарайт.- деди Буркут, башын чулгуй сыртка жоногондо калгандары анын артынан чыгып кетишти, Шамбет туноро отуруп калды, устолдун устундо турган акчаларды колуна алып кайра коюп ойногону же ойлогону белгисиз, бир кезде ордунан шарт турду да сыртка жоноду, кайда бараары озуно да белгисиз, болгону шарак этип ачылган эшиктен чыгып кайра эшигин бекитти да ылдамдай басып ылдый тушуп баратып бироону сузуп алды:
— Аа-ай! — деген аял унунон башын которо калып:
— Кечиресиз,- деп жолун улады: < Картайган экенмин, жаш келинге суйлой албай калдым, кара чачтар буурул тартып калды, жаштыктын жакшы учурун турмо артында откоруп ийдим, пешене дегени ушул тура, какшасан келбейт отуз жаш>, — деп ойлонуп кете берди. Негедир ушул учурда ичкиси, конул ачкысы келди, бир жагынан куйут женип ичи ачышып жургон неме бир кофеге кирди. Четтеги жалгыз отурган кыздын жанына отурду, башка орун жок, баары толо эле.
— Саламатсыз, -деп койду тиги кыз жылмая, озу татынакай, бирок кызуу, алдында ботолко арак м.н стакан гана турат. — Саламат, — Шамбет ага конул бурбаганга аракет кылып официантканы чакырды- Чон кыз, келип коюнузчу. — Кандай заказ кыласыз, менюдан корунуз, — деп менюну алдына коюп ары жактагы чыкырыкка жоноду. — Сиз дагы жалгызсызбы? -деп тигил кыз дагы жылмайды. — Ооба,- деп терс карады Шамбет. — Мен дагы жалгызмын, омур бою жалгызмын…
Уландысы бар…